Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Эң баалуу жана эң жаман эки нерсе




Эң баалуу жана эң жаман эки нерсе


Даанышман заттар айтышат:

* Эң баалуу эки нерсе бар. Андан да өткөн баалуу эч нерсе жок. Булардын биринчиси - Аллаху таалага ыйман, экинчиси - Анын кулдарына пайдалуу болуу, адамдарды кубантуу. Эң жаман, андан да өткөн төмөнү жок эки нерсе бар. Биринчиси - Аллаху таалага ширк кошуу, экинчиси болсо - Анын кулдарынын көңүлүн оорутуу. Каабаны жыгуу кандай жаман нерсе! Бир момундун көңүлүн оорутуу болсо жетимиш жолу Каабаны жыгуу сыяктуу күнөө. Көңүл оорутунун канчалык жаман нерсе экенин ушундан түшүнүү керек.

* Момун момундун бир тууганы. Кимде ким бир момун бир тууганына жардам берсе Аллаху таала дагы ага жардам берет. Кимде ким бир момун бир тууганынын кемчилигин жапса Аллаху таала дагы акыретте анын кемчилигин жабат. Кимде ким момун бир тууганын кубантса Аллаху таала аны акыретте кубантат. Кимде ким момун бир тууганынын муктаждыгын кетирсе Аллаху таала дагы анын муктаждыгын кетирет.

* Дин улуктарынын жолунун негизи опалуу болуу. Ар кимдин жакшы тарабын гана көрүп сүйүү болуп саналат.

* Бири-бирибизди сүйгөнүбүз напсибизди сүйбөгөнүбүзгө байланыштуу. Напсин сүйгөн адам досун, улуктарды жана Аллаху тааланы сүйө албайт. Себеби, бир жүрөктө эки сүйүү орун албайт.

* Мусулмандын көзүнүн нуру, жүрөгүнүн кубанычы - намаз. Дарттарына шифаа, кыйынчылыктарына жеңилдик - намаз. Жашоонун максаты - намаз, Аллаху тааланын алдына чыгуунун убактысы - намаз... Намаз окубаган адам Аллаху тааланын алдына чыгуудан баш тартып, кимдердин алдына чыгууда!

* "Алхамдулиллах" Аллахка хамд (шүгүр) болсун дегенди билдирет. Намаз окуган адам күндө 40 жолу хамд кылууда. Себеби, намазда Фатиханы окууда. Аллаху таала намаз окуган адамды ушунча кемчилик жана күнөөсүнө карабастан аны кабыл кылууда. Кабыл кылынгандардан кылууда. Ушундай көп адамдар бар, аларды кабыл кылбоодо. Намаз окуган адам бул үчүн айрыкча көп шүгүр кылууга тийиш. Намаз окубаган адам бул үчүн абдан ойлонуп көрүүгө тийиш.

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва салламдын заманында сахабалардан бир зат Расулуллах алейхиссаламга келип: "Табышым аябай жакшы, бирок, ага карабастан кыйналып оокат кылуудамын”,  деп арызданат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

- Үйүңөрдө намаз окубаган адам барбы? – деп сурайт. Ал зат:

- Жок, үйдө баарыбыз намаз окуйбуз. Намаз окубаган адам жок, – деп жооп берет. Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

- Кошунаңарда, жада калса, көчөңөрдө намаз окубаган адам барбы? – деп сурайт. Ал зат:

- Кошуналарда жана көчөбүздө намаз окубаган адам жок, – деп жооп берет.

- Бир изилдеп көргүлө, көчөңөрдөн намаз окубаган бирөө өткөн бекен? –деп айтканда ал зат:

- Изилдеп көрдүк, көчөбүздөн намаз окубаган эч ким өтпөптүр, – дегенде, Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

- Бул берекесиздик намаз окубагандыктан, –дегенде, ал зат кайра изилдеп көрөт жана:

- Эй, Расулуллах! Намаз окубаган бир адамдын жаназасын алып баратышканда табыты үйүмдүн дубалына тийип кеткен экен, – деп айтканда Пайгамбарыбыз алейхиссалам:

- Мына, үйүңөрдөгү берекесиздик ушундан. Ал дубалды дароо жыгып сал. Жаңысын тургуз! – деп буюрду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш