Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Мушриктер дагы көзгө баш ийишкен




Мушриктер дагы көзгө баш ийишкен


Даанышман заттар айтышат:

Бир молдо бир муршиди камилдин сухбатында болуу жана ага шакирт болуу үчүн келет. Намаз окуткан мечитине барат. Ошол кезде муршид устаз намаз окутуп жаткан эле. Молдо өз шивасына (диалектине) окшобогондуктан муршид окуган Фатиханы жактырбайт. "Бекер эле кыйынчылык тартып тээ алыстан келипмин. Тажвидди билбеген адам фарз менен харамды кайдан билсин? Ушундай дагы муршиди камил болмок беле?” – деп ойлонуп, эч нерсе айтпастан эртеси күнү жолго чыгат.

Жолдо бара жатканда алдынан бир канча арстан чыгат. Коркконунан дароо артка кайтат, бирок, арстандар акырын анын артынан келе жатышкан эле. Коркуу менен буту-бутуна тийбей качып, шакирттери менен отурган муршид устаздын жанына келет. Арстандар дагы абдан жакындап калган эле. Муршид дароо арстандарга карай басат. Арстандар эч кыймылдабастан моюндарын бүгүп жанында туруп калышат. Ал улуу зат келип, арстандарды кулактарынан кармап: "Силерге менин конокторума тийбегиле, аларды коркутпагыла дебедим беле?” – дейт. Арстандар болсо артка кайтып кетишет.

Буга таң калып карап турган молдого: "Биздин Фатихабызда ката издегендин ордуна өз катаңызды оңдоого аракет кылганыңызда жакшы болбос беле?” – дейт. Кийин, "отур эми” деп, ал жердеги шакирттерине буларды айтат:

"Эч ким өзүн жогору санабасын! Бул дин адеп менен жөнөкөйлүк дини. Бул дин Аллах жана Расулунун ашыктыгы менен жануу дини. Аны-муну сынап, аны-муну менен алектенүүнүн дини эмес, өзүң менен алектенүүнүн дини. Алсыздыгын түшүнүүнүн, алгач өзүн оңдоонун дини. Адамдын өз-өзүнө баш ийүүсүн кабыл кылбаган, бир жол көрсөтүүчү муршиди камилге моюн сунууну буйрук кылган дин. Себеби, ал дин улуктары Аллах Расулунун мурасчылары болуп саналат. Улуулардын сырткы көрүнүшү жахилдерге уу болот. Жахил адам сырткы көрүнүштү карайт, ошентип ууланат да куруйт. Мушриктер дагы ушундай кылышкан. Расулуллахты "Абу Талибдин жетими” деп көрүшкөн. Мал-мүлкүн карашкан, жеп-ичүүсүн, кийинүүсүн, басып-туруусун карашкан. Өздөрү менен билген өлчөөлөрү менен салыштырышты. Көздөрүнө, алсыз акылдарына баш ийишти. "Биз ыйман келтиргидей бизден эмне айырмаң бар?” – дешти. Бирок, Хазрети Абу Бакр дагы карады, бирок, ал Аны Аллахтын Расулу деп көрдү: "Кандай сулуусуң йа Расулаллах, нуруң ааламдарды каптаптыр. Сени бизге Пайгамбар кылып жиберген улуу Раббибизге хамд болсун. Сага ыйман кылуумду ихсан кылган улуу Раббиме хамд кыламын”, - деди. Башка бир убакта да: "Бардык нерсемди, бардык жакшылыктарым жана ибадаттарым менен бирге бардык нерсемди Расулуллах алейхиссаламдын бир сехвине, башкача айтканда, жаңылуусуна алмашамын”, - деген. Бекеринен Пайгамбарлардан кийин адамдардын эң жогорусу болбоду. Илим мына ушул, адеп мына ушул, сыддыктык деген ушул.”

Эч бир адепсиз адам Аллахтын сүйүктүүсү болгон эмес. Шах-ы Нахшибанд хазреттеринен: "Жолубуздун негизи эмне, башы, ортосу, акыры эмне?” – деп сурашат, бардыгына тең "адеп”деп жооп берген экен.

Адамдардын арасында жерге түкүрүп адепсиздик кылган бир мусулмандын күбөлүгүн кабыл кылбаган, бир адепке көңүл бурбаган адамга олуялык жолун жапкан бул дин кантип эле харам-халалга, макрухка, тажвидге көңүл бурбаганга же билбегенге олуялык жолун ачсын? Бул жолдо алгач илим келет, кийин көңүл абалы. Илимсиз көңүл абалы боло алабы? Илимсиз олуялык, муршиддик болобу? "Бул адам муршид олуя, бирок, аалым эмес” деп айтуу канчалык орунсуз, канчалык сабатсыз сөз! Динде сансыз маселе бар. Шайтандын, напсинин сансыз куулугу бар. Буларды билүү илим менен боло алат. Папугай сыяктуу бир канча нерсени жаттап алуу менен адам өзүн кыйын сезет. Бир ташка жармашып калган курт дагы жер-асман ошол жерден бүткөнсүп ойлойт. Бир алманын ичиндеги данекти жеген курт дагы алманы жана алма бакты толук жеп салгансып ойлойт. Булардын минтип ойлоолорунун кандай баасы болмок эле?

Дин улуктарын, башкача айтканда, Расулуллахтын мурасчыларын сыноо, өлчөө – бул мушриктик өзгөчөлүк болуп саналат. Өлсө-житсе дагы бул балээге тушпөө керек! Мушриктер дагы Расулуллах алейхиссаламды сынашкан, тиги-муну менен өлчөшкөн. Бирок, Жаханнамдын түбүн бойлошту. Бул дин улуктарын сүйгөндөр, аларга таби болуп моюн сунгандар Пайгамбарыбыздын мезгилинде жашашканда Асхабы кирам болушмак. Кабыл кылбагандар, четке каккандар ошол мезгилде жашашканда Абу Жахил сыяктуу болушмак.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш