Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Өлүм алдында болгон абалдар




Өлүм алдында болгон абалдар


Өлүү жок болуп кетүү эмес, дүнүйөдөгү өмүрдөн чыгуу деген сөз. Аллаху таала адамды белгилүү болгон ажалы жеткенче, ырыскысы бүткөнчө бул дүнүйөдө кармап турат. Адам өзүнө жазылган ырыскысы менен амалы бүткөн кезде бул дүнүйөдөн чыгып кетет, ошол абалды адамдын өлүмү деп атайт.

Адамдын өлүм оозундагы абалын Хазрети Имам Газали мындай билдирет:

«Адамдын өлүмү жакындаган кезде төрт периште келет. Адамдын рухун ушул периштелердин бирөөсү оң бутунан, бирөөсү сол бутунан, дагы бирөөсү оң колунан, бири сол колунан тартат. Көбүнчө, руху алкымына келе электе ал адам периштелер ааламын көрө баштайт. Периштелерди, алардын жасап жаткан иштеринин акыйкатын алардын ааламында туруп көрөт. Эгер ал адамдын тили сүйлөй турган болсо периштелердин көрүнүшүнөн кабар берет. Көбүнчө көргөн нерселерин шайтандын иши экен деп ойлоп калат. Тили буулуп, кыймылсыз калат. Бул абалда да ошол периштелер рухун манжаларынын учтарынан тартышат. Дем алуусу кырылдап калат. Күнөөкөрдүн руху сууланган жүнгө салынган тикендин сууруп алынганындай алынат. Муну адамзаттын эң жогорусу болгон Пайгамбарыбыз алейхиссалам кабар берди. Бул абалда өлгөн адам ичин тикен менен толтурулгандай сезет. Рухун ийненин көзүндөй тешиктен чыгарып, көк менен жер биригип, өзүн ошонун арасында эзилип кысылып сезет. Хазрети Каабдан: «Өлүм кандай болот?» – деп суралганда: «Топ тикенди бир адамдын ичине салып койгон. Күчтүү бир адам ошол тикенди оозунан сууруп алууда. Тикендер кескен жерин кесип, калганы калат. Мына, өлүм ушундай болот», – деп жооп берди.

Пайгамбарыбыз мындай деп айтты: «Албетте, өлүм азаптарынын бир бөлүгүнүн оордугу үч жүз жолу кылыч менен чапкандан да оор». Мына ошол убакытта адамдын денеси тердейт. Көздөрү тез ылдамдык менен эки жакты карайт. Мурдунун эки таноосу тартылат. Көкүрөк сөөктөрү көтөрүлөт, деми кысылат, өңү саргаят. Руху жүрөккө келгенде тили байланат. Руху көкүрөгүнө келгенде эч ким сүйлөй албайт. Мунун эки себеби бар. Биринчиси: бул иш өзгөчө оор болгондуктан көкүрөк дем кысылып, тарып калат. Адамды көкүрөккө урган кезде эсинен танып калаарын көрбөйсүңөрбү?! Бир аздан соң гана эсине келет. Көпчүлүк учурда сүйлөй албайт. Адамдын кайсы жерине сокку урсаң да үн чыгарат. Көкүрөккө урсаң ошол замат үнүн чыгарбай өлгөн сыяктуу кулайт.

Экинчи себеби: үн өпкөдөн чыккан абанын кыймылынан пайда болот. Жан көкүрөккө келгенде дем калбайт. Демин ала албаган үчүн дененин жылуулугу калбай сууй баштайт.

Рух тартылып соңку байланышы үзүлөөр кезде ага бир нече фитналар (сыноолор) берилет. Иблис жана анын жардамчылары ал адамдын тынчын алат. Аллаху таала бир кулунун хидаяты менен ыйманын кааласа, ал адамга рахмети илахи (Аллахтын рахматы) келет. Рахмети илахи шайтанды алыстатып, оорулуунун жүзүнөн кыйынчылыкты кетирет. Ошол убакытта ал адамдын көңүлү сергийт, күлүмсүрөйт.

Өлүм учурунда эң акыркы жоголуучу сезим – угуу сезими. Анткени, рух жүрөктөн бөлүнгөн кезде жалгыз гана көрүү сезими бузулат, бирок, угуу сезими жан толугу менен чыгып кеткенге чейин жоголбойт. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи васаллам”: «Өлүм төшөгүндө жаткандарга эки шахадат калималарын, тактап айтканда, "Ла илаха иллаллах, Мухаммадун Расулуллах” сөзүн айттыргыла!» - деп айткан.

Эгер өлгөн адамдын оозунан шилекейи аккан, эрини шалбыраган, жүзү карарган, көзү аңтарылган болсо, ал адамдын шаки (бетпак) экенин билип ал. Ал акыреттеги бактысыздыктарын көрдү деген сөз.

Эгер оозу бир аз ачылган, күлүп жаткандай, жүзү жадыраган, көздөрү да толук жумулбаган болсо, ал адамга акыретте болуучу бакыты туурасында сүйүнчү берилгенин билип ал...»

Натыйжада, адам бул дүнүйөдө калуучу эмес, жолоочу, өткүнчү болуп саналат. Ошондуктан, ыйман менен өлүү үчүн күнүгө дуба кылуу керек. Анткени, өлүм менен адамдын бул дүнүйөдөгү өмүрү бүтөт. Өлүм – рухтун дене менен байланышынын үзүлүүсү, рухтун денеден ажыроосу. Адам өлгөн кезде рух менен жүрөк жок болуп кетпейт. Өлүм – адамдын бир абалдан башка абалга өтүүсү, бир үйдөн башка үйгө көчкөнгө окшойт. Хазрети Омар бин Абдулазиздин айтканындай: "Силер түбөлүк үчүн гана жаратылдыңар. Бирок, бир үйдөн экинчи үйгө көчөсүңөр.” 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш