Даанышман заттар айтышат:
Аллаху таала тообо истигфар кылган адамды сөзсүз
кечирет. Ким истигфар кыла турган болсо сөзсүз кабыл болот. Наср сүрөсүнүн
маанисинде: "Раббиңе истигфар кыл, Ал сөзсүз тооболорду кабыл
кылуучу!” деп билдирилди. Худ сүрөсүнүн маанисинде да: "Истигфар
окугула, жардам беремин”, - деп айтылды. Тообо кылалы. Аллаху таала
тообо кылгандардын тообосун кабыл кылат. Пайгамбарыбыз алейхиссаламга бир киши
келип: "Мен бир күнөө кылып, тообо кылдым. Аллаху таала тообомду кабыл
кылды бекен?”- деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Кылды”, - деп жооп берди. Ал
киши: "Бирок, мен кайра күнөө кылдым, кайра тообо кылдым. Тобомду дагы
кабыл кылдыбы?” – деди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайра: "Кылды”, - деп
жооп берди. Ал киши кайра сураганда: "Сен кайра – кайра сурап
убара болбо. Эгер бул Кыяматка чейин улана турган болсо сен тообо кылган сайын
Аллаху таала сени кечирет”, - деп айтты.
*Ар намаздан кийин он бир Ихлас сүрөсүн окууга
аракет кылуу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтат:
"Кимде ушул үч нерсе болсо Бейишке
каалаган эшигинен кирет: Кул акысын төлөгөн, ар намаздан кийин он бир жолу
Ихлас сүрөсүн окуган, өзүн өлтүргөн адамды кечирип өлгөн адам.”
*Ыйман бар болсо, демек бардык нерсе бар. Ыйман
жок болсо, демек эч нерсе жок. Ыйман бул – жашоо жана жандуулук. Дене
топурактан бар болду, кайра топурак болот. Денеге жандуулук берип турган нерсе
- ыйман. Улуу заттар ыймансыз денени кабырга окшотушкан.
*Адептүү адамдын өмүрү артат.
*Мусулмандын максаты чексиз болууга тийиш.
*Момундун шаттуулугу жүзүндө. Кабагы бүркөк болуу
момунга жарашпайт.
*Мусулман алууга эмес берүүгө аракет кылат.
Анткени, мусулман үчүн дүнүйө ала турчу жер эмес, бере турчу жер. Алуу
акыретте.
*Садага берип, көп жакшылык кылуу керек. Садага
өмүрдү арттырат, кыйынчылыктарды, балээлерди, ооруларды кетирет.