Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Ыймандуу адам уурулук кылбайт




Ыймандуу адам уурулук кылбайт


Уурулук – башканын мүлкүн уурдоо, уруксатсыз алуу, өзгөнүн менчигин акысыз (адилетсиз) түрдө өз ээлигине өткөрүү дегенди билдирет. Уруксатсыз алынган жана уурдалган нерселер аз болсо да өкүмдөрү бир жана харам болуп саналат. Ар адамдын колундагы менчиги анын менчиги эмес экендиги далилденмейинче өзүнүн мүлкү болуп кала берет. Уурулук, күч менен тартып алуу, зулумдук, паракорлук, пайыз, каракчылык жана кыянат менен ээ болгон мүлк менчик болбойт. Мындай нерсени сатып алуу, жеп-ичүү жаиз эмес. Хадика китебинде мындай делген: "Күч менен же уурулук, кыянат сыяктуу харам жолдор менен ээ болгону белгилүү нерсени белекке, садака жана акыга төлөм иретинде алуу, карызга алып колдонуу халал эмес. Бир гана мураскердин мураска калган нерселердин ээсин билбеген абалда ошол нерселерди алуусу халал болот. Мүлктүн ушул сыяктуу харам экени толук маалым болбосо бардык адамдын алуусу жаиз болот.”

Уурулук кылуу – чоң күнөөлөрдүн бири. Эркектерден да, аялдардан да бул күнөөгө чалынгандар өтө көп. Уурулуктун тузагынан кутула алган адам өтө аз. Ошондуктан, уурулуктун эмне экенин билип, андан сактануу керек. Аялы-күйөөсү бири-биринин буюмдарын уруксатсыз алуусу, колдонуусу уурулукка болот, ушундайча чоң күнөө жасалууда. Бул абал көп адамдарда бар. Аллаху таала сактаган өтө аз гана адамдар бул нерседен кутулган. Кээ бир адамдар мунун уурулукка жата турганын, күнөө экенин да билбейт. Жада калса, халал деп ойлошот. Ушундай ойлоп, ишенип ыймандарын коопко түшүрүүдө. Мындай ишенген аял-күйөөлөр бири-биринин буюмдарын уруксатсыз алууну адатка айландырышкандыктан башкалардын буюмдарын уруксатсыз колдонуунун жаман экенин ойлоп да койбойт. Ушунун кесепетинен көпчүлүк адамдар башка бирөөнүн мүлкүнө тартынбай кыянат жана уурулук кылышууда. Ниса сүрөсүнүн 29-аятында: «Эй ыйман келтиргендер, бири-бириңердин менчигиңерди араңарда туура эмес жолдор менен жебегиле. Тактап айтканда, Ислам харам кылган пайыз, кумар, уурулук жана күч менен тартып алуу сыяктуу туура эмес жол менен жебегиле. Жалгыз гана бири-бириңерге ыраазы боло турган түрдө соода жолу менен болсун», - деп айтылган.

Жалган айтуу, ушак айтуу, гыйбат (ушак) кылуу, жалаа жабуу, уурулук, куулук, кыянат кылуу, адамдарды таарынтуу, фитна (бүлүк) чыгаруу, башканын буюмдарын уруксатсыз колдонуу, жумушчунун, жүк ташуучунун эмгек акыларын бербөө күнөө болот. Буларды мусулман болбогон адамга карата да, мусулман болбогон мамлекетте да кылуу күнөө болот. Ибадаттардын кабыл болуусу үчүн уурулук, куулук жана кыянат сыяктуу күнөөлөрдөн тыйылуу керек.

Чакырылбаган жерге баруу өзүн-өзү кордоо болуп саналат. Хадиси шарифте: «Чакырган жерге барбоо күнөө болот, чакырбаган жерге баруу уурулук кылууга жатат», - деп айтылат.

Бир күнү Хазрети Бахлул Дананын үйүнө ууру кирип, тапкан нерселеринин бардыгын алып кетет. Таң атканда Хазрети Бахлул Дана туруп, көрүстөнгө барып, көрүстөнгө кирүүчү эшиктин алдына отуруп алат. Бул абалды уккандар: «Эмне үчүн уурунун изине түшпөдүң, эмнеге бул жерге келип отурасың?» – деп сурашат. Хазрети Бахлул Дана: «Жолунан адашкан ал адамды ушул жерде күтүп отурамын», - деп жооп берет. Бул сөзгө ал жердегилер күлүшөт. «Аллах андан кайтарсын, ал адам бул жерге келип эмне кылсын?» – дешти алиги адамдар. Аларга Хазрети Бахлул Дана: «Силер тынчсызданбагыла, ал сөзсүз бул эшикке келет. Ажал аны бул жерге алып келет», – деп жооп берди. Бул сөздү укканда ал жердегилер терең ойго чөмүлүштү.

Ахли сүннөт акыйдасында амал ыймандын бөлүгү эмес. Эринчээктик менен буйруктарды аткарбай жана напсине азгырылып күнөө кылуудан тыйылбагандардын ыйманы кетпейт. Чоң күнөө кылган мусулмандар бул дүнүйөдө тообо кылбай, акыретте да шапаатка жете албаса, күнөөлөрүнүн өлчөмүндө Тозокто күйөт, андан кийин өздөрүндө болгон ыйман нурунун себеби менен Аллаху тааланын кечиримине жетет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш