Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Ыйманды коркунучка киргизген күнөө




Ыйманды коркунучка киргизген күнөө


Даанышман заттар айтышат:

Ар күнөө ыймандын коркунучка кирүүсүнө себеп болушу мүмкүн, бирок, мына бул үч күнөөнүн таасири абдан катуу:

1- Ыйман ниматына (жакшылыгына) шүгүр кылбоо.

2- Ыймандын кетүүсүнөн коркпоо.

3- Момундарды таарынтуу, көңүлүн оорутуу. Хадиси шарифте: «Көңүл оорутуу Каабаны жетимиш жолу жыгуудан дагы жаман», - деп айтылууда. Жакшы болсун, жаман болсун эч бир адамдын көңүлүн оорутпоо керек. Аллаху тааланы эң көп таарынткан куфурдан кийин көңүл оорутуу сыяктуу чоң күнөө жок.

- Бир мусулманды жаман көз менен кароо - харам. Күлүмсүрөгөн, жарык жүздүү болбогон адам момун сыпатта эмес. Мусулман жана мусулман эмес бардык адамдарга карата жарык жүздүү болуу керек. Башка бир адамдын жаман ахлагын даттанган адамдын өзү жаман ахлактуу. Башка адамдардын жамандыктары тууралуу сүйлөп жаткан болсок бул өзүбүздүн жаман экендигибиздин белгиси. Жакшы ахлак – кыйынчылыктарды сиңирүү.

- Момундун белгиси – жарык жүздүү болуусу. Мунафыктын, эки жүздүү адамдын белгиси – кабагы бүркөк болуусу. Аллаху таала берген жакшылыгын көрсөтүүбүздү жактырат. Мусулман болуу жакшылыгын кантип көрсөтүшүбүз керек: жарык жүзүбүз менен, таттуу тилибиз менен, мээримибиз менен.

- Бир мусулман башка бирин төмөн карабайт. Себеби, мусулман Аллах сүйгөн адам, Аллахтын жанында баасы чоң адам дегенди билдирет. Мусулманды төмөн саноо Аллах баалаган нерсени баалабагандык болот.

- Эң чоң күнөө – күнөөнү билбөө. Андан чоң күнөө – күнөөнү ибадат кылып аткаруу.

- Көркөм мүнөз эч кимге жүк болбоо, бирок, ар кимдин жүгүн тартуу болуп саналат.

- Марттык деп бардык адамдар менен жакшы мамиледе болуу эсептелет.

- Бардык адамдарга жакшылык кыла албайбыз, бирок, эч бир адамга жамандык кылууга акыбыз жок.

- Мусулман бул сагындырган адам дегенди билдирет. Ким сагынылбаса акыркы деми коркунучта дегенди билдирет.

- Акыретте кутулуу ибадаттардын көп болуусу менен өлчөнбөйт, туура ыйман менен кылынган сахих жана салих амалга байланыштуу. Салих амал ыкластуу амал дегенди билдирет. Курани каримдин көп жеринде Салих амал деген сөз кезигет. «Бир гана салих амал кылгандар кутулат», - деп айтылууда.

- Өзүн кыяматта Жаханнам отунан куткаруусун Аллаху тааладан тилеген адам момундарга карата өтө мээримдүү жана жумшак, назик болуусу керек.

- Ит болгон үйгө рахмет периштелери кирбейт. Көңүлгө дагы ит сыпаттуу жаман мүнөздөрдү киргизбөө керек. Өзгөчө мына бул төрт мүнөз өтө коркунучтуу: Текебердик, кызгануучулук, ачуулануу, шахват (кумар). Демек, өзүн жакшы көрүү, башка биринин жакшылыгын кызгануу, ачуулануу жана кумарга берилүү өтө коркунучтуу.

- Ар кимге кыйынчылык тарттырган адам текебер адам. Эч кимди жактырбоосу, ар кимди даттануусу ал адамдын текебердигинен улам болот. Жөнөкөй адам өлгөн адам сыяктуу болот. Өлгөн адам эч кимди даттанбайт, өлгөн адамды да даттанууга эч ким муктаж эмес.

- Физикада бир эреже бар. Плюс плюсту, минус минусту түртөт. Карама-каршы уюлдар бири-бирин тартат. Эки кишинин экөө тең меники туура десе натыйжада араздашуу болот, тынчсыздык башталат. Бири экинчисине сеники туура десе уруш токтойт. Аял менен күйөө дагы бири экинчисине «сен туура айтасың» десе үйдө ынтымак өкүм сүрөт. Экөө тең меники туура деп отурса үйдө ынтымак болбойт. Ал эми экөө тең сеники туура дей турган болсо кандай болот? Ал үйдө илахий сүйүү башталат.

- Эки нерсени унутпа: Аллаху тааланын сени ар жерде көрүп тургандыгын жана өлүмдү эч унутпа.

- Эки нерсени болсо унут: Кылган жакшылыктарды жана сага кылынган жамандыктарды унут.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш