*Чегин билбеген, жахил (сабатсыз, адепсиз) адам
сүйлөгөн кезде ага жооп бербе. Унчукпоо ага жооп берүүдөн да жакшыраак. Акмакка
бериле турчу эң жакшы жооп – унчукпоо.
*Башыңдагы агарган чачтар напсиңдин отун өчүрүүсү
керек. Башыңда ак чачтардын көрүнүүсү менен сенин түнүңдүн башталганын түшүн.
(Себеби, булар – өлүмдүн кабарчылары.) Жүзүңдө карылыктын кабарчылары белгилүү
болгондо кантип тынч ырахат жашайсың, адамдын өмүрүнүн эң жакшы бөлүгү
карылыктан мурдагысы болуп саналат. Жаштыгы жок болгон напси жок болду дегенге
тете. Адамдын өңү саргайып, чачтары агарган кезде жакшы жана сулуу күндөрү дагы
ошол сулуулугун жана таттуулугун жоготот. Жер бетинде текеберленип, көкүрөк
көтөрүп баспа. Себеби, бир убак өткөн соң бул жер сени дагы жутат.
*Бардык душмандыктардын сүйүүгө айлануусунда үмүт
болот. Бирок, көралбастыктан улам болгон душмандык мындай эмес.
*Аллаху тааланы сүйгөндүгүңдү айтасың, кайра Ага
каршы чыгасың. Мындай сүйүү болбойт. Эгер сүйүктүүңө карата дилиң таза болгондо
Аллаху таалага баш иймексиң. Себеби, сүйгөн адам сүйүктүүсүнө баш ийет.
*Сага келгенге сен дагы бар. Сага жамандык жана
кыйынчылык кылгандарга сен кыйынчылык тарттырба.
* Тилиңди сакта, сени чагып албасын. Себеби ал –
өтө чоң жылан.
*Өзүнө жакшылыгы жок адамдын башкаларга жакшылыгы
болбойт. Адам өзү үчүн жакшылык кылбаса адамдар дагы ага жакшылык кылышпайт.
*Өзүндө жакшылык барбы же жокпу деп кызыккан адам
беш убакыт намазга берген маанисине назар салсын. Туура окулган намаз – бардык
жакшылыктардын ачкычы, ар дарттын дабасы.
*Кимде ким өзүн мактап баштар замат кадыры түшөт.
*Адамдар Аллаху таалага кулдук, ибадат кылуу үчүн
жаратылган. Адамдар бакытка жетиш үчүн бул дүнүйөгө жаратылуу максатына көңүл
буруулары керек жана дүнүйөгө берилүүдөн сактануулары керек. Дүнүйөлүк
жакшылыктар өткүнчү болот. Дүнүйө түбөлүк кала турчу жер эмес. Акыретте бакытка
жетүү үчүн унаа сыяктуу. Кубана турчу жер эмес, айрыла турчу жер. Акылдуу
адамдар бул фани (өткүнчү) дүнүйөгө берилбестен кулдук вазыйпаларын так
аткаргандар.
*Адам дүнүйөдө жана акыретте бактылуу болуусу үчүн
динибизге муктаж. Ансыз деле ушул үчүн берилген. Бирок, андагы жакшылык жана
пайдаларга эки жипке жабышуу менен жете алабыз. Бири – ахли сүннөт итикадын
(ишенимин) үйрөнүү, экинчиси – муну башкаларга да үйрөтүү. Бул жиптен бирин
таштап жибергениңизде жакшылыктар учуп кетет. Жеке өзүңүздөн кетет, үйүңүздөн
кетет, жамияттан кетет. Андай кийин кылган нерселериңизди, көргөн
нерселериңизди дин, б.а., жакшылык деп ойлоп каласыз.
*Көңүлүңдү душмандан бошот! Мына ошондо досту
көңүлгө чакырууга кажет калбайт. Калб (б.а., көңүл) делген латифа нерсе эч
качан бош кала албайт. Макулуктардын ойлорунан тазаланган көңүл өзүнөн өзү
Аллаху таалага таважжух кылат. [Ичи бошогон идиштин ичине абанын өзүнөн өзү
киргендиги сыяктуу, ал көңүлгө Аллаху таалага болгон сүйүү кирет.]
*Бир иш кандай башталса ошондой уланат. Кызматты,
бир ишти баштаган кезде эки максатыңыздын болуусу керек: Биринчиси – Аллахтын
динине кызмат кылуу. Экинчиси – анын кулдарына пайдалуу болуу. Ишиңерди
адилеттик менен башкаргыла. Ал ишти кылып жатканда кыйынчылыктар да, кубанычтар
да бирге бөлүшүлүүcү керек.
*Эки киши таарынышкан кезде бири-биринин
кемчиликтерин ашкерелөөлөрү -мунафыктыктын (б.а., эки жүздүүлүктүн) белгиси.