Ыраазылык – Аллаху таала тарабынан келген бардык
нерсеге ыраазы болуу жана балээлерге сабыр кылуу дегенди билдирет. Чыныгы кул
Аллаху таала тарабынан балээ келсе буга ыраазы болот жана эч кимге арызданбайт.
Бул ар адамдын колунан келүүчү нерсе эмес. Бирок, муну кыла алган адам – камил
(жетилген) адам. Мындай адамдарда пайгамбарларга таандык сабыр жана чыдам бар
деген сөз. Аллаху тааланын улуулугуна ишенген адам мындай чыдам менен
ыраазылыкты көргөзө алат.
Аял олуялардан болгон Хазрети Рабия Адвия ооруп
калган эле. Абалын сурап келгендер: "Эй, Рабия! Бул илдет оорутуп, сыздатып сени катуу
кыйнап жатат. Дуба кыл, Аллаху таала ооруңду жеңилдетсин”, - дегендеринде
Хазрети Рабия: "Бул оорунун кыйынчылыгын көрүүмдү Раббим каалаган”, -
деди. Алар: "Макул, андай болсо сенин эч кандай тилегиң, каалооң жокпу?” -
деп сурашканда: "Аллаху таала мен тууралуу эмне каалаган болсо жана мага
эмне жазган болсо ошого ыраазы болууну каалайм”, - деп жооп берет.
Кулдун кожоюнунун ишине, буйругуна ыраазы болуудан
башка чарасы жок. Анткени, адам бул дүнүйөдө калуу үчүн эмес эмгектенүү,
тиричилик кылуу үчүн жаратылган. Хазрети Имам Раббани мындай дейт:
Күнүмдүк жашоодо адамдын башына келүүчү
нерселердин бардыгы Аллаху тааланын каалоосу жана жаратуусу менен болууда.
Ошондуктан өз каалообузду Анын каалоолоруна шайкеш кылуубуз керек. Башка түшкөн
нерсенин баарын өзүбүз издеген, каалаган нерсебиз деп билүүбүз жана ага
кубануубуз керек. Чыныгы кулдук ушундай болот. Өзүбүздү кулбуз деп эсептесек
ушундай болуубуз керек. Мындай болбоо кулдукту кабыл кылбоо жана кожоюнга каршы
чыгуу дегенди билдирет. Аллаху таала хадиси кудсиде: «Тагдырым менен
казама ыраазы болбогон, жактырбаган, жиберген балээлериме сабыр кылбаган адам
менден башка Кудай издесин! Жер бетинде кулум катары жүрбөсүн», - деп
билдирет.
Хазрети Ахмед Рафаиден жакшы кул кандай болуу
керек деп сурашканда: «Жакшы, салих болгон кул Аллаху тааланын өкүмүнө моюн
сунат, башына түшкөн кайгы, кырсыкка жана балээлерге сабыр кылат, азга канаат
кылат. Аллаху тааладан гана коркот жана эч кимден эч нерсе күтпөйт. Жалгыз гана
Аллаху тааладан тилейт. Адамдарды жогорку даражага көтөрүүчү да, төмөндөтүүчү
да, кадырлуу кылуучу да, кор кылуучу да Аллаху таала экенин билет. Салих адам
Пайгамбарыбыздын "алейхиссалам” сүннөтүнө толук моюн сунат. Мындай адамдар
соңку демден коркушат. Алар аз сүйлөшөт, ачуусун ичинде кармашат жана шахват
кумарларын жеңишет. Напсинин каалоолорун орундашпайт», - деп жооп берген экен.
Аллаху тааланын тагдыры менен казасына ыраазы
болуу напси үчүн эң оор нерсе. Анткени, тагдырга ыраазы болуу жана Аллаху
тааланын өкүмүнө моюн сунуу напсинин каалоолоруна каршы нерселер. Напси буларды
каалабайт. Бакытка напсинин ыраазылыгын таштап, Аллаху тааланын ыраазылыгына
умтулуу менен гана жетүүгө болот.
Хазрети Абу Сулейман Дарани мындай дейт:
«Аллаху тааладан ыраазы болуу жана Анын кулдарына
мээримдүү, күйүмдүү болуу – Пайгамбарлардын ахлагынан. Башка түшкөндөрдүн
бардыгынан ыраазы болуу даражасына жеткендер – ирфан ээлери, аалымдар. Мурунку
пайгамбарлардын баарына Аллаху таала вахи менен бул нерсени билдирди: «Жабраил
алейхиссалам жер бетине түшкөн кезинде ибадат кылып жаткан бир адамды көрөт.
Анын бул кылганын жактырган Жабраил алейхиссалам: "Эй, Раббим! Бул кандай
жакшы кул”, - деди. Аллаху таала: "Эй, Жабраил, Лавхул махфузду (тагдырлар
китебин) кара!” - деди. Жабраил алейхиссалам Лавхул махфуздан ал адамдын
тозоктуктардын арасында жазылганын көрдү. Аллаху тааладан: "Эй, Раббим!
Мунун хикматы (сыры) эмнеде?” - деп сурады. Аллаху таала: "Жасаган
нерселерим үчүн эч кимге жооптуу эмесмин. Кулдарым жөнүнүдөгү илимимди
түшүнүүгө эч кимдин акылы жетпейт (эч ким түшүнө албайт)”, - деп жооп берди.
Жабраил алейхиссалам: "Эй, Раббим! Уруксат берсең ал адамга барып абалын
билдирейин”, - деди. Уруксат берилгенден кийин ибадат кылып жаткан адамга
барып: "Сенин кылган ибадаттарыңды Аллаху таала кабыл кылбады, Лавхул
махфуздан сенин тозоктуктардын арасында экениңди көрдүм”, - дегенде алиги адам
эсинен танып калды. Жабраил алейхиссалам анын эсине келүүсүн күттү. Эсин
жыйгандан кийин ал адам: "Эй, менин Аллахым! Сага шүкүр кылбадым. Шүкүр
кылган күлдарың сага кандай шүкүр кылса мен да дал ошондой шүкүр кыламын”, -
деди. Андан соң Жабраил алейхиссаламды карап: "Биздин Раббибиз болсо
бардык илим кудуретинин камили менен, мээримдүүлүгү менен жана шапааты менен
менин абалымдын ушундай болуусун туура деп чечкен экен. Буга да шүкүр кыламын.
Ал мени менден да жакшы билет”, - деп кайрадан сажда кыла баштады. Саждада
туруп Аллаху тааланы тасбих кыла баштады. Жабраил алейхиссалам болгон окуяны
Аллаху таалага айтып, ал адамдын абалынан тынчсызданганын билдирди. Ошондо
Жабраил алейхиссаламга Аллаху таала дагы бир жолу барып Лавхул махфузду
кароосун буйрук кылды. Бул жолу Лавхул махфузда алиги адамдын бейиштик экендиги
жазылып турган эле. Жабраил алейхиссалам Аллаху тааладан мунун сырын
сураганында: "Менин иштеримди кулдарымдын акылы түшүнө албайт”, - деп жооп
берди. Жабраил алейхиссалам бул жагдайды тиги адамга кайрадан билдиргиси келди,
ага уруксат берилди. Ибадат кылып жаткан адамдын жанына келип: "Сага
сүйүнчү! Сен бейиштик болдуң”, - деди. Ал адам бул айтылгандарга таң калбады,
жүзүндө да эч өзгөрүү байкалбады. Отурган жеринде Аллаху таалага шүкүр жана
тасбих этүүсүн уланта берди.
Хазрети Абу Амр Осман бин Марзук шакирттерине бул
нерселерди көп айтчу эле: "Аллаху тааладан келген бардык нерсеге ыраазы
болуу керек. Кимде-ким Аллаху тааладан ыраазы болсо Аллаху таала да ал адамдан
ыраазы болот.”