Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Эгер жахилдер сүйлөбөгөндө




Эгер жахилдер сүйлөбөгөндө


* Ибадаттын даамын алган адам ибадаттан тажабайт. Тажаган адам Аллаху тааланы аз тааныгандыгы үчүн тажайт.

* Эч бир нерсе жоготулган убакыттын ордун толтура албайт.

* Жахил (наадан, сабатсыз) адамдар илимдери менен бири-бирине мактанышат. Алардын илимден алган насиби бир гана мактануулары.

* Кул Аллаху таала үчүн эмнеден баш тартса Аллаху таала ага мындан да жакшысын берет.

* Аллаху тааланы унутуудан чоң күнөө жок.

* Акылдуу адам унчупай турган кезинде тафаккур кылат (Аллаху тааланы ойлойт), сүйлөгөндө зикир кылат, караган кезде ибрат алат.

* Ар каптын ичи толгон сайын тараят. Бирок, билим кабы мындан башкача. Билим кабы билим кирген сайын кеңейет.

* Денең менен дүнүйөдө, көңүлүң менен акыретте бол.

* Саадат өмүрү узун жана ибадаты көп болгондуку.

* Баалуу өмүрүңүздү пайдасыз, бош нерселердин аркасында, оюн-күлкү менен өткөрүп албоо үчүн дыкат болуңуз.

* Эгер жахилдер унчукпай, сүйлөбөгөндө адамдардын арасында келишпестик болмок эмес.

* Илим адамды Аллаху тааланын буйрук кылган нерселерине алып барат, зухд болсо ал нерсеге жетүүнү жеңилдетет.

* Көңүлү ооруган, чарасыз бир адамды көрсөң жарасына дары бол! Анын жолдошу жана жардамчысы болуудан тартынба!

* Кулдун Аллаху таалага шүгүр кылуусу Аллаху таала берген ниматтары менен Ага каршы чыкпоосу аркылуу жүзөгө ашат.

* Бир көңүлдө акырет арзуусу көбөйгөн сайын дүнүйөлүк санаасы ал көңүлдөн жоголот.

* Аллаху таалага жеткирген эң ишеничтүү жол – бардык иш-аракет жана ибадаттарда Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) сүннөтүнө бай ийүү.

* Эки жаман сапат бар, булар көңүлгө кыйынчылык тарттырат: Көп сүйлөө жана көп тамактануу.

* Жалган сүйлөөдөн, бирөөнү ушактоодон жана кыянаттыктан узак тургула!

* Илим сот, мал-мүлк болсо соттолуучу. Илим сени коргойт, бирок, мал-мүлктү болсо сен коргошуң керек. Илим уурдалбайт, мал-мүлк болсо уурдалат. Илим сарптаган сайын көбөйөт. Мал-мүлк болсо сарптаган сайын азаят.

* Кылган жакшылыктарды колко кылган жек көрүү отун тутанткан болот.

* Аллаху тааланын буйруктарын эскерткен, насыят кылган бир тууганың сага алтын белек кылган адамдан да жакшы.

* Адамдын табыштуу болуусунун негизи аз тамактануу, аз уктоо, аз сүйлөө жана напсинин арзуу жана каалоолорунан баш тартуу.

* Узун эмелдүү болуу (б.а., өлүмдү унутуп дүнүйөлүк максаттардын аркасында жүгүрүү) жана бардык нерсени кийинкиге калтыруу - өзүн өзү бүтүргөндүк жана санаасыздык.

* Өмүрүмдө түнү ибадат кылгандардан башка эч кимге суктанбадым.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш