Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Адам үчүн эң жаман беш нерсе




Адам үчүн эң жаман беш нерсе


* Харам жегендердин бүт дене мүчөлөрү кааласа да, каалабаса да күнөө кылат. Халал жегендердин дене мүчөлөрү болсо ибадат кылат.

* Адепти сактабастан кылынган кызматтардын пайдасы жок.

* Дүнүйөдөн кийинки жолчулук өтө узак. Ал узак жолчулук үчүн керек болуучу нерселерди камдап алгыла!

* Өзүнүн жана бала-бакырасынын тиричилик каражаттарын камсыз кылуу үчүн иштөө - фарз.

* Дүнүйө жана акыретте жакшылык сабыр менен колго тийет.

* Эң пайдалуу амал – напсинин каалоолорунун терсин кылуу.

* Адамдар дуушар болгон балээ жана кыйынчылыктардын эң чоңу - акырет жана дүнүйө иштери менен алектенбей бош отуруу.

* Дин – адамдарды түбөлүк бактылуулукка алып баруу үчүн Аллаху таала тарабынын көрсөтүлгөн жол.

* Бир адам үчүн эң жаман беш нерсе: ыймансыздык, кибир (текеберлик), аз шүгүр, жаман ахлак жана сараңдык.

* Аллаху таала башкаларга ырайым кылбаган адамга ырайым кылбайт, кечирим сурагандарды кечирбеген адамды кечирбейт.

* Мал-мүлк сараңдарда, курал коркоктордо, башкаруу да алсыздарда болсо иштер бузулат.

* Диний илимдер – дүйнөдө жана акыретте бактылуулукка ээ кылган илимдер болуп саналат.

* Дүнүйөлүк нерселер үчүн капалануу жүрөккө караңгылык, акырет үчүн капалануу болсо жүрөккө нур.

* Аракет кылбай жана мээнет кылбай Бейишке кире турганын ойлогон адам бош кыялдарга кабылат.

* Шарапаттуу жана асыл адам сөзүндө турат. Акылдуу адам жалган сүйлөбөйт. Момун адам ушак кылбайт.

* Илими жок адамдын дүнүйөдө да акыретте да эч кандай баркы жок.

* Ар жамандыктан узак болуунун жолу – тилине ээ болуу.

* Дүнүйө сыноо жери болуп саналат. Бул жерде дос-душманга бирдей ырайым кылынган. Акыретте болсо бир гана досторго ырайым кылынат.

* Ачууланган кезде өзүнө аманат кылынган сырды ачып койгон адам эң төмөн адам.

* Жумуш кылбай, ар кимге муктаж болуп калган адамдын дини жана акылы кем болот.

* Жамандар менен бирге болгон жана аларды коргогон адамдар да жамандардан болуп саналат.

* Кибир жана ачуу адамдардын башына көп балээ кырсыктарды алып келет.

* Башкаларды оңдоону кааласаң алгач өзүңдү оңдо!

* Аалым жана олуялардын кабырларын зыярат кылгыла! Себеби, ал улуулар зыярат кылгандарга шапаат кылышат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш