Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Кыйынчылыксыз нимат болбойт




Кыйынчылыксыз нимат болбойт


Адамдардын дүнүйөдө тынчтыкта, амандыкта, дени соо, бактылуу, кубанычтуу өмүр сүрүүлөрүнө жана акыретте чыныгы бакытка жетүүлөрүнө себечи боло турган пайдалуу нерселер нимат деп аталат. Аллаху таала кулдарына мээрим кылып, алар үчүн керектүү бардык ниматтарды жаратты жана буларды кандай колдонуу керектигин пайгамбарлары аркылуу жиберген китептеринде билдирди. Мусулман болсун же болбосун ким болсо да бул китептерге ылайык өмүр сүрө турган болсо дүнүйөдө бакытка жеткендей эле акыретте да түбөлүк бакытка жетет.

Ыйман келтирип, диндин буйруктарын аткарып, тыюу салган нерселеринен сактанган адам дүнүйөдө да, акыретте да бакытка жетет. Аллаху таала ниматтарын белгилүү бир себептер, кыйынчылыктар аркылуу ихсан кылууда (берүүдө). Буйруктарды аткаруу, тыюулардан сактануу адамдардын напсилерине оор келүүдө. Аллаху таала буларды да кыйынчылык кылып жиберүүдө. Бакытка жетүү үчүн ушул кыйынчылыктарга чыдоо керек.

Бул дүнүйө сыноо жери. Мында туура ката, чындык менен жалган аралаш. Эгер ыймандууларга кыйынчылыктар, балээлер берилбегенде, жалгыз гана каршы чыккандарга гана балээ келгенде дос менен душман ажырап билинип турмак жана сыноонун пайдасы, мааниси болмок эмес. Аллаху таала ыйман келтиргендерди кыйынчылык ичинде кылып көрсөтүп, каршы чыккандардын көздөрүн пардалаган. Дүнүйө ушундайча сыноо болду.

Адам алейхиссалам эч нерсеси жок дүнүйөгө келди, жүз жылдап кыйынчылык тартты. Кийин эки баласынын бири экинчисин өлтүрдү. Ата үчүн бул өтө оор абал.

Нух алейхиссалам 950 жыл динге чакырды. Коому ага ишенбей, көп азап тарттырды. Ар жолу денесине зыян беришип, өлдү деп таштап кетишчү эле. Жабраил алейхиссалам жараларын дарылачу, кийин кайрадан динди насаат кылууга чыгуучу.

Ибрахим алейхиссалам отко ыргытылды. Ал эле эмес Исмаил алейхиссаламды курмандык кылуу буйругу берилди, анткени, Ибрахим алейхиссалам Аллаху тааланын халили (досу) эле.

Муса алейхиссалам да көп кыйынчылык көрдү. Туулган жылында бардык балдары өлтүрүлдү. Көп жылдар бою койчу болуп жүрдү.

Аййуб алейхиссалам канчалаган жылдар бою ооруду, курттабаган жери калган эмес. Юсуф алейхиссалам кудукка ташталды. Закария алейхиссалам жыгачтын ичинде жыгач менен бирге араланды. Иса алейхиссалам да көп кыйынчылык тартты. Булардын баары пайгамбарлар эле. Эмне үчүн мынчалык кыйынчылык тартышкан? "Ла илаха иллаллах” дегендери үчүн, элди эң жогорку нимат болгон ыйманга чакыргандыктары үчүн.

Пайгамбарыбыз: «Эч бир пайгамбар мен тарткан азабымды тартпады, мен капалан сыяктуу капаланбады», - деп айткан.

Хазрети Абу Бакр да көп азап чекти, канча жолу сабоодо калды. Негизинде ал баарынан мурда ыйман келтирген болчу, малын жана жанын ушул бакыт жолуна курман кылган эле. Хазрети Омар намаз окуп жатканда, Хазрети Осман Курани карим окуп отурганда шейит кылынды. Хазрети Алинин тарткан азаптары, Хазрети Хусейндин башынан өткөндөрү баарына балгилүү.

Хазрети Имам Раббани мындай дейт:

«Кыйынчылыктардын келүүсү көрүнүшүндө (сырттан караганда) өтө оор, өтө ачуу болсо да буларды нимат деп билүү керек. Бул дүнүйөнүн эң баалуу казынасы – машакат менен таарынычтар. Дүнүйө дасторконунун эң даамдуу, эң таттуу тамагы дарт менен кыйынчылыктар. Бул таттуу ниматтар ачуу дарылар менен капталып, сыноо жолуна салынган. Багы бар, акылдуу адамдар булардын ичиндеги таттуулукту көрөт. Аларга бетиндеги ачуу кабыктары да таттуу болуп сезилет. Ачуулардан ырахат алат. Эмнеге таттуу болбосун, сүйүктүүңөн келүүчү бардык нерсе таттуу болот эмеспи? Көңүлүндө оорусу барлар мунун ырахатын сезе алышпайт. Көңүлдүн оорулуу болуусу – Аллаху тааладан башка нерселерге байлануусу. Бакыт ээлери сүйгөнүнөн келүүчү кыйынчылыктардан ушунчалык көп ырахат алышкан, керек болсо кубанычтуу абалдардан да анчалык ырахат алышпаган. Экөөсү тең сүйүктүүдөн келгени менен кыйынчылыктардан адамдын напси үлүш албайт. Ал эми кубанычтуу абалдарды напси да каалайт.

Жыйынтыктап айтканда, бардык ниматтардын өтөөсү – кыйынчылык. Ыйман келтиргендер дүнүйөдө бир нече күн кыйынчылык, дарт, балээ көрбөгөндө Жаннат ырахаттарынын кадырын түшүнө албас эле, түбөлүк ниматтардын кадырын билбес эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш