Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Ыйманды кубаттандыруу үчүн




Ыйманды кубаттандыруу үчүн


Ыйманды кубаттандыруучу көп нерсе бар. Булардан бир нечесин билдирели:

1- Жакшы мүнөздүү болуу.

2- Ар дайым Аллаху тааланы эстөө.

3- Ыкыластуу болуу.

4- Жоомарт болуу.

5- Өзүнүн эркинен сырткары чоң балээлерге туш болуу. (Салих адамдар үчүн)

6- Харамдардан сактануу.

7- Куфурга түшүүдөн катуу коркуу.

8- Жакшы көргөн адамын Аллах үчүн жакшы көрүү, жаман көргөн адамын Аллах үчүн жаман көрүү.

9- Салих болуу.

10- Намазга бекем маани берүү.

Бул темадагы хадиси шарифтерде мындай делет:

«Ыйманы эң кубаттуу мусулман – жакшы мүнөздүү болгону. Адамдар жанына оңой жакындай алат, келип-кетүүчүлөрү көп болот. Бардык адамдар менен жакшы карым-катнашта болот. Айланасындагылар менен батыша албаган адамда жакшылык болбойт.» (Табарани)

«Кайда болсо да Аллаху тааланы унутпаган адамдын ыйманы кубатуу». (Байхаки)

«Аллах үчүн кылган иштеринде адашуудан коркпогон, амалдары ыкыластуу болгон, эки иштин бири акыретке, бири дүнүйөгө пайдалуу болсо, акыретке пайдалуу болгонун тандаган адамдын ыйманы кубаттанат.»(Дайлами)

«Куран окуу жана Аллахты зикир кылуу ыйманды кубаттандырат.» (Дайлами)

«Эң оор балээ пайгамбарларга, олуяларга жана аларга окшогондорго келет. Адамдын ыйманы кубаттанган сайын балээге учурайт. Ыйманы мыкты болсо балээси оор болот. Ыйманы алсыз болсо балээси жеңил болот.» (Тирмизи)

«Жоомарт мусулмандын ыйманы кубаттуу болот.» (Дайлами)

«Аллахтан коркуп харамды карабаган адам ыймандын ырахатын сезет.» (Табарани, Хаким)

«Аллахты жана Расулуллахты бардык нерседен жогору көргөн адам, жалгыз гана Аллахтын жакшы көргөндөрүн жакшы көргөн жана куфурга түшүү коркунучу отто күйүү коркунучунан да катуу деген адам ыймандын ырахатын сезет.» (Бухари)

«Үч нерсе ыймандын ырахатын арттырат: Аллах жана Расулуллахты бардык нерседен артык жакшы көрүү, өзүн жакшы көрбөгөн мусулманды Аллах ыраазычылыгы үчүн жакшы көрүү жана Аллахтын душмандарын жакшы көрбөө.» (Табарани)

«Жакшылык кылганына кубанып, күнөө кылганына өкүнгөн адам ыймандуу.» (Табарани)

Эртең менен жана кечинде бул дубаны окуган адам ширкке түшүүдөн кутулат жана ыйманы кубаттанат:

«Аллахумма инни а’узу бика мин ан ушрика бика шай-ан ва ана а’ламу ва астагфирука лима ла а’ламу иннака алламул-гайуб.» (И.Ахмед)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш