Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Ниматтар качан көбөйөт




Ниматтар качан көбөйөт


- Мусулманчылык ниматтарынын колдон кетүүсүнө себеп - булардын баркын билбөө. Колубуздан алган - Аллаху таала. Аллаху тааланын илахи адаты мындай: жакшы иштерди сүйгөн пенделерине, ал эми жаман иштерди душмандарына кылдырат. Аллаху таала Курани керимде: "Ниматтарымдын баркын билип, шүгүр кылсаңар аларды көбөйтөмүн. Баркын билбей, нанкөрдүк (жакшылыкты билбегендик) кылсаңар, колуңардан алып, катуу азап кыламын”, - деген мааниде билдирүүдө. Ар нимат үчүн да ушундай. Шүгүр кылуу ал ниматты уруксат берилген жана буйрук кылынган жерде колдонуу болуп саналат. Тили менен "алхамдуллиллах" же "көп шүкүр деп айтуу" менен шүгүр кылынган болбойт. Бул "хамд” деп аталат. Хамд тил менен, шүгүр дене аркылуу кылынат. Көз ниматына шүгүр кылуу үчүн Аллаху таала тарабынан кара делген жерге карап, караба делген жерге карабаш керек. Ыйман ниматына шүгүр кылуу үчүн да аны Аллаху тааланын башка пенделерине жеткизүү керек. Бирок, туура ыйманды, б.а., ахли сүннөт ишенимин.

- Дүнүйөдөн сактангыла деген – харамдардан, тыюу салынган нерселерден сактангыла дегенди билдирет.

- Мусулмандар Аллаху таалага тобокел кылышат. Тобокел жумуш кылбай жатып алып күтүү дегендик эмес. Тобокел – иштеп, себептерине жармашып, ал себептин таасирин Аллаху тааладан күтүү дегендик. Эч нерсе кылбастан "эй Кудайым мага бер" деген болбойт. Бул намаз окубай эле, Кудайым күнөөлөрүмдү кечире көр деген менен бирдей. Намаз окубаган адамдын дубасы кабыл болбойт.

- Жакшы себепке жармашкан жакшы натыйжа алат. Аракет кылып, натыйжа ала албасаңар кемчиликти өзүңөрдөн издегиле.

- Көралбастык кылган адам бактылуу боло албайт.

- Ибадат үчүн даарат шарт, соодада чынчылдык шарт.

- Динибизде бир нерсе суроо зиллат (кордук), бир нерсе берүү болсо иззат (аброй).

- Халал акча менен тамактанган адамга ибадат кылуу оңой болот.

- Челегинен чыкпаган аары бал топтой албайт.

- Акча бир нерсеге жароо үчүн жаратылган, сүйүү жана чогултуу үчүн эмес.

- Акча сүйүүсү жылан сүйүүсү сыяктуу.

- Дүнүйө байлыгын жүрөгүнөн чыгарып салган адам Аллахтын сүйүктүү кулу болот.

- Динди куткаруу үчүн дүнүйөнү бергиле.

- Жумуш кылып, табыш табуунун кыйынчылыгын тартпаган адамдан пайда жок.

- Аллахтын берген ырызкысына ыраазы болгон адамды, башкалардын колунда болгон ниматтар капа кылбайт.

- Жумуш кылбай ар кимге муктаж болуп калгандардын дини жана акылы кемчиликтүү болот.

- Байлык табуу менен абийир табылбайт.

- Соодада үч шарт бар: Сапат, баа, таттуу тил жана жылуу жүз.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш