Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Экөө аманат, бирөө аныкы




Экөө аманат, бирөө аныкы


Даанышман заттар айтышат:

* Адамда жаратылган ушул үч нерседен экөөсү аманат, бирөө гана аныкы:

Биринчиси: Рух. Адам эненин курсагында 120 күндүк болгондо рух денеге кирет жана эненин курсагында кыймылдай баштайт. Анан өлгөндө рух денеден чыгат жана келген жерине кайра кетет. Буларга ал такыр кийлигише албайт. Демек, бул рух аныкы эмес.

Экинчиси: Дене. Туулат, жашайт жана өлөт. Өлгөндө топурактын астында аны көзгө көрүнгөн-көрүнбөгөн канча деген жандуулар жейт. Анткени, топурактын астында көзгө көрүнбөгөн бактериялар да бар. Дене дагы жок болуп кетет. Буга дагы ал такыр кийлигише албайт. Демек, бул дене да аныкы эмес. Бул - Аллаху тааланын андагы бир аманаты.

Үчүнчүсү: Адамдын бул дүнүйөдө кылган жакшы жана жаман иштери. Алар жок болбойт, аны менен таразанын башына келет. Демек, жалгыз дүнүйөдө кылгандары гана аныкы.

* Адамдагы жөндөмдүүлүк маанилүү, бирок, кайда жана эмне үчүн колдонгондугу маанилүү. Бул жөндөмдүүлүк ага ниматка себеп болобу же азапка себеп болобу ошого жараша ойлоп, аракет кылуу керек. Хаттаб уулу Омар дагы мусулман болуудан мурда абдан жөндөмдүү эле. Мусулман болду, Хазрети Омар болду. Кызматтары белгилүү. Пайгамбарлардан кийин адамдардын даражасында экинчи болду. Абу Жахл да ошондой жөндөмдүү эле, эгер мусулман болгондо Хазрети Омар сыяктуу зат болмок. Тилекке каршы жөндөмүн жамандыкка колдонду, Тозокко кетти.

* Жашоо чөлдө соккон жел сыяктуу келип кетет. Бул өтө кыска жашоодо залымдын зулумдугу да бир жел сыяктуу келип кетет. Бирок, зулумдук көргөн адамдын каргышы кетпейт, алар калат. Кыяматка чейин калат. Ошондуктан, бул дүнүйөдө мүмкүнчүлүк бар болуп турганда халалдашуу зарыл, мен сенден акымды тиги дүнүйөдө аламын дебеш керек. Ал жерде эсептер терс болуп калышы мүмкүн.

* Динге ылайык жашоо жана динге кызмат кылуу үчүн дүнүйөлүк мүлк суроо керек. Дүнүйөлүк мүлк башка нерсе үчүн суралбайт.

* Аялдарыңар менен абдан жакшы мамиледе болууңар керек, анткени, анын акысы абдан өтөт. Аны менен дайым халалдашып туруу керек.

* Бир адам каримдердин эшигин өтө каалап, ыкылас менен какса эшик ачылат.

*Аллахтын Расулунда жок болуу, аны абдан сүйүү зарыл экендиги сыяктуу Анын мурасчыларында да жок болуу керек. Мурасчыларына кылынган бир нерсе Расулуллахка барат. Ошондуктан, абдан дыкат болуу жана коркуу керек.

* Аллаху таала беш маал намаздын ар бири окулганда биринчи окулган намаздын убагынан баштап кылынган күнөөлөрдү өчүрөт. Ар Жума мурдагы Жумадан баштап кылынган күнөөлөргө кафарат болот жана ар Рамазан дагы мурдагы Рамазандан баштап кылынган күнөөлөрдү жок кылат. Себеби, Аллаху таала кечирүүнү өтө жакшы көрөт.

* Улуулардын сөздөрү шифаа.

* Имам Раббани хазреттери айтат:

"Адам муктаж болгон нерсеге байланат. Акчага муктаж болсо акчага, мал-мүлккө муктаж болсо мал-мүлккө, шафаатка, ихсанга муктаж болсо Улууларга байланат.

* Фитнадан аябай сактануу керек. Фитна ыктымалы болсо пайдалуу болсо дагы сүйлөбөш керек, түшүндүрбөш керек. Фитна чыга турган болсо зыяны чоң болот.

* Эң кыйын нерсе – адамдарды башкаруу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш