Чыныгы сүйүү


Даанышман заттар айтышкан:

Сүйүүнүн напсиден, шахваттан же рахмандан экендигин кантип түшүнүүгө болот? Чыныгы сүйүү бир гана ал сүйүүгө жеткендердин бере турган сүйүүсү менен колго тиет. Биздин өз каалообуз менен болгон сүйүү рахмандан келген сүйүү боло албайт, себеби, ажырата албайбыз. Дүнүйөгө табынган, дүнүйө аркасынан жүгүргөн адам Аллаху таалага арнап ырларды жазып, ашыктыгын жарыяласа дагы эч кадыры жок, себеби, жүргөн жолу бузук. Ошол бузук багытта жүрүп Аллаху тааланы кантип сүйгөн болсун? Адам бир гана дин улуктары көрсөткөн багыт менен жол ала турган болсо максатка, кутулууга жетет. Өз акылына, арзуусуна жана өз билимине таянып жол тапкысы келген адам жолдо калат. Жолдо адашып, карга-кузгунга жем болот. Какыраган чөлдө, дарыяда из жок, белги жок жерде сиз Аллаху таала ыраазы болгон эшикти таап бармакчысыз. Дүнүйөдө эң кыйын нерсе мына ушул. Максат ансыз деле ушуну таап баруу. Жолдо канчалаган тоскоолдуктарды өтөсүз. Эмгектенүүнүн, акча табуунун кыйынчылыктарын баштан өткөрөсүз. Ар тарап харамга, ыймансыздыкка толгон бир мезгилде өзүңүздү коргошуңуз керек. Ишеним итикады бузук болгондор ар тараптан ыйманыңызга кол салган абалда болосуз. Бул абалда Аллаху таалага алып бара турчу өтө ичке жолду кантип табасыз? Өтө кыйын. Бул бир гана Аллаху тааланын өзгөчө ихсаны менен мүмкүн болот.

Ахли сүннөт аалымдарын, дин улуктарын тааныбаганыбызда эч бирибиз бул кызматтарды кыла алмак эмеспиз, айта алмак эмеспиз. Дайыма напсибиздин артынан жүгүрмөкпүз. Өлгөндө гана акылыбыз башыбызга келмек, бирок, эч пайдасы болмок эмес. Ошондуктан, өзүбүз ээ болгон ыйман ниматынын колубуздан чыкпоосу жана бардык адамдардын бул ниматка жетүүлөрү үчүн көп аракет кылуубуз керек.

Динибиз өзүмчүлдүктү жыккан дин. «Мен кутулдум, башкалар менен эмне ишим бар» дегендердин дини эмес. Хазрети Абу Бакр ыйманга ээ болор замат оозунан чыккан биринчи сөзү «Йа, Расулаллах, алты досум бар, дароо алып келейин, алар дагы кутулушсун» деген сөз эле. Мына бул – ыймандын кемелдиги. Б.а., бир адам кутулган кезде башка бирөөнүн дагы кутулуусун каалап жаткан болсо ал ыймандын кемелдигине жеткен болот. Кемел ыйман - мына ушул. Демек, аркалаган ишибиз, кесибибиз ар түрдүү болуусу мүмкүн, эң негизги милдетибиз адамдарга мээрим менен жакындап, алардын дагы ыймандуу болуусу, кутулуусу үчүн аракет кылуу болуп саналат. Бул милдетти аткарып жаткан кезде доктур болуубуз, мугалимдик милдетти аркалообуз же ишкер болуубуз мүмкүн. Максат – ар мүмкүнчүлүктө Аллахтын кулдарынын Исламиятты үйрөнүүлөрүнө себепчи болуу жана аларга бул ниматка ээ боло ала турчу мүмкүндүк түзүү. Мунун биринчи - шарты көркөм ахлак, көркөм кулк-мүнөзүбүз менен айлана-тегерегибиздегилердин сүйүүсүнө ээ болуу. Себеби, адам сүйгөн кишисинин сөзүн угат, сүйбөгөнүн тыңдабайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш