Даанышман заттар айтышкан:
Перзент - Аллаху таала берген нимат (жакшылык).
Эгер кадыры билинбей турган болсо колдон чыгат. Перзент ниматынын шүгүрү – ага
динин жана Курани каримди үйрөтүү. Бул эки вазыйпа аткарылбаса нимат колдон
чыгат. Балдардын тарбиясына дин улуулары, аалымдарыбыз баштаган жерден баштоо
керек. Алар алгач олуя заттардын, Силсиле-и алиййа улууларынын сүйүүсүн
көңүлдөрүнө орнотушкан. Бул сүйүү көңүлгө орногондон кийин анын колу жок болсо
да башынын ишарасы менен намазын окуп калтырбайт. Намазды диндин тиреги деп
билет. Калган диндин буйруктарын жана тыюу салган нерселерин сүйүү мнене орундайт.
Маанилүү болгон нерсе буйрук эмес, сүйүү. Б.а., ичинде сүйүүсү болбогон адамга
муну кыл, тигини кыл деп айтуу пайда бербейт.
Эне-ата балдарына дин улуктарына болгон сүйүүнү,
Исламиятка болгон сүйүүнү бере албай жаткан болсо бала акыры келип аларга башкы
душман болот. Напсине берилген эне-ата, б.а., балдарын бир гана өз напси үчүн
сүйгөн эне-ата балдарынын эң чоң душманы. Балдарыбызга алгач Курани карим
окууну үйрөтүүбүз керек. Баласына Курани карим окууну үйрөткөн эне-атага көп
сооп жазылат. Каабаны зыярат кылуунун сообу берилет.
Билал Хабаши хазреттери дүнүйөдө эң көп кыйынчылык
тарткандардан бири болгон. Кул болуп, кайнаган кум үстүнө жаткырылып, үстүнө
ысык таш бастырылып кыйноого алынганда дагы «Аллах» деген. Кийин Хазрети Абу
Бакр келип аны сатып алып, азаттыкка чыгарды. Аллахтын Расулуна азанчылык
кылды, Анын сүйүктүүлөрүнөн болду. Адамдарды кутулууга чакырды. Ал азанчылардын
пири деп аталды.
Мубарек бир зат мусулмандардын көрүстөнүнөн өтүп
бара жатып ачуу кыйкырык угат. Үн чыккан кабырга келет. Ал жердеги бир өлүк
ыйлап жаткан экен. «Эмне ыйлап жатасың?» деп сураса айтат:
«Үйүм баланча даректе. Карагын, бул жердеги өлгөн
адамдардын бардыгы кубаныч ичинде жатышат, а мен болсо ыйлап жатам. Бул Жума
түнү булардын бардыгына тең бала-чакасы Ясини шариф окуп жөнөтүштү, кубанып
жатышат. Менин дагы уулум бар, бирок, ал окубайт. Мен уялып жатам, ага билдирип
койсоңуз кыйынчылык ичиндемин, мени бул кыйынчылыктан куткарсын.»
Мубарек зат айткан үйгө барып анын уулун таап
айтат:
- Балам, кече Жума түнү болчу, түнү эмне
кылдың?
- Жаман нерсе кылганым жок мырзам, таң аткыча
жаттым.
- Эмне үчүн атаңа бир Ясини шариф
окубадың? Азыр атаңдын жанынан келе жатам, баарына окулуптур, сен болсо
окубаптырсың, атаң таарынып жатат.
Уулу бул эскертүүдөн кийин дароо окууга сөз берет.
Эртеси күнү мубарек зат кайра көрүстөнгө келгенде
ошол киши айтат:
- Аллах ыраазы болсун, мага дагы алтын
табактарга салынып белектер келди, азыр болсо башкалар сыяктуу мен дагы кубаныч
ичиндемин...