* Эгер адам баласы өлө турган убактысын билгенде акылынан адашмак. Өлүм
маалынын бизден жашыруун болгондугу да жакшы. Эгер гафилдик болбогондо эч ким
бир дагы ишин карамак эмес. Гафилдик жана узак эмел-максат артынан жүгүрүү
жаман болуу менен бирге эки чоң нимат болуп да саналат. Эгер бул экөө
болбогондо мусулман көчөдө баса албай турган абалда болмок.
* Дүнүйө өзүндөгү курулуштарды акмактардын гафилдигине карыз.
* Кандай кызык, өлүм сенин артыңан кубалайт, сен дүнүйөнүн артынан
кубалайсың.
* Захит болуу жаман кийим кийинүү эмес узак эмел максаттарды таштоо.
* Өлүм моюнда асылуу, дүнүйө болсо аркаңа жүктөлүү. Адам баласы кылыч мойнуна
чабыла тургандай өлүмгө даяр болуусу керек.
Азраил алейхиссалам менен бир туугандарча көрүшкөн
Якуб алейхиссалам айтат:
- Сага бир өтүнүчүм бар. Ажалым жакындаган кезде мага кабар бер!
- Сага бир нече кабарчы келет.
Бир нече мезгил өтпөй Азраил алейхиссалам кайра
келет. Хазрети Якуб сурайт:
- Мени зыярат кылууга келдиңби?
- Жаныңды алуу үчүн келдим.
- Бир нече кабарчы келиш керек эмес беле?
- Сага кабарчы келбедиби? Чачтарың агарбадыбы?
Дене-башың алсырабадыбы? Типтик турган белиң бүкүрөйбөдүбү?
Бир тикмечи улуу бир заттан сурайт:
- Өлүм төшөгүндө жатканда да тообо кабыл боло турган болсо ошол маалга чейин
тообону кечиктирсе болобу?
- Өлүм төшөгүндө жатканда да тообо кабыл болот,
бирок, тообону кечиктирүү туура эмес.
- Эмне үчүн?
- Сенин кесибиң эмне?
- Тикмечимин, кийим тигем.
- Тикмечиликте эң жеңил иш эмне?
- Кездемени кайчы менен кесүү.
- Канча жылдан бир тикмечисиң?
- Отуз жылдан бери.
- Жаның кекиртегиңе келген кезде кездемени кесе
аласыңбы?
- Жан кыйналган кезде кездеме менен алек болмок белем? Кесе албайм, албетте.
- Отуз жыл бою оңойлук менен кылган ишиңди ошол
кезде кыла албасаң анда өмүрүңдө эч кылбаган тообоңду жаның кекиртекке таяган
кезде кантип кыласың. Азыр алы-күчүң бар кезде тообо кыл! Кийин кылуу кыйын
болот. Азыр тообо кылсаң ошол маалда да тообо кылуу насип болот.
Тикмечи өлүм төшөгүн күтпөстөн дароо тообо кылып,
салих адамдардан болду.