Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Күнөөкөр кулдарга Аллаху тааланын сүйүнчүсү




Күнөөкөр кулдарга Аллаху тааланын сүйүнчүсү


*Адам көбүнчө билип туруп куфурга түшпөйт, билбей куфурга түшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан, "Эй, Рабби! Билип же билбей куфурга себеп болгон бир сөз айткан болсом же бир иш кылган болсом өкүндүм, мени кечире көр!” деген дубаны көп окуубуз зарыл. Куфур электр чырагынын өчүргүчү сыяктуу. Бир басылса байланышты үзүп коёт. Бир адам куфурга түшүп калган болсо эмне кылса кылсын, канча көп ибадат кылса кылсын, эч кандай пайдасы жок. Анткени, өчүргүч байланышты токтотуп койгон болуп, лампочка, жабдуулар канчалык мыкты болсо да электр тогу келбегендиктен эч кандай пайдасы болбойт.

Көп мас кишилер бар, кылганына өкүнүп, тообо кылат, ыйманын сактап кайтыш болот. Көп дербиштер, муриттер (шакирттер) бар, текебер болушат, күнөөлөрү үчүн тообо кылбай ыймансыз кетишет. Жунайди Багдади хазреттерине бир поп келип: "Менин даражам жогорубу же сениң даражаң жогорубу деп?” - сурайт. Ал дагы: "Бир жумадан кийин кел”, - дейт. Бир жумадан кийин келгенде Жунайди Багдади хазреттеринин кайтыш болгонун көрөт. "Бүгүн мага суроомдун жообун бериши керек эле”, - деп айтканда, табытты көрсөтүшүп: "Ал бекеринен айтпаган чыгаар, мына табыт, барып өзүнөн сура”, - дешет. Табыттын башына барып, ошол суроосун кайра сурайт. Жунайди Багдади хазреттери Аллаху тааланын уруксаты менен башын көтөрүп, мындай деп жооп берет: "Өткөн жума акыркы демимдин кандай болушун билбегеним үчүн сага жооп бере албадым. Мен ыйманым менен кайтыш болуп, өзүмдү куткардым. Ошондуктан, менин даражам сенден жогору. Сен өзүңдү кара.” Поп ыйлай баштайт жана келиме келтирип, мусулман болот.

*Пайгамбарыбыз алейхиссаламга бир яхуди келип, салам бергендей кылып: "Ас сам алейкум”, б.а., "Өлөсүң, жок болосуң”, - дей айтат. Пайгамбарыбыз болсо: "Ва алейкум сам”, - деп жооп берет. Кеткенден кийин Хазрети Айша энебиз: "Аллах балээңерди берсин, силерди лаанат кылсын...” сыяктуу сөздөрдү айта баштаганда Пайгамбарыбыз токтотуп "Андан ашыгына акыбыз жок, бизге эмне кылган болсо биз да ошончо кыла алабыз”, - деди. Капыр да болсо кылганынан артыгын кылуу жаиз эмес.

*Аллаху таала күнөө кылгандардын жазасын берет, бирок, истигфар кылгандарды кечирет. Куш кабарлары көп, Раббибиздин ырайымы кенен. Сексен жыл чиркөөдө поп болгон, жада калса, Исламиятты жыгууга аракет кылган адамды дагы бир калимаи шахадат айтуусу менен кечирүүдө. Аллахумма иннака афувун каримун тухыббул афва фа’фу анни (Эй, Рабби! Сен кечиримдүүсүң , ихсан кылуучусуң, кечирүүнү сүйөсүң, андай болсо мени да кечире көр!) Бул дубаны ар бир намаздан кийин окуу керек. Булар күнөөкөр кулдарга Аллаху тааланын сүйүнчүлөрү.

*Напси - Аллаху тааланын душманы. Пайгамбарыбыз алейхиссалам - Аллаху тааланын досу. Напсиге моюн сунсак Аллаху тааланын душманына моюн сунган болобуз. Ислам динине моюн сунсак Аллаху тааланын досуна моюн сунган болобуз.

*Дары оорулуу адам үчүн. Дары колдонгон адам үчүн.

*Колдо барга шүгүр кылып, канаат кылуу керек. Колдо бар болгон нерсе менен эптөө керек. Ысырап ниматка куфур кылуу, дайым "Бул мага керек болуп калат” деген менен башталат. Бир жолу бул мага керек деп айтканда дагы артынан кайра келет, бул да керек, ал да керек деп улана берет. Керек деген нерселерге жетүү үчүн диндин сыртына чыгат да кабары болбойт.

*Намаз окубоонун канчалык чоң күнөө экенин түшүнүү үчүн абдан сүйгөн, мисалы, балаңызга сыртка чыгып, мен чакырганда кел деп айтып көргүлө. Чакыргыла, кайра чакыргыла, ал келбесин. Силер канча жолу чакырсаңар да ал угуп турганына карабастан келбейт. Эмне кыласыңар ага? Аллаху таала күндө беш жолу кулдарын чакырууда. Анын үстүнө, бул чакырыктын пайдасы өзүбүз үчүн. Чакырыкка макул болуп баргандар үчүн бере турган ихсандары да бөлөк. Ага карабастан улуу Раббибиз канчалык сабырдуу, канчалык ырайымдуу, күндө беш жолу чакырганына карабастан келбеген кулдарын эч нерсе кылбай жатат, ырыскысын токтотпой жатат жана мүмкүнчүлүк берүүдө.

*Окууну каалагандарга намаз эч качан тоскоол болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш