- Олуядан бир заттан кайтыш болгондон кийин түштө
көрүлгөндө: "Кайра кайткың келеби?” – деп суралат. Айтат:
"Дүнүйөнүн бардыгын эсеп суроо шарты менен
беришсе да каалабайм. Бир гана нерсе үчүн каалаймын, эшиктерди кыдырып өлүм
жана кабыр абалдарын түшүндүрүү үчүн”.
- Акылыңарга, зээниңерге, энергияңарга ишенбегиле.
Болбосо булар менен жалгыз каласыңар. Бир күн келет, акылыңар жетпейт,
энергияңар түгөнөт. Имам Раббани хазреттери сыяктуу ахли сүннөт аалымдары - өтө
кубаттуу энергия булактары. Акылдуулук менен аракет кылып, түз булакка
байланган адамдын энергиясы да бүтпөйт, нур чачуусу да бүтпөйт.
- Хак менен батылды айырмалаган адам аалым деп
аталат. Көп китеп окуган, көп илими болгон адамды аалым деп атоого болбойт.
- Көп китеп окуу менен туураны табуу мүмкүн эмес.
Туура китепти көп окуу менен гана туураны табуу мүмкүн болот.
- Ибадаттар – адамдын вазыйпасы. Көркөм ахлак -
баасы.
- Кылган нерселерибизди Аллах ыраазылыгы үчүн
кылалы. Асанга кызмат кылып, Үсөндөн акча күтүүгө болбойт. Ким көзгө көрүнүү
үчүн, "азаматсың” деген сөз угуш үчүн кылса Жанабы Аллах: "Сага
"азаматсың” дешти, менден эмне сурап жатасың?” – дейт.
Абдулкадир Гейлани хазреттерине: "Сиз кандай
мубарек затсыз”, - дешет. "Кайдан билдиңер?” – деп сурайт. "Бардыгы
сизди макташат, сиз тууралуу сөз кылышат”, - дешет. Ошондо айткан экен:
"Бул адамдар ушундай болушат. Бүгүн сүйүшөт, эртең сөгүшөт. Эң жакшысы биз
буларды таштап, адамдар үчүн эмес Аллах үчүн мусулман бололу.”
- Аллаху таалага тобокел кылалы. Тобокели азайган
адамдын ыйманы алсыраган болуп саналат. Тобокел калбаган кезде ыйманы дагы
калбайт. Тобокел ар түрдүү себепке жармашып аракет кылуу, натыйжаны Аллаху
тааладан күтүү жана натыйжанын сөзсүз кайырлуу боло турганына ишенүү болуп
саналат. Аллаху таалага ишенген адамга Аллаху таала сөзсүз жардам берет жана
аны коргойт. Адамдарга ишенгенди болсо адамдардын колуна таштайт.
- Ким болсо да гыйбат кылбагыла! Аялдарыңар да
үйлөрдө гыйбат кылышпасын. Гыйбат ичкилик ичүүдөн, кумар ойноодон да чоң күнөө.
Гыйбат рак сыяктуу, кирген жери оңолбойт. Гыйбат кылганга "токто” деген
адамга 100 шейиттин сообу берилет. Гыйбат кылгандарды токтоткула.
- Адамдарда көңүл көзү болгондой эле көңүл муруна
да бар. Ар бир күнөөнүн өзүнө тийиштүү ыплас жыты болот. Көңүл мурду ачык
болгон адамдар бул жыттарды алышат жана анын ыплас булагынан алысташат. Олуя
болуу жолунда көңүл көзү ачылган адамга берилген биринчи ниматтар – булар көңүл
мурунунун ачылуусу жана кабырдагылар менен сүйлөшө алуу ниматтары. Муршиди
камил болгон адам ичеги тазалагыч сыяктуу. Жанына келген адамдарды күнөөлөрүнөн
пайда болгон жаман жыттарынан, ыпластыктарынан арындырат.
- Дин – адеп жана карапайымдык. Адеп - кирген
эшиги. Андан кийин карапайымдык келет.
- Үч түрдүү адеп бар:
1- Аллахка болгон адеп,
2- Эне-атага болгон адеп,
3- Жамиятка, коомго болгон адеп.
Вазыйпа дагы үч түрдүү:
1- Аллахка карата,
2- Үй-бүлөгө карата,
3- Коомго карат.
- Адам билбеген нерсесине душман болот.
- Кимдин чөнтөгүндө акчасы болсо каалаганын алабы?
Алат, үй алат, машина алат, баарын алат. Ыклас дагы акча сыяктуу. Кимде эгер
ыклас бар болсо ал адамда бардык нерсе бар, аны менен бардык нерсеге жетет.
- Ийгилик деген эмне? Мунун тоскоолдугу эмне?
Акыретте пайдасы болгон нерселер ийгилик болот. Бул ийгиликтин тоскоолу -
адамдын өзү, б.а., анын напси.