Даанышман заттар айтышат:
Адам баласынын бул дүнүйөдө касиети илим жана
адеби менен болот. Мал-мүлктө, бийликте жана укум-тукумда эмес. Кадырлуу адам –
адебин сактаган жана дининин буйруктарына баш ийген адам. Адеп болсо өз чегин
билүү болуп саналат.
Жумушта, үй-бүлөдө ар жерде ар кимдин өзүнүн чеги
бар. Ошол чектин ичинде болгон кезде дүнүйө Жаннат сыяктуу болот. Бардык
кайгылар, кыйынчылыктар, уруш-талаштар дайым өз чегинен чыгуудан туулат. Эгер
үйдөгү аялзат өз чегин билсе, адебин сактаса Жаннат аялы сыяктуу болот. Бир
эркек дагы өз чегин билсе ошол чектин ичинде сүйлөсө, ушул чектин ичинде
кыймылдаса ошол жер Жаннат болот. Анда бул «чек» деген эмне? Муну илим аркылуу
гана үйрөнүүгө болот. Илим үйрөнбөгөн адам чегин билбейт. Хазрети Али: «Мага
бир сөз, б.а., динибизге тийиштүү бир маселе үйрөткөн адамдын кулу болом», -
деп айткан.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз дагы айткан:
«Бир шакирт динден бир маселе үйрөнүү үчүн
үйүнөн чыгып устазынын үйүнө чейин басса «Бул кадырлуу кул менин үстүмө бассын
деп периштелер канаттарын анын буттарынын алдына төшөйт. Асмандагы бардык
куштар, жердеги бардык айбандар, деңиздеги бардык бардык балыктар бул кул үчүн
«Йа, Рабби, бул Сенин диниңди үйрөнүү үчүн жолго чыкты, кечир муну» деп
истигфар жана дуба кылышат.»
Бул бир гана үйрөнүү максатында бара жаткан адамга
бериле турчу сыйлык. Үйрөтүү үчүн барган адам мындан да көп сыйлык алат.
Эгер бир жерде Аллаху тааланын динине кызмат бар
болсо ар мусулмандын үстүнө мына бул үч нерседен бирин кылуу фарз. Үчөөнү тең
кылбай турган болсо акыретте мунун өтө чоң кыйынчылыгын тартат. Эгер биздин
ата-бабалар, бизден мурункулар бул үч шатты орундашпаганда азыр биз балким
мусулман эмес динсиз адамдын балдары болор элек. Себеби, Исламият бизге эмгек
аркылуу келген. Ошондуктан, эмгеги сиңгендердин биздин үстүбүздөгү акылары өтө
чоң.
Үч фарздан биринчиси – жеке өзү
денеси менен кызмат кылуу. Чындыгында Асхабы кирам тээ Меккеден Мединага,
Африкага, Стамбулга чейин барышты. Эмне үчүн барышкан? Жердүү болоюн, байлык
табайын деген максатта эмес, Аллаху тааланын динин кулдарына жеткирүү үчүн
келишти.
Экинчи фарз – жеке өзүнүн муну кылууга
мүмкүндүгү болбосо мал-мүлк менен, акча менен буга жардам берүү.
Бул дагы мүмкүн болбосо үчүнчү фарз –
колун ачып дуба кылуу. (Аллахым, мен жеке зүм бул кызматтарга кошула албадым,
алсызмын, оорулуумун, кыйынчылыгым көп, малы-мүлкүм жок. Бирок, Ислам динине
кызмат кылган мусулмандарга жардам бер, аларды ар түрдүү жамандыктардан корго,
иштерин жүргүз, адамдар кутулушсун, динсиз-ыймансыз жашашпасын) деп дуба кылса
дагы бул шартты орундаган болот.