* Тасаффувта кылган кызматтарды өзүмөн деп билген киши «кыянат» деп
аталат. 
	
* Бардык нерсе сөз тыңдаганга берилет, бардык нерсе бул бардык нерсенин
ичинде бар. 
		
* Акылыңды таштап кутул, моюн сунуп бакыт тап. 
		
* Адамга дөөлөт бир нече жолу келет. Анын кадырын билүүсү керек! 
		
* Фитна, бүлүк, ушак чыгаргандар бир күнөө кылууда. Аны угуп тургандар эки
күнөө кылууда. Бир – уккандыгы үчүн, эки - тыйбагандыгы үчүн. «Басыл» деп
токтоткон адамга шейит сообу берилет. Бир мунафык бир аскер ордосун
бузат. 
		
* Башта Исламиятка толук баш ийген бир башчы бар болсо, ага толук баш ийилсе,
бардык адамдар аны сүйүшкөн болсо колунда куру кылыч болсо дагы жеңишке
ийгиликке жетет. 
		
* Ишти адисине бериш керек. Адисине бербеген жоопкер болот. Адиси эмес адамга
берилсе дагы жоопкер болот. 
		
* Башчы ушундай болуш керек, бардык адамдар «Башчыбыз мени баарынан жакшы
көрөт» деп айта алуулары керек.
		
* Эң чоң душманыңа эң чоң белегиңди бер. 
		
* Ар жакшы ишти баштоодо бисмиллах айтуу керек.
		
* Түрдүү, лаззаттуу тамактар жана таттуу, муздак шербеттер менен денеңеди
ырахат кармагыла. 
		
* Айбан жибинен, адам сөзүнөн кармалат. 
		
* Киши ар айткан сөзүн билүүсү керек, бирок, ар билгенин сүйлөй бербөөсү
керек. 
		
* Дартың барбы, истигфар айт, шифаа табасың. Кандайдыр арзууң барбы, ага
жеткиң келеби, истигфар айт. Кедейсиңби, истигфар айт, зыянынан кутуласың.
Байсыңбы, истигфар айт, шүгүр кылган болосуң. Аллаху таала: «Истигфар
кылган адамдын жардамына жетишем», - деп буюрууда. 
		
* Эки зыйнат адамдын көркүн ачат: Карапайымдык, уяттуулук жана адеп. 
		
* Адамдарга рахмат айтпаган адам Аллаху таалага шүгүр кыла албайт.
		
* Жакшы көрүнгөн нерседе жамандык, жаман көрүнгөн нерседе жакшылык болуусу
мүмкүн. 
		
* Ким Аллах үчүн болсо Аллаху таала дагы ал үчүн. 
		
* Шүгүр - бул колдогу ниматтарды орду ордунда колдонуу. Мисалы, көз ниматынын
шүгүрүн өтөө үчүн Аллаху таала кара дегендерди караш керек, караба делген жерге
каралбайт. 
		
* Жахилдер менен достук куруудан сактан. Исламиятты дурус билбеген, аны
орундабаган адам олуялык жолго кирүүгө белсенсе мунун ыйманын шайтан уурдайт.
Өзүндө кереметке окшогон кандайдыр бир абалдар көрүнгөнү менен бул шайтандын
оюну.