Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Напсиге оор тийүүчү нерсе




Напсиге оор тийүүчү нерсе


Напсинин демин басып коюучу жана ага эң оор тийүүчү нерсе - бирөөнүн айткан чын сөзүн кабылдап "ооба, туура” деп айтуу. "Алхикам-ул Атаиййа” китебинде: «Эки иштин напсине оор келгенин кыл! Анткени, туура (чындык) иш напсиге оор келет», - деп айтылат. Хадиси шарифте мындай делген: «Амалдардын эң жогоркусу – напсиге эң оор тийгени».

Хазрети Юсуф бин Асбат: "Карапайымдыктын белгилеринин бири – айткан адам ким болсо да хак сөздү кабыл кылуу”, - деген.

Фудайл бин Ияд хазреттери да: "Чындыкка башыңды ий, чындыктын артынан жүгүр, ким айтса да чындыкты кабыл кыл”, - деп айткан.

Хазрети ибн  Ата мындай дейт: "Карапайымдык – ким айтса да чындыкты кабыл кылуу.

Кыйын болгон ишти аткаруу напсиге оор тийет. Мындай иштер напсини басып, алсыратат. Ибадаттар напсини алсыратуу үчүн, каалоолорун жоюш үчүн буйрук кылынды. Анткени, напси адамдын да Аллаху тааланын да душманы болуп саналат. Аны алсыратып, каалоолорунун алдын алуу керек.

Кандай иш болсо да напсиге канчалык аз моюн сунулса ал иштин пайдасы ошончолук көп болот. Тактап айтканда, Аллаху тааланын ыраазылыгына тез жеткирет. Ислам дининин буйруктары менен тыйуулары напсини жазалап, алсыратуу үчүн берилген. Анткени, напси - Аллаху тааланын душманы. Хадиси кудсиде:

«Напсиңе душман бол! Анткени, ал - Менин душманым», - деп буйрук кылынат.

Адамдардагы "аммара (тарбияланбаган) напси дин илимдерине ишенбейт. Анын табияты, жаратылышы Ислам динине баш ийбөө. Ошондуктан, Ислам динине баш ийүү напсиге өтө оор келет. Напси ага моюн сунгусу келбейт. Напсини эң кыйноочу, ага оор тийүүчү нерсе – Исламдын буйруктарына моюн сунуу жана тыйуу салган нерселерден сактануу. Напсини басып алсыратуу, тарбиялоо үчүн Исламга моюн сунуудан башка жолу жок.

Напсинин каалоолору адамды Аллах жолунан адаштыра тургандыгы Курани каримде билирилген. Анткени, напси толугу менен Аллаху таалага каршы келип, Аны жокко чыгаргысы келет. Кайсы иште болсо да напсиге моюн сунуу напсиге сыйынуу болуп саналат. Напсине моюн сунган адам куфурга түшө баштайт же бидатчы болуп баштайт же болбосо харам иш кыла баштайт. Хазрети Абу Бакр Табистани: "Напсиге баш ийүүдөн кутулуу – дүнүйөдөгү ниматтардын эң чоңу. Анткени, напси Аллаху таала менен кулдун арасындагы пардалардын эң чоңу”, - деген. Хазрети Сахл бин Абдуллах Тустари да мындай дейт: "Ибадаттардын эң жогоркусу – напсиге баш ийбөө.”

Ислам бин Юсуф Балки деген адам Хазрети Хатамул-Асамга бир нерсе белек кылган эле. Хатамул-Асам бул сыйлыкты кабыл кылганында айланасындагылар андан: «Бул нерсени кабыл кылууң напсиңе баш ийгениң болбойбу?» – деп сурашты. «Бул сыйлыкты кабыл кылуу аркылуу өзүмдү төмөн кылып, аны жогору чыгардым. Кайра кайтарганымда аны төмөн, өзүмдү жогору санаган болоор элем. Бул напсиме жакмак», – деп жооп берди Хатамул-Асам хазреттери.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам узун бир хадиси шарифинин аягында:

«Адамды балээге сүйрөөчү үч нерсе бар: Сараңдык, напсиге моюн сунуу, өзүн жактыруу», - деп айтты.

Напсиге баш ийип, тообо жана истигфар кылбай, жеңилдик күтүп Жаннатты үмүт кылуу акмактык болот. Анткени, хадиси шарифте: «Акылдын белгиси – напсини жеңип ага бийлигиңди жүргүзүү жана өлгөндөн кийин керек болуучу нерселерди дайындоо. Акмактыктын белгиси – напсиге баш ийип, Аллахтан кечирим менен мээримдүүлүк күтүү», - деп айтылган.

Напсине баш ийген адам ар дайым Ислам коргонунун сыртына шыгып кете берет. Жаныбарларда акыл менен напси болбогону үчүн керектүү муктаждыктарын тапкан жеринде кандырып кете берет. Жалгыз гана денелерине зыян берүүчү же өздөрүнө зыян тийгизүүчү нерселерден оолак жүрүшөт. Ислам дини ырахат менен бактылуу өмүр сүрүү үчүн керектүү нерселерге жана дүнүйө лаззаттарынын пайдаларына тыюу салбаган. Болгону, буларга жетүү жана бул нерселерди колдонуу учурунда акыл менен динге моюн сунууну буйрук кылган.

Ислам дини адамдардын бул дүнүйөдө да, акыретте да ырахат жана бактылуу өмүр сүрүшүн каалайт. Ошондуктан, адамдарга акылга баш ийүүнү буйрук кылды. Напсиге моюн сунууну тыйды. Акыл жаратылбаганда адам бүтүндөй напсинин айтканын кылып, балээлерге учураар эле. Ал эми напси болбогондо адам өмүр сүрүү, өсүп-өнүгүү үчүн керектүү нерселерге умтулууда бош болуп, напсиге каршы жихад кылуу сообунан куру калар эле. Периштелерден да жогору болуу жолу ага жабык калар эле. Хадиси шарифте мындай делинет:

«Жаныбарлар акыретте боло турчу абалдарды силер сыяктуу билишкенде жеш үчүн алардын денесинен бир кесим эт табалбас элеңер.»

Тактап айтканда, жаныбарлар акыретте болуучу азаптардан корккондуктан жеп-ичүүдөн тыйылар эле. Териси менен сөөгү гана калар эле. Адамдарда напси болбогондо алар да ошол жаныбар сыяктуу коркунучтан жеп-иче албай, өмүр сүрө алмак эмес.

Адамдардын өмүр сүрүүлөрү напсинин ыклассыздык менен дүнүйөгө берилгендигинин аркасында ишке ашат. Напси эки тараптуу курч бычакка же өтө уулуу дарыга окшойт. Аны дарыгердин айтканы боюнча колдонгон адам мындан пайдаланат. Туш келгениндей максатсыз колдонгон адам дүнүйөсүн да, акыретин да күйгүзөт.

Ислам напсини жоюп, жок кылууну эмес, аны тарбиялап жолго салып, анын күчүнөн пайдаланууну буйрук кылууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш