Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жаннатка ачылган жалгыз эшик




Жаннатка ачылган жалгыз эшик


Даанышман заттар айтышат:

Аллаху таала өзүнө жете турчу, Жаннатка кириле турчу жалгыз ачык эшик калтырган. Бул жалгыз эшик – Пайгамбарыбыздын "саллаллаху алейхи ва саллам” мубарек калбы (көңүлү). Пайгамбарлар баш болуп бардыгы бул эшиктен өтмөйүнчө Аллаху таалага жете алышпайт. Анын пайгамбарлыгын кабыл кылбаган ким болсо дагы Жаннатка кире албайт. Пайгамбарыбызга кымындай болсо да окшоо бүткүл дүнүйө жана акырет лаззаттарынан, ниматтарынан дагы таттуу жана жогору. Аллаху таала Курани каримде: "Аллах жана периштелери Расулга салат айтышууда. Эй, ыйман келтиргендер, силер дагы салат айткыла”, - деген мааниде буюрулган. Аллахтын салат айтуусу рахмет, периштелердики дуба, момундардыкы болсо анын шапаатын талап кылуу болуп саналат.

Аллаху тааланы сүйгөн адам Курани карим окууну сүйөт. Курани карим окуу – рухтун азыгы. Аллахты сүйгөн адам Ал билдирген нерселер менен амал кылат. Аллахты сүйгөн адам Хабибине моюн сунат, аны сүйөт. Аны сүйгөн адам болсо Ага көп салават айтат жана сүннөтүнө моюн сунат.

Пайгамбарыбыз: "Аллахты эскербестен, Пайгамбарга салават айтпастан жыйналып кайра тароо тарптын жанынан тароо сыяктуу”, - деп айткан.

Акыр заманда бардык дүйнөнү куфур зулумдугу каптайт. Бардык адамдар бул абадан деп алууга мажбур болушат. Бул ыпластыкты чыгаруунун, мындан кутулуунун жолу бир нече достор менен жыйналган кезде динден, ыймандан, Аллаху тааланын сүйгөн кулдары тууралуу сүйлөшүү болуп саналат. Ушундай кылган кезде бул ыпластык чыгып, адам тазаланат, ырахатка бөлөнөт. Момундар Аллах үчүн бир жерге жыйналышкан кезде кааласа да каалабаса да Аллах сүйүүсү сөзсүз көңүлдөн көңүлгө өтөт.

Бир мусулман түшүндө Имам Шафии хазреттерин көргөндө ага: "Устаз, бул даражаларга кантип жеттиңиз, кантип мындай бийик зат болдуңуз, абдан кызыктык”, - деп сурайт. Имам Шафии хазреттери: "Кызыгып жаткан болсоң жазган китебимди кара”, - дейт. Башынын жанында анын жазган китеби болот. Имам хазреттери сөзүн улантып: "Мен, Пайгамбарыбыздын ар ысымы өткөн кезде "алейхиссалату вассалам” деп салату салам бердим. Эч качан Анын мубарек ысымын салату саламсыз жазбадым. Раббим ушул үчүн мага бул даражаны ихсан кылды”, - дейт. Бул момун адам уйкудан ойгонот, китепти караса Имам Шафии хазреттери Пайгамбарыбыздын "алейхиссалам” ысымы өткөн ар жерге салават шариф жазган экен.

Өзүбүздө ихлас (ыклас) болбосо, Аллах сүйүүсү болбосо башка биринин эшигин кагуунун кандай пайдасы бар? Бизге да, ага да жакшылык келбейт, себеби, ихлассыздык фитнага себеп боло турчу иштерди кылдырат. Ихлас болбогон жерге жеке пайдасын ойлоо деген дарт кирет, дүнүйө кирет. Ихлас – бул акырет үчүн, Аллах үчүн эмгек кылуу. Имам Газали хазреттери кайтыш болордо акыркы насыят катары үч жолу: "Ихластуу болгула”, - деп буюрган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш