Ачууланба!


Даанышман заттар айтышкан:

Күфүрдөн кийинки эң жаман ахлак - текебер болуу. Үй-бүлө ичинде, коом ичинде тарткан бардык кыйынчылыктар текеберликтен улам болот. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам”: "Көңүлүндө кымындай текебердик болгон адам Жаннатка кире албайт”, - деп айткан. Жакшы ахлак – бул эч кимдин көңүлүн оорутпоо. Текебер адам тез ачууланат. Ачуулуу адам болсо көңүл оорутат. Момун адам дайыма жарык жүздүү жана таттуу тилдүү болот, эч кимди таарынтпайт, көңүл оорутпайт. Пайгамбарыбыз мусулман адамды "Колунан жана тилинен ишеничтүү адам”деп сүрөттөгөн.

Жаңжалдардын, ызы-чуулардын башкы себеби чегин билбестиктен, өзүнүкүнө ыраазы болбоо жана өзүн туурамын деп эсептегендиктен болот.

Башыбызга келген бир нерсенин алдында напсибиздин каалоосуна карап эмес динибизге ылайык кыймылдообуз керек.

Эмир жана уруксат менен кылынган иште тапкан да жоготкон да пайда көрөт. Себеби, ал адам ишти динге ылайык аткарды. Өз каалоосу, өз пикири менен кылынган иштерде тапкан да жоготкон да зыянга кирет. Себеби, ал адам бул ишти динге ылайык баштаган жок.

Согушту баштатуу жеңил, бирок, токтотуу кыйын. Каерде, кантип токтой тургандыгы белгисиз. Бир күнү бир уруу башчысы Пайгамбырыбызды зыярат кылып кайра кетип жатканда: "Йа, Расулаллах, мага бир насыят айтыңыз!”, - дегенде уруу башчысына бир гана: "Ачууланбагын!” – деп буюрат. Ал болсо: "Жарайт”, - дейт, бирок, мындай кыска насыятка таң калат. Айылына көздөй жол тартат. Айылга келгенде баары куралданганын көрсө болобу! "Эмне болуп кетти, тынчпы?” – деп сурайт. "Маңдайдагы айылдагы уруунун мал-жандыгына биздин жаштар зыян келтирип коюшуптур. Алар куралданып бул жерге келишет, биз дагы өзүбүздү коргоо үчүн куралданып жатабыз”, - дешет. "Демек бизге чабуул коймокчу болуп куралданышкан экен да”, - деп уруу башчы дагы дароо куралданат.

Дал ошол убакта эсине Расулуллахтын "Ачууланбагын!” деген насыяты келет. Дароо тообо кылып, куралын ыргытат дагы: "Мен тиги айылга барып алар менен көрүшөмүн”, - дейт. Ага тоскоол болушканы менен ал айылга баруудан баш тарттыра алышпайт. Тигил айылга жакындаган кезде ал жердегилер карашат, куралы жок экендигин көргөн кезде кол тийгизбестен уруу башчысынын жанына алып келишет. Эки башчы өз ара сүйлөшүшөт. Барган уруу башчы: "Биздин жаштар силердин мал-жандыктарыңарга зыян беришиптир. Албетте, биздикилердин кылганы туура эмес. Эгер кабыл кылсаңыз бардык зыян-чыгымын өз малыман толуктайын”, - дейт. Тигил уруу башчысы мындай кичи пейилдиктин каршысында өтө ыраазы болот: "Андай болсо мен дагы баарынан кечтим”, - дейт. Кан акпастан ынтымак орнойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш