Эне-ата дубасы


Бизде өтө чоң акысы бар үч кишиден бири - дүнүйөгө келүүбүзгө себеп болгон эне-атабыз. Экинчиси – динибизди туура үйрөнүүбүзгө себепчи болгон  устаз. Дагы бири – материалдык ырыскыбызга себепчи болгон, жумуш берген киши.

Бир мусулман өтө ийгиликтүү болсо, кармаган нерсеси алтынга айланып жаткан болсо ал иштин түбүндө сөзсүз эне-атасынын ыраазылыгы, дубасы бар, аларды абдан ыраазы кылган. Себеби, Расулуллах «саллаллаху алейхи ва саллам»:«Эне-атанын баласына кылган дубасы Пайгамбардын үммөтүнө кылган дубасы сыяктуу, артка кайтарылбайт», - деп айткан. Алардын баддубасы (каргышы, жаман дубасы) дагы ушундай.

Бир бала эне-атасынын, бир жумушчу өзүнө жумуш берген башчысынын дубасын, ыраазылыгын ала албаса Аллахтын ыраазылыгын ала албайт. Б.а., бизге келген жакшылыкка себепчи болгон адамга рахматыбызды билдирбесек ал жакшылык үчүн кыла турчу шүгүрүбүздү Аллаху таала кабыл кылбайт. Себеби, хадиси шарифте: «Өзүнө жакшылык кылган адамга рахмат айтпаган адам Аллахка шүгүр кылган болбойт»,- деп айтылууда.

Эне-атабыздын көзү тирүү болсо колдорун өөп, көңүлдөрүн кубантууга, дубаларын алууга аракет кылуубуз керек. Жада калса, «Жаннат энелердин таманынын алдында» деген хадиси шарифке моюн сунуп апабыздын таманын өбүшүбүз керек. Ошол кезде биздин балдарыбыз дагы керек болгон урматын көрсөтүшөт. Адам эмнени эксе ошону бычат, эмне кылса да өзүнө кылат.

Балдарыбызга мал-мүлктү, таш-топуракты эмес намазды осуят-керээз кылышыбыз керек. Пайгамбарыбыздын жана бардык олуя заттардын осуяты намаз болгон. Себеби, туура окулган намаз - ар дарттын дабасы. Улуу бир заттын кичине уулуна кылган осуятындагы эки нерсе: 1-Эстен тануу жана акылдан адашуудан башка эч бир убак намазың казага калбасын. Атаң катары сага кылган керээзим-осуятым жерде, асманда, сууда, каерде болсоң дагы Аллахтын буйругу болгон намазды таштабайсың. 2-Эгер эң жогорку мектепти бүтүрүп бир кесип ээси болбосоң сени кечирбейм. Себеби, мен сага жакшы дин тарбиясын бердим. Бул алган тарбияңды ала турчу илим жана маданият менен бириктирсең өтө пайдалуу инсан болосуң. Диний тарбия жана илим эки кол, эки бут, эки көз сыяктуу. Бирөө кем болсо адам дагы кем болот.»

Көз жумар алдында уулуна айткан экен: «Уулум, китептериңди ал, мобул жерден көз алдымат өт! Мен акыретке кетип жатам. Аллахтын хузуруна барганда айтам: Эй, Раббим, мен көздөрүмдү уулумду илим үйрөнүүгө жиберип жатып жумдум.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш