Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Дүнүйөнүн түбөлүгү жок, калкынын да опаасы жок




Дүнүйөнүн түбөлүгү жок, калкынын да опаасы жок


Биз бул дүнүйө үчүн жаратылбадык. Дүнүйөгө жиберилүүбүздө максат – акыретибизди табуу үчүн. Дүнүйөгө болгон сүйүү эң чоң коркунуч. Пенденин ыймансыз кетүүсүнө себеп болуусу мүмкүн... Өмүр бою тынбй иштеген, мал-мүлк жыйнаган, байыган адам дабасы жок дартка чалдыкса, доктурлар жана өзү да өмүрүнөн үмүт үзсө кандай капаланат. Бир заматта бардык нерсесинен ажырап жатат. Өз өзүнө ойлонот. «Мени бул сүйгөн нерселеримен ким ажыратууда?» Кийин бардык нерсенин Аллаху таала жазган тагдыр менен болуп жатканын түшүнөт да «Йа, Рабби, бул жамандыкты мага эмне үчүн кылып жатасың?» деген бир ой ичине кирсе анын ыйман менен кетүүсү өтө кыйын...

Дин улуктары адамдын өлүм маалын уйкуга окшотушкан. Адам эмнеге көп маани берип, эмне менен көп алектенген болсо түшүндө ошол нерсени көп көрөт. Мисалы, бир доктур түшүндө ооруканаларды, дарыларды бизге караганда көп көрөт. Бир окуучу түшүндө мектепти, китепти, сабакты бизге караганда көп көрөрт. Соодагер түшүндө бизге караганда көбүрөөк акча көрөт, соода кылат... дал ушул сыяктуу эле адам дагы акыркы демдеринде өзү көп маани берген, баалаган нерселерин ойлонот. Ушундайча рухун ошол ой-санаа менен тапшырат...

Сади-йи Ширази айтууда: «Көңүлүңдү дүнүйөгө байлаба, дүнүйөнүн түбөлүгү жок, өтүп кетет. Көңүлүңдү калкка дагы байлаба, себеби, опаасы жок... Көңүлүңдү Раббиңе байла! Бир пенде үчүн Андан да жакшы баш калкалай турчу нерсе жок.»

Хазрети Али (радыйаллаху анх) айткан: «Раббибиздин дүнүйөгө эч баа бербегендигинин далили мына ушул: Эң баалуу делген бал - бир курттун (аарынын) кусундусу. Эң кадырлуу кийимдер дагы - бир курттун (жибек куртунун) шилекейи.»

Көпчүлүгүбүздө кездешчү жаңылыш ой бар. Бай бир адамды көргөн кезде аны дүнүйөнү өтө жакшы көрөт экен деп ойлойбуз. Кедей бир адамды көрсөк аны дүнүйө менен эч байланышы жок экен деп ойлойбуз... Дүнүйөнү эч сүйбөгөн байлар бар. Ошондой эле адамдарда чанда кездешчү ач көз кедейлер да болот. Акыл-эси, ой-санаасы дайыма акча. «Кантип байып кетсем экен!» деген кыял менен өмүрүн түгөтөт!

Тапкандарыбыздын дагы, сарптагандарыбыздын дагы адал болуусуна аракет кылалы. Хадиси шарифте айтылды: «Канчалык жашасаң жаша, бир күн келет өлөсүң! Канчалык сүйсөң сүй, бир күнү андан ажырайсың! Эмне кылсаң кыл, кааласаң жамандык, кааласаң жакшылык, сөзсүз эсебин бересиң!»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш