Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Эң жакшы аалым – накыл кылган аалым




Эң жакшы аалым – накыл кылган аалым


Даанышман заттар айтышат:

Жамгырдын суусу таза. Эгер иче турган болсо уунун таасири болушу мүмкүн. Ал жамгыр суусунун топуракка түшүп, туз жана минералдар менен аралашуусу керек. Булар менен аралашкан жана ичиле турчу абалга келген суу жердин үстүнө чыгат, бизге чейин суу түтүктөрү менен келет, аны ичебиз.

Мына, Курани карим Жанаб-ы Хак тарабынан түшүрүлгөн. Таза, бирок, Пайгамбарыбыз «алейхиссалам»: «Кимде ким Курани каримге маани чыгаруу үчүн, түшүнүү үчүн кол узатса, түшүнүүгө аракет кылса капыр болот», - деп айткан. Биз ичкен суу жамгыр суусу, бирок, аны түздөн түз ичүү зыяндуу болушу мүмкүн. Курани карим дагы китебибиз, бирок, түшүнө албайбыз. Аны Пайгамбарыбыз «алейхиссалам» түшүнөт. Ага түшүрүлгөн. Ал болсо хадиси шарифтери менен Асхабы кирамына түшүндүрдү. Асхабы кирам болсо аны Ахли сүннөт аалымдарына накыл кылды. Өзгөчө мазхаб имамдарыбыз биз түшүнө ала тургандай кылып даярдашты жана ичүүгө жарай турган суу абалына алып келишти.

Туш келди суу иче албагандыгыбыз сыяктуу туш келди дин китептерин дагы окуй албайбыз. Сөзсүз тастыкталган, бул суу ичилет деп белги басылган сууну колдоно алабыз. Ошон үчүн бир мазхабга моюн сунбаган, бир Ахли сүннөт аалымына моюн сунбаган адам туш келди сууну ичкен болот. Туш келди суу ичкен адам арасында микроптуу сууну ичип алышы да мүмкүн, натыйжада куруйт. Себеби, Ахли сүннөт аалымдарынын эң чоң өзгөчөлүгү - келген бул сууну коргоого алуулары болуп саналат. Ага бидат дагы аралаштырбады, кир жуктурбады, зыян бербеди. Өтө ишенимдүү түтүктөр менен бизге чейин алып келишти. Сууну коргошту. Ичине бир нерсе жугуп калбасын деп коргоого алышты.

Ошондуктан, эң жакшы адам, эң жакшы аалым - накыл кылган, ортодо колдон колго өткөрүп гана берген ортомчу, арачы адам. А болбосо бир гана өзүнөн сөз сүйлөгөн, муну өзүнө байлаган адам эмес. Бардыгыбыздын негизги милдетибиз почтачы гана болуу. Почтачынын милдети катты алуу, дарегин карап, комментария кылбастан тийиштүү кишиге алып барып берүүсү. Калганына аралашпайт.

Биздин дагы милдетибиз Ахли сүннөт аалымдары билдирген ошол баалуу маалыматтарды кандай болсо ошол абалда мыкты конвертке салып адамдарга жеткирүү болуп эсептелет. Бул конверттерди ачып, каттарды окугандар диндерин ырахат, туура бойдон үйрөнө алышат. Бидатчылардын кылган иштери өздөрүнө келген бул каттарды ачып окуп, бул болбой калыптыр деп, өздөрү кайрадан кат жазышууда. Өздөрү жазган катты айланага таратышууда. Андай болсо бул кат ошол адамдын каты болууда. Биз болсо Пайгамбарыбыздан тарта келген, аманат катары колдон колго накыл болуп өткөн жана мазхаб имамдарыбыз тарабынан көбөйтүлгөн бул катты таратуудабыз.

Ушундайча кылган адам дүнүйөнүн эч бир өлкөсүндө мыйзамдар жана адамдар тарабынан кыйынчылык көрбөйт, Аллаху тааланын алдында да кыйынчылык тартпайт, себеби, өзү ага бир нерсе кошкон жок. Өзүнө келген нерсени ошол бойдон накыл кылууда. Бул жерде үстөмдүк дагы жок. Ким канчалык ыкылас менен жана күчүнүн жетишинче кат таратса ошол кабыл болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш