Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жети жүз аалымдын жообу




Жети жүз аалымдын жообу


Даанышман заттар айтышкан:

Аллах дегендин жардамчысы Аллах болот, акча дегендин жардамчысы болбойт. Акча, мүлк жакшы да болушу мүмкүн же жаман да болушу мүмкүн. Бул акчаны кантип табууга жана кантип сарптоого байланыштуу. Акчанын кеткен жеринен келген жери белгилүү болот. Кайырлуу мүлк Аллах жолунда сарпталат. Кайырсыз мал-мүлк напсинин, шайтандын жолунда, б.а., Аллаху таала ыраазы болбогон жерлерде колдонулат. Бул болсо жаман.

Эң чоң байлык – канаат. Канаат – бул Аллаху тааланын бергенине ыраазы болуу. Өжөрлөнгөн адам балким көп акча табышы мүмкүн, бирок, отко учурайт. Халал акчанын эсеби, харам акчанын азабы бар. Ошондуктан, акча колдонуу курал жарак колдонуу сыяктуу эле этияттуулукту талап кылат. Колдонууну билбесе жаңылышып атылган ок бирөөнү өлтүрүп алуусу мүмкүн, окту аткан адам дагы жазаланат. Акчаны жаңылыш колдонуу болсо андан да бетер жаман, адамды Жаханнамга алып барат.

Шакик-и Балхи хазреттери айтат: 700 аалымдан беш суроо сурадым. Бардыгынын жообу болжол менен бирдей болду. Булар мындай:

1- "Акылдуу деп кимди айтат?” - деп сурадым. "Дүнүйөнү баалабаган адамды”, - деп айтышты. Дүнүйөнү баалабаган адам акыретти баалайт. Акыретти баалаган адам түбөлүк бакытка ээ болот.

2- "Зээндүү деп кимди айтат?” – деп сурадым. "Алданбаганды”, - деп жооп беришти. Кайсы маселеде алданбайт? Бардык жагынан алданбайт. Дин иштеринде алданбайт, соода-сатыкта алданбайт. Өзү алданбагандай эле башкаларды дагы алдабайт. Себеби, динибизде алдануу дагы, алдоо дагы жок.

3- "Дервиш деп кимди айтат?” – деп сурадым. "Аллаху тааланын ыраазылыгын Анын пенделеринин ыраазылыгынан жогору койгон адамды айтат”, - деп жооп беришти. Демек, дервиш адам адамдарды ыразы кылуу үчүн эмес Аллаху тааланы ыраазы кылыш үчүн жашайт. Адамдардын каалоолору менен Аллаху тааланыкы болгондор бир келип калганда ал дайыма Аллаху таала тарабын тандайт.

4- "Бай деп кимди айтат?” – деп сурадым. "Канаат кылганды”, - деп жооп беришти. Адамдын напси тоюу дегенди билбеген, хайула деп аталган айбанга окшойт. Эч качан бул мага жетет дебейт. Бардык нерсени сурайт.

5- "Сараң деп кимди айтат?” – деп сурадым. "Аллаху таала берген аманатты өзүнөн деп билген, бардыгын өзүнө тийиштүү деп ойлогон адамды”, - деп жооп беришти. Болбосо, Аллаху таала ал жакшылыктарды колдонсун жана кулдарына дагы берсин деп берген эле. Биздин мындай барлыгыбыз болгон эмес. Аллаху таала берген бул жакшылыктарды Ал ыраазы болгон, буйрук кылган жерлерге жумшап, Анын кулдарынын муктаждыктарына сарптоого аракет кылуу керек. Мунун тескерисин кылган адам чоң күнөөгө батат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш