Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Напсини алсыратуу үчүн ибадат кылуу керек




Напсини алсыратуу үчүн ибадат кылуу керек


Даанышман заттар мындай дешкен:

Эң баалуу ибадат – намаз. Анткени, намаз Аллаху тааланы эске түшүрө турган зикир. Зикир – эске алуу, ойлоо деген сөз. Беш убакыт намаз болгону беш жолу гана эске түшүрбөйт. «Намазга канча убакыт калды, бир саат калды, жарым саат калды, он мүнөт калды, даарат алайын» деген сыяктуу ойлор аркылуу Аллаху таала күнүнө беш жолу, бирок, ар биринде бир нече жолу эске алынган, зикир кылынган болот. Ушундайча намаз Аны зикир кылууга себеп болууда.

Жүрөктүн (көнүлдүн) эми – зикир. Аллахка болгон сүйүү Аллахты зикир кылгандардын жүрөктөрүнө орношот. Буга себеп боло турчу нерсе – намаз. Намаздын ибадаттар арасында эң баалуу болуусу ушул себептен. Аллахты зикир кылган жүрөктөрдөн дүнүйөгө болгон сүйүү чыгат. Дүнүйөгө болгон сүйүү жүрөктөн чыккан кезде Аллахка болгон сүйүү өзү эле келет. Дүнүйөгө болгон сүйүүнүн жүрөктөн чыгуусу үчүн Аллаху тааланын ысымын көп айтуу, Аны эске алуу керек, же болбосо бир муршиди камилди жакшы көрүү керек. Муршиди камил башка мамлекетте болсо да, кайтыш болуп кетсе да фейз берет. Ошондой бир муршиди камилди, мисалы, Имам Раббани хазреттери, Сейид Абдулхаким Арваси хазреттери сыяктуу Силсила-и алийа аалымдарынын бирин өтө жакшы көрүү керек. Ал эми аларды жакшы көрүү үчүн алардын китептерин күнүгө аз болсо да окуу керек. Окуган кезде аларга деген сүйүү жүрөккө орнойт.

Напис – Аллахтын душманы. Ар адамдын эң чоң душманы – өз напси. Нафси аммара (тарбия корбогон напси) өлбөөсү керек. Анткени, анын да пайдасы тиет. Написке каршы жасалган жихадда жеңген адам периштелерден жогору болот. Ошондуктан, напис өлбөө керек, тарбиялануу керек, алсыроосу керек. Алсыраган кезде ал адамды алдай албайт. Напсини алсыратуу ибадат кылуу менен ишке ашат. Напсинин эң чон душманы – ибадат. Аллаху таала мусулмандарды өтө жакшы көргөндүктөн намаз окууну буйрук кылды. Намаз окуу – Аллаху тааланын ушундай мээрими, ар намазда напси кор болот, алсырайт, адамдын жүрөгүн алдай албай тургандай болот. Ушундайча адам напсинин зыянынан кутулат.  

Ибадаттардын кабыл болуусу үчүн Аллах үчүн орундоо, ал эми сахих болуусу үчүн шарттарына ылайык орундоо керек. Мисалы, намаздын сахих болуусу үчүн алгач гусул менен даараттын сахих болуусу керек. Даарат ката алынган болсо намаз да ката болот. Ошол себептен алгач ибадаттардын шарттарын үйрөнүп, ошого ылайык орундоо керек. Кабыл болуусу үчүн, же убада кылынган чоң соопко жете алуу үчүн ихлас менен, б.а., жалгыз гана Аллах үчүн орундоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш