Даанышман заттар айтышат:
Биздин динибиз жакшылык кылуунун, мээримдүүлүктүн
дини. Курани каримде: "Аллах жакшылык кылгандарга сөзсүз жардам кылат, бергендерди сүйөт”, - деп айтылууда. Аллах берген адамга берет.
Берүү – бул адамдагы өзгөчөлүк, көнүмүш адаты болуп саналат. Негизи адамдардын
көбүнчөсү сараң болот, берүүнү жактырбайт. Ошондуктан да, дарттан кутула
албайт, себеби, бир жерден жылбаган суу кирдеп-жыттанып, микроптордун булагы
болот.
Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам”
Мединага хижрат кылганда: "Эй, Асхабым, эки нерсеси бар болгон
бирин берсин, эки үйү болгон бирин берсин, эки хурмасы болгон бирин берсин, бир
хурмасы болгон жартысын берсин!” – деп буюрган. Эмне үчүн берүүгө
үндөгөн? Себеби, бир күнү жаныбызды беребиз. Бир адам берүүгө үйрөнбөсө эң
баалуу барлыгы болгон жанын кантип берет? Өлүм азабын эң көп тарткан, эң кыйын
жан берген момундар - дүнүйөдө берүүгө үйрөнбөгөндөр. Азыртадан өзүбүздү
көндүрүшүбүз керек. Убактыбыздан, мүмкүнчүлүгүбүздөн Аллах жолунда берели,
кедей-кембагалга садага берели. Мындан пайдалуу чыгабыз. Жардамдан баш
тартпайлы, жардам берүү деген каалообузду мокотпойлу, жардамга муктаж болгон
досторубузга тирөөч бололу. Себеби, садага берүү башка түшчү балээлерди кетирет.
Пайгамбарыбыз: "Ооруларыңарды садага берүү менен айыктыргыла!” –
деп буюрууда. Тамак жегизели, кийим, акча, жарык маанай берип, зыярат кылып,
бир тууганча аралашалы.
Эртең өтө кеч болот. Жашап турган бүгүнкү күн
маанилүү. Эртеңкини ойлоо, эртеңкиге карап эсеп кылуу балээнин башталышы болот.
Колубузда кандай кепилдик бар? Балким, акыркы күнүбүздү өткөрүүдөбүз, балким,
акыркы намазыбызды окуудабыз, балким, акыркы демибизди берүүдөбүз.
Ислам ааламынын башына түшкөн кара булуттар,
кыйынчылыктар бекерге эмес. Курани каримдин биринчи башталышында эле: "Бергиле!”
- деп буюрулган. Адам баласы сараң болот, өзүмчүл болот, өз мүлкү
сыяктуу бардык нерсеге түбөлүк ээ болом деген акмактык ойго берилип алат.
Бирок, мүлк Аллахтыкы. Мүлктүн бизге тийиш болуусу биякта турсун, биздин
денебиз дагы бизге тийиштүү эмес. Ар күнү миңдеген адам өлүүдө. Кайда калды
алардын мал-мүлкү, армандары, мүмкүнчүлүктөрү? Баары бүттү, куру кыял болду.
Макул, алар адам болушкан, а бирок, биз дагы адам эмеспизби? Биз адам болсок,
алар адам эмес беле? "Сен алып түгөткөн эмес, сен берген мал-мүлк
сеники” деген хадиси шарифти ойлонуу менен колубуздагылардын бизде
калуусу үчүн кайрымдуулукка, кайырлуу жерлерге сарпташыбыз керек.