Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Куфурга кас болбогон ыйманга дос болбойт




Куфурга кас болбогон ыйманга дос болбойт


Аллаху тааланын душмандарын жакшы көрүү, адамды Аллаху тааладан алыстатат. Эки карама-каршы нерсенин биринен алыстамайынча экинчисине жакындоо мүмкүн эмес. Кимде-ким Аллаху тааланы жакшы көрөмүн десе, бирок, Анын душмандарынан алыс жүрбөсө бул айткан сөзүнө ишенүүгө болбойт. Анткени, Али Имран сүрөсүнүн жыйырма сегизинчи аятында: «Капырларды жакшы көргөн адамдарды Аллаху таала азабы менен коркутууда» , - деп айтылган. Адамдын жүрөгүндө ыйманынын бар экендигинин белгиси – анын куфурдан качуусу жана Аллаху тааланы тааныбоодон, Жаратканды тааныбагандарга таандык аракеттерди жасоодон тыйылуу болуп саналат. Куфурдан качуу дегенибиз Аллаху тааланын душмандарын жакшы көрбөө деген сөз.

Ибрахим алейхиссаламдын ушунчалык даражада жогору болуусу жана бүткүл адамзаттын ичинен "экинчи” болуусу жана пайгамбарлардын атасы деген ат менен даңкталуусу Аллаху тааланын душмандарын жакшы көрбөгөнүнүн аркасында болду. Аллаху таала Мумтахина сүрөсүндө: «Эй момундар! Ибрахим алейхиссаламдын көрсөткөн көркөм жолу менен жүргүлө! Тагыраагы, силер да ал сыяктуу жана аны менен болгон мусулмандар сыяктуу болгула! Алар капырларга айтышты: Бизден мээримдүүлүк күтпөгүлө! Анткени, силер Аллаху тааланы тандабай башка нерселерге сыйынып жүрөсүңөр. Сыйынган нерселериңерди да жакшы көрбөйбүз. Силердин ойдон чыгарылган диниңерге ишенбейбиз. Бул айырмачылык арабызда душмандык туулуусуна себеп болот. Силер Аллаху тааланын бир экенине ишенмейинче жана буйруктарын кабыл кылмайынча бул айырмачылык жүрөгүбүздөн өчпөйт, ар жерде өзүн көрсөтөт,» - делген.

Хазрети Абдуллах бин Омар мындай дейт: "Өмүр бою орозо кармасам, уктабай түндөрүмдү ибадат менен өткөрсөм, дүнүйө-мүлкүмдүн бардыгын жалгыз Аллах жолунда таратсам жана ушул абалым менен өлсөм, бирок, көңүлүмдө Аллахка моюн сунгандарга болгон махабат жана  Аллахка каршы чыккандарга болгон жек көрүүчүлүк болбосо, бул кылгандарымдын эч кандай пайдасын көрбөймүн.”

Хазрети Фудайл бин Ияд: "Эй адам! Фирдаус Бейишинде Пайгамбарыбыз жана Сыддыктар менен бирге болууну каалайсың, бирок, сен мындай каалоо үчүн кандай жакшы амал кылдың? Напсиңдин кайсы каалоосун артка кайтардың, кайсы ачууңду жеңдиң, сага келбеген кайсы тууганыңа бардың, дин бир тууганыңдын кайсы кемчилигин кечирдиң, Аллахты тааныбаган кайсы жакыныңдан жүзүңдү бурдуң жана Аллахка дос болгон кайсы таанышың менен дос болдуң?” - деген.

Хазрети Абу Идрис Хавлани Хазрети Муаз бин Жабалга: «Сени Аллах үчүн жакшы көрөмүн», – деди. Хазрети Муаз бин Жабал ага: «Сага сүйүнчү болсун! Бир күнү Пайгамбарыбыздын "алейхиссалам” «Кыямат күнү Аршы а-ланын айланасында бир топ адамдарга курси курулат. Бул адамдардын жүздөрү айдын он төртү сыяктуу жаркырайт. Башкалар убайымга түшүп жатышканда алар убайым тартышпайт. Башкалар коркуп жатышканда алар коркушрайт. Алар – коркуу менен кайгысыз, муңсуз болгон Аллахтын чыныгы достору» дегенин уктум», - деди. Муну уккан Хазрети Абу Идрис Хавлани: «Ал адамдар кимдер?» – деп сурады. Хазрети Муаз бин Жабал: «Алар – бири-бирин жалгыз Аллах үчүн жакшы көргөндөр», – деп жооп берди.

Махабат сүйүктүүңдүн досторун сүйдүрүп, душмандарына душмандык кылдырат. Мындай махабат менен душмандык садык жана адал мусулмандын колунда эмес. Эмгектенип, тер төкпөй эле өзүнөн өзү пайда болот. Достун достору жакшы көрүнүп, душмандары болсо жийиркеничтүү, жаман болуп көрүнөт. Сүйгөн адам сүйгөнүнүн душмандары менен арасын үзмөйүнчө "жакшы көрөм” деген сөзүнө турган болуп эсептелбейт. Булар мунафык же эки жүздүү деп аталат.

Аллаху тааланын душмандарын жакшы көрүү адамды Аллаху тааладан алыстатат. Эки карама-каршы нерсенин биринен алыстамайынча экинчисине жакындоо мүмкүн эмес. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи васаллам”: «Ибадаттардын баалуусу – мусулмандарды мусулман болгондору үчүн жакшы көрүү, ал эми капырларды капыр болгондору үчүн жакшы көрбөө», - деген.

Хазрети Абдулкадир Гейлани шакирттеринин бирине мындай насыят кылат:

"Акыретти негизги байлыгың деп бил, бул дүйнөнү ошол байлыгыңа жумшап табуучу табыш булагыңа айландыр. Убактыңды алгач акыретти табуу үчүн жумша. Калган убактыңды күн көрүү үчүн жумша. Эч качан дүнүйөңдү негизги байлык, ал эми акыретиңди анын табышына айландыра көрбө. Эгер ушундай кыла турган болсоң акыретиңе дүнүйөлүктөн ашкан убактыңды жумшай турган болосуң. Намаздарыңды ушул убакытта окуй турган болосуң. Бирок, тезирээк окуп бүтүрөйүн деп рукундарга маани бербей каласың. Андан кийин дүнүйө иштеринен чарчап жыгыласың. Чарчаганыңдан өлүү сыяктуу жатып алып, күндүздү пайдасыз өткөрөсүң. Напсинин каалоолоруна, жада калса, шайтанга да багынасың. Дүнүйөлүк үчүн акыретти сатасың. Напсиңдин кулундай болосуң. А негизи, сага напсиңди тарбиялоо, ага каршы чыгып аны менен күрөшүп жеңип, аны оң жолго салуу буйрук кылынды. Сен напсиңдин айткандарын аткарамын деп жүрүп өзүңө зулумдук кылдың. Өз мойнуңа жип салып, аны напсиңдин колуна тапшырып койдуң. Дүнүйө менен акыретиңди коркунучка таштадың. Андай болгон болсо, кыямат күнү дин менен дүнүйө айынан эң көп зыян тарткан сен болосуң. Эгер напсиңди акырет жолуна тартып, акыретиңди өмүрүңдүн негизги максатына айландырганыңда дүнүйө менен акырет бакытын табаар элең. Напсинин жамандыктарынан сактанып, жакшы адамдардын катарында болоор элең.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш