Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Өкүм натыйжага карап берилет




Өкүм натыйжага карап берилет


Даанышман заттар айтышат:

Өкүм натыйжага карап берилет. Кылган иштериңердин башы, ортосу мындай же тигиндей болушу мүмкүн, бирок, анын натыйжасы эмне болду? Ибадат кылуудан, эмгектенүүдөн, чарчоодон, соодадан, айтор ойго эмне келсе буларды кылуудагы максат эмне, эгер Аллах ыраазылыгы болсо натыйжасы жакшы, өкүм – акырет. Эгер буларды кылууда максат напсинин каалоолору менен адамдардын мактоолорун угуу болсо натыйжасы жаман, өкүмү – дүнүйө. Аллахтын алдында дүнүйөнүн чиркейдин канатындай дагы баасы жок.

Акыретте бардык адамдар кылган иштеринин натыйжасына карата мамиле көрүшөт. Эмне үчүн, эмне максат менен кылган болсо өкүм ошого карап берилет. Ушунчалык алек болуу, чарчоо, ушунчалык аракет менен бирге натыйжасында өкүм дүнүйө болуп чыга турган болсо куруйбуз. Жанабы Аллах: "Мен үчүн кылбадыңар. Башка биринен күттүңөр. Дүнүйөдө болсо ала турчуңарды алдыңар. Менден эмне каалайсыңар?” – десе мына ошол анык балээ жана азап болот. Бул кантип белгилүү болот? Мунун орду – көңүл, сырттан билинбейт. Мунун сырттан көрүнө турчу белгиси жок, себеби, бардыгы ибадат кылууда, эмгектенүүдө, өз билгенинче бир нерсе кылууда. Аллаху таала ыраазы болгон жана ыраазы болбогон иштер бар. Ыраазы болбогондорун ансыз деле эсепке кошподук. Динибиз буйрук кылган иштерди Аллах ыраазылыгы үчүн кылуудабызбы же башка нерсе үчүнбү? Маселе мына ушул! Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам”: "Аллаху таала силердин көрүнүшүңөргө, мал-мүлкүңөргө [мартабаңарга, жакшы иштериңерге] карабайт, буларды кандай ниет менен кылгандыгыңарга карайт”, - делүүдө. Ошондуктан, ниетибизди оңдообуз шарт.

Ужубдан, б.а., өзүбүздү жактыруудан өтө сактануубуз керек. Бир адамда ужуб бар экендиги же жок экендиги кандайча белгилүү болот? Ужуб ээси болгон адамдын беш белгиси бар:

1- Текебер болот. Башкача айтканда, башка адамдарды жактырбайт.

2- Аллаху тааланын азабынан коркпойт. Дайыма, Аллах кечирүүчү дейт. Ар күн өрттөн, селден, жер титирөөдөн, кырсыктардан өлгөндөрдү көрөт, бирок, түшүнбөйт. Башкача айтканда, Аллаху тааланын каары да бар, бирок, ужуб ээси болгон адам муну эч качан ойлобойт. Бир гана "Аллах – гафур-ур-рахим” дейт.

3- Күнөөсү бар экендигин кабыл кылбайт. Бирок, өзүн күнөөсүз деп ойлогону менен Аллаху тааланы эстебестен өткөн убакыт албетте күнөө, бирок, өзүн жактырган адам өзүнө эч күнөө кондурбайт. Күнөөнү аз көрөт жана эч маани бербейт.

4- Дин улуктарынын сухбаттарынан пайдаланбайт. Ансыз деле текебердик ар жакшылыкка кедерги болуп саналат.

5- Сурабайт, истишара кылбайт (кеңешпейт). Бул дагы аны жамандыкка алып барат.

Эч бир адам "мен ужуб ээсимин” деп айтпайт. "Ужуб ээсимин” десе ансыз деле ужуб ээси болбойт, себеби, эч бир адам Жаханнамга кирүүнү кабыл кылбайт. Бул беш мүнөз кимде бар болсо ал адамда ужуб бар. Ужуб ээси болгон адамдын бара турчу жери – Жаханнам.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш