- Тообонун
акыйкаты – өткөн күнөөлөргө өкүнүү, келе турчуларына истигфар кылуу жана
кечиримин тилөө.
- Ар таңда
жана кечте тообо кылбаган адам өзүнө зулумдук кылган болот.
- Ыклас –
бардык иштерди адамдарга жагынуу үчүн эмес Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн
орундоо.
- Аалымдын
катасы капитандын катасына окшош. Кеме чөксө аны менен бирге калган адамдар да
чөгүшөт.
- Олуянын
сухбатында болгон адам Аллаху таалага жеткирген жолду табат.
- Үч күн
өткөндө досуңузду издеңиз! Ооруп калган болсо зыярат кылыңыз! Эгер бир иш менен
алек болгон болсо жардам кылыңыз!
- Сараңдык -
бардык адамдар үчүн сүйкүмсүз жана жийиркеничтүү сыпат.
- Оорулуу
адамдын дары колдонуусу себеп болуп саналат. Шифааны берет турчу Аллаху таала.
- Дүнүйө –
фундаменти кыйынчылык үстүндө курулган үй. Ал жерде кыйынчылык болбостон жашоо
мүмкүн эмес.
- Орундуу сөз
сүйлөгөн адам кечирим суроого мажбур болбойт.
- Өзүн ашыкча
мактаган адам башка адамды дагы ошончолук жамандайт. Башка адамды ашыкча
жамандаган адам өзүн дагы ашыкча мактайт.
- Күнөө жана
дүнүйөлүк сүйүү менен ооруган көңүлдөрүңөрдү дүнүйөдөн сууп жана күнөөлөрдөн
баш тартуу менен эмдегиле.
- Сабыр – бул
Аллаху таалага таянып тынчтык табуу жана башка түшкөн кыйынчылыкты көңүл
кубанычы менен тосуу.
- Аллаху
тааладан жана Анын досторунан бет бурган көңүл ооруга чалдыккан.
- Мечиттер –
Аллаху тааланын үйү. Зыярат кылынгандын зыярат кылганга сый берүүсү улуу
мартабасынан болуп эсептелет.
- Ким илим
издесе үйрөнөт. Илим үйрөнгөн адам күнөө кылуудан коркот.
- Ооздон
чыккан жакшы-жаман ар бир сөздүн эсеби бар.
- Жаханнамды
билип турса дагы күнөө кылган адамга таң калууга болот.
- Ким бидат
ээлерин жактырса Аллаху таала анын амалын жок кылат жана көңүлүнөн Ислам нурун
чыгарат.
- Напсинин
алдоосуна, дүнүйөнүн жалганчы жана өткүнчү даамына берилген адам жакшылыктын
даамын сезе албайт.
- Жакшы нерсе
үйрөнсөңөр аны башка адамдарга да үйрөткүлө! Ушундайча бул жакшылыктын
жемиштеринен пайдаланасыңар.
- Сабак алына
турчу окуялар абдан көп. Бирок, булардан сабак алган адамдар өтө аз.
- Ким илимди
издеп үйрөнсө күнөө иш кылуудан качат. Күнөөдөн качкан адам болсо Кыямат күнү
жазасынан кутулат.