Даанышман заттар айтышат:
Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн эне-атасы андан
ыраазы болмоюнча бир адам Аллаху тааланын сүйүктүү кулу боло албайт. Жакшылыкка
жетүүсүнүн себеби – эне-атасынын дубасы. Дин улуктары: "Энесинин
көңүлүн ооруткан адамга кылына турчу дуба кабыл болбойт. Эне-атанын дубасын
албаган адам бизден дуба сурабасын”, - деп айтышкан.
Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн, Ахли сүннөт ишеними
менен өстүргөн эне-атасын таарынткан, ыраазылыгын, дубаларын ала албаган адам
өлгөнгө чейин башын саждадан көтөрбөсө да Тозоктон кутулуусу өтө кыйын.
Олуя заттан бири шакирттери менен бирге отурганда
сырттан бир шакирти кирет, бир нерселерди айткандан кийин мындай дейт:
- Устаз, баланча киши дагы сизден дуба сурап
жатат.
Ал зат мындайча жооп берет:
- Мен дуба кылсам Аллаху таала дубамды кабыл
кылбайт.
Бардык шакирттери таң калышат, себеби, дуба
сураган адам өтө көп жакшылык кылган достору эле. Анда мубарек зат сөзүн
улантып мындай дейт:
- Эне-атасынын дубасын албайт. Алардын дубасын
албаса Аллах андан ыраазы болбойт. Аллаху таала ыраазы болбогон адамга мен дуба
кылсам эмне пайда! Менин ага кыла турган дубам кабыл болбойт. Пайгамбарыбыз
"саллаллаху алейхи ва саллам”: "Эне-атасынын дубасын албаган
адам Аллахтын ыраазылыгына жете албайт”, - деп айткан, бирок, мына бул
бир тууганыңарга дуба кылсам кабыл болот, себеби, ага энесинин көп дуба
кылгандыгын уктум. Ушунчалык ыраазы болгондуктан: "Уулум, сага күндүз
кылган дубам мени канааттандырбай жатат, сага дуба кылуу үчүн атайын түнү
турам. Йа, Рабби, мен бул уулуман ыраазымын, Сен да андан ыраазы бол! Анын
кармаган ташын алтын кыл деп дуба кылуудамын”, - деп жаткан экен. Ошондуктан,
ага дуба кылсам кабыл болот.
Дагы бир мубарек заттын шакирти устазына буларды
айтат:
"Атамдын өлүмүнө 2-3 саат калганда анын
дубасын алуу насип болду, мага дуба кылды, андан кийин кайтыш болду. Балким
сизди таануума атамдын кылган дубасы себеп болгон чыгар. Ал убакта 13-14
жаштарында элем. Атамдын абалы өтө оор болчу, бирок, акыл-эси ордунда эле. Үйдө
жаткан. Бир күнү апельсин жегиси келди. Дароо чыгып апельсин алып келдим. Тез
аарчып, бир нече тилим оозуна салдым. Оозуна алып, эки-үч жолу суусун сорду,
"болду балам, буларды ал" деп оозудагы калдыгын чыгарды. Мен болсо "уулум
менден жийиркенди дебесин” деп оозунан чыгарган апельсиндин калдыгын четке алып
салбастан оозума салдым. "Эмне кылганың” дегендей мени карады, "Аллах
сенден ыраазы болсун”, - деди. Андан кийин сүйлөбөдү, кийин көз жумду.”
Устазы дагы: "Аллах сенден ыраазы болсун”, -
деп көзүнөн жаш чыгат, жанындагы шакирттери да жашылданышат.