Бараат же Бараат деген сөздүн сөздүктөгү мааниси
акталуу, күнөөдөн, жазадан кутулуу, бир адамдын тагылган күнөөдөн узак
экендигин же айтылган айыптарынын чын мааниде айып эмес экендигинин аныкталуусу
дегенди билдирет. Ошону менен катар, Бараат – кутулуунун күбөлүгү деген
маанини да билдирет.
Аллаху таала
төрт адамды төрт нерсе аркылуу айыптан, жалаадан бараат кылдырган. Юсуф
алейхиссаламды күбө аркылуу, Муса алейхиссаламды кийимин аркалап жүрчү таш
аркылуу, Хазрети Мариямды баласын сүйлөтүү аркылуу, Хазрети Аишаны Нур
сүрөсүнүн жыйырма алтынчы аяты аркылуу бараат кылдырган. Пайгамбарыбыз
алейхиссалам: "Акыретте көптөгөн адам Жаннатка эсепке тартылбастан
кирет. Аларга мизан, тараза курулбайт. Аларга берилген барак беттеринде:
"Ла илаха иллаллах, Мухаммедун расулуллах. Бул – баланча уулу түкүнчөнүн
Жаннатка кирүүсүнүн жана Жаханнамдан кутулуусунун барааты”, - деп
жазылат”, - деген.
Абдуллах ибн
Умар хазреттери бир күнү Расулуллах алейхиссаламдын алдына келгенинде
Пайгамбарыбыз: "Кыямат күнү бардык адамдын барааты, б.а.,
кутулуусунун белгиси бардык амалы өлчөнгөндөн кийин берилет. Абдуллахтын барааты
болсо дүнүйөдө берилген”,- деди. Себеби суралганда: "Өзү вара
жана такыбаа ээси болгондой эле дуба кылып жатканында: "Йа, Раббим! Менин
денемди кыямат күнү ошондой чоң кыла көр, Жаханнамды бир гана мен толтурайын.
Ушундайча Жаханнамды адамдар менен толтурамын деген сөзүң орундалган болот,
Мухаммед алейхиссаламдын үмөтүнөн эч ким Жаханнамда күйбөсүн”, - деп дин бир
туугандарын өз жанынан да артык көргөндүгүн көрсөттү”, - деди.
Бир ажылык
мезгилинде бир адам Абу Амр аз-Зужажи хазреттеринин жанына келип:
-Ажылыгымды
орундадым. Бараатымды бериңиз. Сиздин жолдошторуңуз сизден бараатымды алууга
жиберди, - дегенде, Абу Амр аз-Зужажи хазреттери ал адамдын көңүлүнүн таза
экендигин көрөт жана ага адамдардын азил мамиле кылышкандыгын түшүнөт. Ошондо
ага Каабанын эшиги менен Хажарул-асвад арасындагы Мултазимди көрсөтүп:
-Тигил жерге
барып "Йа, Раббим! Мага бараатымды бере көр” деп тиле! – дейт. Бираз
убакыттан кийин алиги адам колунда бир кагаз менен кайтып келет. Кагазында
жашыл түстүү жазуулар менен мына мындай саптар жазылган эле:
"Бисмиллахиррахманиррахим.
Бул баланча уулу түкүнчөнүн Жаханнамдан Бараат (кутулуу) кагазы.”
Ар жылы Шабан
айынын 15-чи Бараат түнүндө ошол жылы боло турчу нерселер, амалдар, өмүрлөр,
өлүм себептери, көтөрүлүүлөр, төмөндөөлөр, б.а., бардык нерсе Лавхул махфузга
жазылат. Имам Раббани хазреттери кайтыш болордон алты ай мурда Шабан айынын
15-чи түнү болгон Бараат түнүн өзүнүн жеке бөлмөсүндө өткөрдү. Ошол түндүн жартысынан кийин аялы
отурган бөлмөгө кирип:
-Мырзам, бул
түн ажалдар менен амалдар жазыла турчу түн. Ким билет, Аллаху таала кимдин
дептерине өлүм, кимдикине өмүр жазды, – дегенинде, Имам Раббани хазреттери:
-Эмнеге тартынып,
күмөн менен айтуудасың? Аты
дүнүйөдө кала тургандардын тизмесинен өчүрүлгөнүн көргөн адамдын абалы кандай
болмок? - деди. Айткандай
эле ошол жылы Имам Раббани хазреттери кайтыш болду.
Мухаммед Масум
хазреттери дагы кайтыш боло турчу жылы Шабан айынын 15-чи түнү, б.а., дубалар
кабыл бол турчу, ажалдар жазыла турчу Бараат түнүндө шакирттеринен кээ бир
окуяларды сурап, жообун алды.
Кийин:
-Бир кутбдун
ысымы өмүр сүрө тургандардын тизмесинен өчүрүлдү – деп, кайтыш боло
тургандыгын ишара кылган эле.