- Көңүлүнө
васваса келген адам - илгериде чоң даражаларга ылайык адам.
- Расулуллахтын балдары башыңардан төмөн карай
ыпластык төксө да анын алдында турганда көңүлүнө тийбөө үчүн тазалоого
белсенбегиле.
- Дүнүйө өмүрү Жаннатка окшобойт, бирок, Аллаху
таала Жаннат бакчасына окшош бакча насип кылат, анын белгиси – зикир кылган
тил, шүгүр кылган көңүл, жетеринчелик тиричилик, ырахат тура алчу үй, анан да
түшүнүшө алчу өмүрлүк жолдош.
- Акмактык пайда менен зыянын билбестик,
оңун-солун билбестик, жакшы-жаманды айырмалай албастык болуп саналат.
Жаханнамга кирген адам акмактыгынан улам кирет, жардан кулабоосу үчүн жүз
миңдеген жип узатылууда.
- Ибадаттарды лаззат алып жатабыз деп
орундабагыла, Аллаху тааланын буйругу болгондугу үчүн орундагыла.
- Напси баарынан жогору болгусу келет, энеден да,
атадан да, устаздан да. Напсинин бир алсыз жери бар, өз баласын өзүнөн жогору
жана жакшыраак көргүсү келет.
- Амри маруф нахйи мункар (жакшылыкка үндөө,
жамандыктан кайтаруу) албетте өтө сооптуу, бирок, үч шарт менен болуусу керек:
1-Билүү (Илим ээси болуу), 2-Ал нерсени жеке өзүнүн да орундоосу, 3- Амри маруф
нахйи мункарды жумшактык менен кылуу.
- Аллаху таала сүйгөн адамдардын төрт өзгөчөлүгү
бар:
1- Халалдан табышат, ичкен-жегендери халалдан.
2- Жөнөкөй болушат, эч качан текебер болушпайт.
3- Көркөм мүнөздүү болушат.
4- Бардык адамдар менен тил табыша алышат, жүздөрү
жарык.
- Напсинин азыгы – харам иш кылуу, напсиге бул
азыкты бербестен динибиз уруксат берген нерселерди берүү менен алаксытуу керек,
жада калса, алдоо керек. Напси мышыктын чычканды тешиктен чыгуусун күткөндөй
күтөт, унутпайт.
- Үй-бүлөдө тил табыша албоонун булагы – аял жана
эркектин бири-биринин укугуна маани бербестик.
- Таттуу тил – мусулмандын кооздугу, адилеттик –
кул акысынын негизи, адилеттик болбосо тынчтык болбойт.
- Чыныгы шүгүр бардык нерседе Пайгамбарыбыздын
"саллаллаху алейхи ва саллам” ахлагы менен сыймыктануу аркылуу болот.