* Сөз - күмүш,
унчукпоо - алтын.
* Ооздон
чыккан сөз абада калбайт, же оң тарапка жазылат, же сол тарапка...
* Бир сөздү
сүйлөөдө өзүңүздүн жана каршыңызда турган адамдын акыретин ойлоо менен
сүйлөңүз.
* Сөз –
адамдын таразасы. Артыгы зыян, азы сүр.
* Аз сүйлөгөн
жектелбейт, айрыкча этибары көп болот.
* Азилдешүү
жана бекер сөз балээге жол ачат.
* Көп сүйлөө
достукту бузат, керексиз сүйлөө кемчиликтерди ачат, ачуу сүйлөгөндүн достору
качат.
* Эгер көңүлдө
тардык жана кайгы, денеде чарчоо жана алсыздык, ырыскыда кемчилик жана
берекесиздик болсо мунун бош жана орунсуз сүйлөөдөн пайда болгондугу билиниши
керек!
* Хикматты
сүйлөөдө эмес, унчукпоодо издегиле!
* Унчукпоо
акылдын кооздугу жана жахилдикти жабат.
* Унчукпоо –
аалымдын зыйнаты, жахилдин кемчилигин жапка парда.
* Ибадат он
бөлүк, тогузу унчукпоо, бири болсо жаман достон оолак болуу.
* Тил – ирфан
казынасынын ачкычы, көп сүйлөгөн адам көңүлдөгү кызмат гаухарын бошотот.
* Аз сөз адеп,
амалдарды коргоого себеп.
* Киши тилинин
алдында жашырынган. Сыр сактаган муратына жетет.
* Кайырдуу сөз
- керемет, унчукпоо - саламат.
* Жалган
алсыратат ыйманды, уят кылат адамды.
* Ушак гыйбат,
өтө катуу апаат.
* Азил балким
күлдүрөт, бирок, көңүлдү өлтүрөт.
* Жакшы сөз -
садака, махшарга - нафака.
* Көп сөз
көңүлдү катырат, Хактан алыстатат.
* Артыкча азил
- жахилдик алааматы, унчукпа кааласаң саламатты.
* Аз сөз -
хикмат, Раббибизден нимат.
* Тил сүйлөсө
көңүл тыйылат, көңүл тыйылса тил уу чачат.
* Сөз тыңдаган
аалим, унчукпаган салим болот.
* Кимдики аз
болсо сөзү, ачылат көңүл көзү.
* Тил эс алса
көңүл дагы ырахат алат.
* Көп сүйлөгөн
тантырайт, убактысын ысрап кылат.
* Ок жарасы
айыгат, тил жарасы айыкпайт.
* Акылдуу адам
билгенин айтпайт, акылсыз адам айтканын билбейт.
* Билбейм деп
айтуу - илимдин жартысы.
* Унчукпоо –
чарчабастан кылынган ибадат, чыгымсыз тагылган кооздук, өкүмдарлыкка муктаж
болбостон колго тийген дөөлөт, дубалга муктаж болбостон жасалган чеп,
иштебестен табылган байлык жана кемчиликтердин жабылуусу.
* Бардык
өкүнүчтөрүм сүйлөгөн сөздөрүмөн улам болду. Сүйлөбөгөндөрүмөн эч өкүнгөн
жокмун.
* Кээ бир
сөздөрдү айтууга күчүм жетти, бирок, айткан сөздөрүмдү артка кайтарып алууга
күчүм жетпеди.