Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Аллах сүйүүсүнүн белгиси




Аллах сүйүүсүнүн белгиси


Даанышман заттар айтышат:

Адамдын харамдардан канчалык сактангандыгын, ибадаттарга канчалык берилгендигин жана Аллах сүйүүсүнө канчалык ээ болгондугун бир белги менен түшүнүүгө болот. Эгер бул белги ал адамда бар болсо анда бардыгы жакшы. Бул белги: Аллах сүйүүсү арткан сайын өз каталарын көрөт. Өмүр бою каталарын эч унутпайт. Мына бул тообосунун кабыл кылынгандыгын жана туура багытта экендигин көрсөтөт.

Адам өз кемчиликтерин канчалык көп ойлосо Аллаху таалага жана Мусулмандарга болгон сүйүүсү жана аларды урматтап баалоосу ошончолук артат. Имам Раббани хазреттери: "Өзүн жактырган адамдын Аллаху тааланы таануусу мүмкүн эмес. Адам өзүн Франк капырынан да жогору көрсө устазын дагы, Аллаху тааланы дагы тааныбайт”, - деп айтууда.

Шах-ы Нахшибанд хазреттери: "Устазын сынаган адам - малун”, - деп айткан. Жол - моюн суна турчу жол. Бул Хазрети Абу Бакр Сыддыктын жолу. Бул жолдо "Акылымды таштадым жана кутулдум” деген сөз белгилүү. Себеби, акыл дайыма өзүн баалап, кыйынмын деп эсептейт.

Бир адам Жунайди Багдади хазреттерин сыноо ниети менен: "Устаз, бир нерсе сурасам болобу?” - деп суроосун сурайт. Жунайди Багдади хазреттери: "Бул суроонун эки жообу бар. Кааласаң тил менен, кааласаң көңүлдөн маневий түрдө айтайын. Кайсынысын каалайсың?” – дейт. Тиги киши: "Экөө тең болот”, - дегенде айтат:

"Бизди сыноонун ордуна өзүңдү сынасаң болмок. Каерге баргандыгыңды, эмне болгондугуңду, эмне ишке жарай тургандыгыңды сураганыңда бизден муну суроого убактың болмок эмес. Мындай максат менен келгендер бизден айрылды. Фейз эшиктери жабылды. Бирок, унутпа, сенин сынооң менен бул Аллах адамдары жооп бере албайт, көңүлдөрү ооруйт деп ойлосоң бул сенин жамандыгыңа себеп болот.”

Буларды угуп турган адамдын жүзү капкара болот, уй сыяктуу кыйкырып баштайт. Ал адамды ал жерден алып кетишет, бирок, бир нече күн бою кыйкырат, мен күйдүм, тообо кылдым дейт. Бардык кошуналарынын тынчы кетет. Жунайди Багдади хазреттерине келип: "Устаз, Аллаху тааланын сыпаттары менен сыпаттанган затсыз. Аллаху таала кечирүүчү зат. Өтүнүч, сиз дагы мээрим кылып, кечириңиз”, - дешет. "Кечирдим”, - деп айтар замат тиги адам эски абалынан дагы жакшы абалга келет.

Ошондуктан, Аллах досторун сыноодон өтө сактануу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш