Ыйман – Пайгамбарыбыз Аллаху тааладан бүткүл
адамзатка алып келген жана билдирген буйруктарынын бардыгына ишенүү жана ыйман
келтирүү дегенди билдирет.
Аллаху таала бүткүл адамдарга ыйман келтирүүлөрүн
буйрук кылды. Адамдар арасынан каалагандарына мээримдүүлүк кылып, булардын
акылга баш ийүү аркылуу ыйманга келүүлөрүн насип кылды. Бул кулдарынын
көңүлдөрүн ыйманга толтурду. Юнус сүрөсүнүн жыйырма бешинчи аятында: «Аллаху
таала кулдарын саламаттык, бактылуулук мекени болгон Жаннатка чакырууда.
Каалаган адамын бул жолго жеткирет», - деп айтылган.
Акылдарына моюн сунбай Аллаху тааланын чакыруусун
кабыл кылбагандардын каалагандарын өзүнүн бузук абалында калтырууда,
каалагандарына ихсан (мээрим) кылып каалаган убакытында хидаятка жеткирүүдө. Өз
абалында калтыргандардан гафлеттен (караңгылыктан) ойгонуп, туура жолду
издегендерге да мээрим кылып хидаятка жеткире турганын убада кылган. Анкебут
сүрөсүнүн соңку аятында: «Напсилерин ээрчигендерден туура жолду
издегендерин бакытка алып баруучу жолдорго жеткиремин», - деп
айтылган.
Туура жолду издебей напсилерин ээрчип ыйман
келтирбегендерге, заалымдарга Тозокто түбөлүк азап бере тургандыгын билдирген.
Исламды укпаган көп адамдар салим акылга ээ болгондугу үчүн бузулган, ойдон
чыгарылган дин адамдарына алданышпаган, астрономияда, жаратылыш таануу (физика,
математика ж.б.) илимдерде, айрыкча медицина илимдеринде көргөн системалуу, айкалышкан
кубулуштардын бири-бири менен байланыштарын ойлонуп жаратылыштын сырларын, бул
сансыз системалардын акыйкатын түшүнгүлөрү келишкен. Булар салим акылдарынын
аркасында Исламдын билдирген көркөм мүнөзүнүн көбүнө ээ болуп ,мусулман сыяктуу
өмүр сүрүшкөн. Өздөрүнө жана башкаларга пайдалуу болушкан. Аллаху тааланын
Анкебут сурөсүндө убада кылганындай булар ыйман келтирүүгө себеп боло турчу
кабарчыларга жана китептерге жетүүдө. Аллаху тааланын кулдарына ихсан кылган эң
чоң ниматы – ыйман же Мусулманчылык. Ушул эң чоң ниматты тандалган кулдарына
гана берет. Аллаху тааланын тандоосун жактырбай өз жактырганын максат кылуу
кандай гана акылсыздык. Адам ушул эң баалуу ниматтын кадырын билбесе бул нимат
да колунан алынат, тактап айтканда, ыйманын жоготуп муртад болот, өзүнүн мындан
кабары да болбойт. Аллаху таала бул эң чоң ниматтын шүгүрү кандай кылына
турганын Курани каримде «Бири-бириңерди жакшы көргүлө»деп
билдирген. Мусулман мусулманды жакшы көрүүсү керек, жада калса, бул жакшы көрүү
ашыктык даражасында болуусу керек. Анткени, Аллаху таала бул кулун тандаган,
ага ыйман ниматын берген. Ошол себептен бир мусулман башка мусулман менен
кездешкенде аны капа кылып албоосу үчүн, ага кылган мамиледе кемчилик кылып
алуудан абайлоосу керек.
Аллаху тааланын бир кулуна ихсан кылып берген бул
чоң ниматтын шүгүрү – бул нимат менен сыйлангандарды, тактап айтканда,
мусулмандарды жакшы көрүү болуп саналат, бул өтө маанилүү.
Ал эми ыйман ниматына жеткен адамдардын туура
ыйман менен сыйлануусу болсо андан да ашкан нимат жана ниматтардын эң жогорусу.
Бул бакыттан башка нерселерди үмүт кылуу - төмөн, пас болгон нерселерди каалоо
деген сөз жана өзүн тунгуюкка калтыруу дегенди билдирет. Аллаху таала: «Ниматтарымдын
кадырын билсеңер көбөйтөмүн, кадырын билбесеңер колуңардан алып, өзүңөргө оор
азап беремин», - деп билдирген.
Ошондуктан, жеткен ниматтарыбызга шүгүр кылуубуз
керек, колубуздан кетпөөсү үчүн катуу коркуубуз керек. Бул Аллаху тааланын
убадасы, Аллаху таала убадасынан кайтпайт, сөзсүз түрдө орундайт.
Бардык нерсени акчага сатып алууга болот, бирок,
ыйман акча менен сатылып алынбайт. Хазрети Сеййид Абдулхаким Арваси
шакирттерине ар дайым: «Аллах бир кулуна ыйман берген болсо ага башка эмне
бербеди..? Ыйман бербеген болсо ага эмне берди..?» - деп айтчу.
Хазрети Хаким Тирмизиден:
- Ыймандын кетүүсүнө эң көп себеп болуучу күнөөлөр
кайсы? – деп сурашканда мындай деп жооп берди:
- Үч күнөө бар. Биринчиси - Ыйман ниматына
жеткенде шүгүр кылбоо. Экинчиси - ыймандын кетүүсүнөн коркпоо. Үчүнчүсү -
мусулмандардын көңүлүн оорутуу жана аларды жабыр тарттыруу. Муну билип жүргүлө,
Пайгамбарыбыз: «Адилетсиздик менен бир мусулмандын көңүлүн оорутуу
Каабаны жетимиш жолу кулатуудан да ашкан күнөө», - деп айткан.
Жыйынтыктап айтканда, ыйман ниматынын
кетпөөсү үчүн катуу коркуу керек, ыйманды коргоого аракеттенүү керек. Анткени,
ыйман жана ыйман ниматы менен сыйланган мусулман өтө баалуу. Бул ниматтардын
кадырын билүү керек. Анткени, ыйман базарда, дүкөндө сатылбайт, мураска да
калбайт. Жакшылыкка ылайык болбогон адам пайгамбарды көрсө да мусулман боло
албайт. Ыйман ниматына жеткен адамды Аллаху таала тандайт. Мусулман дегенибиз
Аллаху таала тандаган, Өзүнө дос кылган адам деген сөз. Ушуларды эсте тутуу
менен аракет кылуу керек жана алардын (мусулмандардын) кадырын билүү керек.
Хазрети Яхия бин Муаз Рази мындай дейт:
«Эң көп кубанган жана эң көп жакшы көргөн нерсем
Аллаху тааланын мага ихсан жана сыйлык кылып берген ыйман ниматы. Ал эми эң көп
корккон нерсем ал ыймандын менден кетүүсү.»