Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Хазрети Алиден (радыйаллаху анх) алтын насааттар




Хазрети Алиден (радыйаллаху анх) алтын насааттар


Хазрети Али бир кол салуу натыйжасында шейит болуу алдында турган эле. Балдарын жыйнап, насыят кылды. Биз дагы бул насыяттардан пайдалануубуз керек.

Хазрети Али (радыйаллаху анх) чоң кастык кол салууга туш келип, оор жаракат менен үйүнө алып барылат. Шейит болуудан мурда балдарын жыйнап, аларга насыяттарын айтты. Бирок, булар ошол эле убакта бардыгыбыз үчүн кылынган насыяттар болуп саналат. Хазрети Алинин ошол алтын насыяттары мына булар:

БалдарымЖалгыз калсаңар да, адамдардын арасында болсоңор да дайыма Аллахтан корккула, такыбаалуу болгула. 

Себеби, Раббибиз силерди дайыма көрөт жана кылган иштериңерге дайыма күбө. Бир чабан адам келип Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан сурайт: «Мен көп күнөө кылдым. Мен үчүн тообо болобу?» Пайгамбарыбыз: «Тообо эшиги ачык. Тообонун шарттары орундалса бардык күнөөлөр кечирилет», - деди. Тиги адам бул сүйүнчүнү уккандан кийин кайра сурайт: «Бул күнөөлөрдү кылып жаткан маалымда Раббим мени көрүп жаткан беле?». Пайгамбарыбыз: «Ооба», - деп жооп берет. Ал: «Аааах..», - деп өкүнүч кыйкырыгы менен рухун тапшырат.

Кубанып турган мезгилде да, ачуулуу болгон мезгилде да эмне сүйлөгөн сөздөрүңөргө дыкат болгула.

Дайыма хак (чын, туура) сөз сүйлөгүлө. Адам ачууланган маалда эмне сөз айтып жатканын биле албайт. Шайтандын адамга эң көп асылган маалы - анын ачуулуу болгон маалы. Чоң шайтан балдарына мындай деп насыят айтат:

"Адамдарга күнөө кылдыра алуу үчүн колуңарда эң чоң эки курал бар. Муну жакшы колдоно турган болсоңор силер алдай албай турчу адам өтө аз. Биринчиси алардын напсилик арзууларын азгырган кезде, экинчиси ачууландырган кезде."

Бай болсоңор да, кедей болсоңор да ысрапкорлуктан сактангыла. 
Ысрап – харам. Бир күнү Саад бин Абу Ваккас (радыйаллаху анх) бир дайранын жээгинен даарат алат. Суусу мол көрүнгөндүктөн сууну көбүрөөк колдонот. Бирок, колдонгон суусу кайрадан эле дайрага агып жаткан эле. Буга карабай Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) аны катуу эскертип: «Эмне үчүн сууну ысрап кылып жатасың, эй, эби Ваккас?» - деди.

Өкүм бере турчу кезиңерде маңдайыңарда турган адам досуңар болсо да, душманыңар болсо да адилеттүү мамиле кылгыла.

Бир тарапты карманбагыла. Себеби, берген өкүмүбүздөн эсепке тартылабыз.

БалдарымЧарчап турган кезде да, сергек маалда да ибадаттарыңарды таштабагыла. 
Убакыт өтө баалуу. Убактыңардын кадырын билгиле. Хазрети Осман (радыйаллаху анх) айткан: «Хак таала силерге бул өмүрдү жана дүнүйөнү аны менен акыретиңерди табасыңар деп берди. Болбосо ага төрт кол менен жабышып алуу үчүн эмес."

Ар кандай абалда Аллаху тааладан келген нерсеге ыраазы болгула.

Силерге тынчтык жана бакыт да берсе, кыйынчылык жана ооруу да берсе тагдырыңарга ыраазылык көрсөткүлө.

БалдарымСоңу Жаннат болчу бир өмүрдө жамандык жок. 

Соңу Жаннат болчу бир өмүрдө жамандык боло албайт. Соңу от боло турчу өмүрдүн дагы эч кадыры жок. Бардык ниматтар Жаннат (Бейиш) ниматтарына салыштырмалуу эч нерсеге татыбайт. Бардык балээлер дагы Жаханнам (Тозок) азабына салыштырмалуу таттуу.

Өз айып жана кемчиликтерин көргөн адам башка адамдардын айып жана кемчиликтери менен алектенбейт. 

Өз кемчиликтерин жойууга аракет кылат. Аллаху тааланын ага бергендигине ыраазы болгон адам кам-кайгы тартпайт. «Раббим менин насибимби ушунчалык кылып жатаркан экен, мен үчүн бул дагы кайырлуу. Ал менин апаман дагы көбүрөөк жакшы көрөт» деп дайыма Аллаху таалага берилгендигин таштабайт. Биз башкалардын айып кемчиликтерин көрбөй жашыра турган болсок Раббибиз дагы биздин айыптарыбызды жабат.

Балдарым! Ким боюн көтөрүп текеберлик кыла турган болсо төмөндөйт, ким өз акылына ишене турган болсо өкүнөт. 

Көп сүйлөгөндүн көп катасы болот. Балага калтыра турчу эң жакшы мурас – көркөм ахлак. Көркөм ахлактуу болгон киши - кыяматта Пайгамбарыбыз алейхиссаламга эң жакын боло турчу киши.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш