Даанышман заттар айтышат:
Маанилүү болгон нерсе - акыркы дем, б.а., ыйман
менен өлүү. Ыймансыз өлүүнүн себептеринен бири – ыймансыз өлүүдөн коркпоо.
Коркпогон адам ыймансыз өлөт. Аллах сактасын, ыймансыз өлүү бул кандай чоң
коркунуч. Жада калса, бул дүнүйөдө өмүр бою түрмөгө камалган адам бул жазадан
улам акылынан адаша турган болот, анда түбөлүк оттун ичинде адам баласы кантип
чыдайт?
Акыр замандабыз. Бул заманда өзүн кутулдум деп
эсептеп, көкүрөктү көтөрүп жашоо акмактык болот! Себеби, азыркы заманыбызда
күнөөдөн бетер куфур (ыйманды жоготуп алуу) коркунучу көп. Адам бир сөз менен,
бир иш менен капыр болушу мүмкүн, себеби, бул заманда күнөө өтө оңой кылынууда.
Мисалы, оңой гыйбат кылынууда. Дин китептеринде айтылган гыйбатка байланыштуу
"Мен туура нерсени, болгон нерсени айтуудамын, бул гыйбат эмес” деп
айтуунун куфур экендиги билдирилүүдө. Себеби, бул жерде харамды халал деген
болууда.
Үйдөгүлөрдүн кылган бир күнөөсү, бир харамы
тууралуу "Бул заманда ушундай болот, башка түрдө болбойт” же "Мезгил
сага баш ийбесе сен мезгилге баш ий” деген сыяктуу нерселерди айтып, күнөөнү
жактырган адамдын же оңойго алып маани бербеген адамдын ыйманы кетип капыр
болот. Бул адам кааласа динге кызмат кылсын, кааласа зикир чалсын, эмне кылса кылсын
эгер кылган куфуруна тообо кылбаса Аллах сактасын, капыр бойдон өлөт.
Бул заманда өтө коркуп сак болуу жана ыйманды
куткаруу үчүн көп эмгек сарптоо керек. Күнөөкөр болуп өлгөн адамдын кутулуусу
анча да оор эмес, себеби, ыймандуу болуу шарты менен чоң күнөө кылган адамдарга
пайгамбарлар, Ахли сүннөт аалымдары, шейиттер жана башкалар шафаат кылышат.
Кыскасы, күнөөкөр адам үчүн шафаат көп, ал эми ыймансыз өлгөн адамга болсо эч
кандай шафаат болбойт.
Жанында кымбат баалуу гаухар ташы бар адам аны
уурдатып албаш үчүн аны ачык жерге таштабайт. Жашыруун жерге сактайт, балким,
үстүнө жатат. Ыйман мындан да баасызбы? Ар убак менин ыйманыма зыян келиши
мүмкүн деп ыйманды ойлоо керек эмеспи?
Адамдар захирге (көрүнгөн нерселерге) көп маани
беришет. Ошондуктан, дин улуктары: "Захир мамур, батын хараб”, -
деп айтышкан. (Б.а., дүнүйө кооздолду, руханият талкаланды деген мааниде).
Батынды (руханиятты) кооздоп, тургузуу керек. Иштин башы – намаз. Мусулман
адамдын ой-санаасы намаз болот. Адамдардын бири отко, бири бутка, бири Аллахка
сыйынат. Анда намаз окубаган адам эмнеге сыйынат? Динсизби, акчага сыйынабы же
напсине сыйынабы? Айтор, белгисиз.
Ошондуктан, өмүрлүк жарыбызды, уулубузду,
кызыбызды харамдардан сактап, аларга сөзсүз намазды үйрөтүп, окууларына өбөлгө
түзүшүбүз керек. Намаз бар болсо баары бар. Намаз жок болсо жамандык көп.