Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » «Жердин асты жакшыбы же үстү жакшыбы?»




«Жердин асты жакшыбы же үстү жакшыбы?»


Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) Асхабы кирам (алейхимурридван) менен отурган кезде алардан мындай деп суроо сурайт:

- Мен азыр силердин араңардамын, баарыбыз бирге Асры саадатта жашап жатабыз. Рисалет вазыйпам бүткөн кезде дүнүйөдө ишим калбайт, араңардан кетем... Менден кийин силер үчүн жердин алды жакшы болобу же үстүбү? Алар болсо:

- Аллахтын Расулу жакшы билет, - деп жооп беришет.

Жеке эле бул суроого эмес жалпысынан бардык суроолорго ушундайча жооп беришчү. Жер бети күбө болгон эң мубарек, эң фазилаттуу жамаат ошолор эле. Мындан башкача кыймыл аракетте болуулары аларга жарашмак эмес. Ушундай дешкенден кийин сүйүктүү Пайгамбарыбыз суроого кайрадан өздөрү жооп беришти:

- Силерди башкарган амирлериңер кайырлуу жана жакшыларыңардан болсо, байларыңар дагы жоомарттарыңардан болсо, иштериңерди бири-бириңер менен кеңешип, истишара аркылуу орундап жаткан болсоңор жердин үстү силер үчүн алдынан да жакшыраак...

Бул үчөө бириге турган болсо бардык адамдар хузур (тынчтык) ичинде өмүр сүрүп, дүнүйө жана акырет бактысына ээ болушат. Жакшы башкаруучулар адилеттик менен иш кылып, ал кезде эч ким эч кимге зулумдук кылбайт. Жакшы башкаруучулар калк тарабынан сүймөнчүккө ээ болот. Кыямат күнү дагы баары коркуу менен башаламан болуп турган кезде алар Раббибиздин рахмет көлөкөсүнүн алдында болушат. Бул хадиси шариф менен сүйүнчүлөнгөн.

Бир жерде бай болгондордун жоомарт болуулары ошол жамият үчүн чоң жакшылык болуп саналат. Бардык адамдар жоопкер болушат. Байлар жана кедейлер ортосунда бири-бирине сүйүү пайда болуп, жашоо шарттарын алып караганда бири-бириникинен артыкча айырма болбойт.

Истишара менен кылынган иштерде өкүнүч өтө аз болот. Бир кишинин чечими менен орундалган иштерде күтүлгөн натыйжа колго тийбейт. Үйдөгү эсеп базарга туура келбеши мүмкүн... Ошондуктан, кыла турчу бардык иштерибизде истишара кылып, ал ишти билген бирөөнүн кеңешин алуубуз керек. Ушундайча сүннөттү орундоо менен катар өзүбүз билбеген көп нерселерди дагы үйрөнгөн болобуз...

***

Хадиси шариф уланат:

- Эгер амирлериңер, силерди башкаргандар заалымдардан болсо, байларыңар дагы сараңдардан болсо, аялдар силерге буйрук-тапшырма берип жаткан болсо анда жаман.

Заалым башкаруучулар болгон мамлекетте хак, укук болбойт, күчтүүлөр алсыздарды эзет. Мындай жерлерде жашоо өтө кыйын болот.

Хадиси шарифте айтылат:

«Женабы Хак бир элге жакшылык кылууну мурат кылса аларга жакшы башкаруучуларды насип кылат.»

Сараң байлардын өздөрүнө дагы, элине дагы пайдасы болбойт. Өмүрү кыйынчылык менен өтөт. Табыш таап жатканда азап чегишет. Тапкандарын коргоо үчүн өмүр бою кароолчу болушат. Өлүп жатканда дагы кайгы-касырет менен өлүшөт.

Аялдар - бизге Аллаху тааланын аманаты. Салиха болгон аял момундар үчүн бакыт, Жаннат ниматтарынан болуп саналат.

Балдарыбызды дүнүйөгө алып келип, чоңойтуп, бизге кайырлуу бала кылып жетилтүүлөрү бизге жетиштүү. Үй иштерин дагы бизге таштабай бакубат өмүр сүрүүбүзшө себеп болушууда. Бул кызматтар алар үчүн жетмек турсун артып калат. Айрыкча сырттагы иштерибиз менен дагы алардын колун ээлеп алек кылбообуз керек. Жер үстүнүн бардыгыбыз үчүн дагы да кайырлуу болуусу үчүн аракет жана дуба кылуубуз керек...

М.Саид Арвас

 

26.12.2013


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш