Даанышман заттар айтышат:
Мусулман бир гана Бейиш ниматтарын жана түбөлүк
экенин же Тозоктун түбөлүк экенин жана азаптын катуулугун ойлоп көрсө, башка
нерсеге муктаж болбойт. Өлүм жазасына өкүм кылынган адамдардан башка эмнени
ойлойт? Жеп-ичүүнү токтотот, "Муну жасаймын, тигини жасаймын!” деген ою
кайда калат. Доктур анализден кийин: "Сен ракка чалдыгыпсың” деп айтканда,
ал оорулуу адам рак экенин билип кемирилип баштайт...
Өлүмдүн башыбызга келе турганын эч качан
унутпашыбыз керек. Ар бир адам өлүмдөн кутула албайт жана ар бир адам сөзсүз
өлөт. Адам өлгөндө эч ким болуп калат. Мал-мүлкү, бала-бакырасы жана башка
эмнеси болсо баары бир заматта жок болот. Чыныгы жашоо мына ошол күнү башталат.
Ушунчалык кыска жашоодо дүнүйөлүк нерселерге берилүү, кутуруу, бир күнү сени
таштап кете турган мал-мүлктүн аркасынан чуркоо, буларды жакшы көрүп өлүү бир
нерсеге арзыйбы?
Аллаху таалага тобокел кылуу, үмүт жана ыйман
азайган сайын адам өзүн коопсуз сезүү үчүн көптөгөн чараларга кайрылат. Бул
пенсия, бул талаа, бул банк, бул үй деп, ушулар менен убара болуп калат. Ал эми
булардын баары бош нерселер.
Бир эле карылар эмес жаштар дагы өлүүдө. Ар күнү
жакындарыбыздан, досторубуздан, тааныштарыбыздан бирөөнүн кайтыш болуп
жатканына күбө болуудабыз. Түшүнгөн адам үчүн бул нерсе өлүмдү эстөө жана
мындан сабак алуу жагынан өтө маанилүү. Анткени, "Шаттыгыңарды
сындыра турган, лаззатарыңарды жок кыла турган өлүмдү көп эстеп тургула!” деген
маанидеги хадиси шариф муну баса белгилөөдө. Өлүм бул – кыял болгон жашоонун
соңу жана түбөлүк болгон чыныгы жашоонун башталышы.
Аллаху таала бир капилляр тамырыбызды бүтөп койсо,
кыска убакытка бүтөлгөн бойдон калса, шал болобуз. Бул бүтөлгөн тамырыбызды
өзүбүз ача алабызбы? Айрыкча мээге же жүрөккө барган бир тамырдагы уюп калган
кан дароо шал кылат. Ошол кезде триллиондогон акчабыз болсо да эмнеге жарамак
эле? Бир кылдай тамыр же бир нерв үзүлсө бардык нерсе бүтөт... Абал ушундай
болушуна карабастан "Бир ай же бир жылдан кийин кантип оокат кыламын?” деп
ойлонобуз. Биз азыр жашап жатабыз, ден-соолугубуз жакшы, ушул кызматтарды
аткарып жатабыз. Булардын бардыгы акчанын жардамы мененби же Аллаху тааланын
кудурети менен болуп жатабы? Муну жакшы ойлоо керек. Алгач бул жакшылыктардын
шүгүрүн өтөө керек. Мындан кийин ансыз деле мал-мүлккө, акчага көңүл байлоого
кезек келбейт...