Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Максатты туура тандоо




Максатты туура тандоо


Ахли сүннөт даанышмандары мындай дешкен:

Алдыга коюлган максат туура тандалса ошого карата ибадаттар, жумуштар, кызматтар өз жолуна түшөт. Негизги максат – Раббибиздин ыраазылыгы. Башкалардын ыраазы болуп-болбоосу маанилүү эмес. Адамдар кадырлаган, жогору туткан нерселерин кадырлаган адам – барксыз болот. Аллаху таала барктаган нерселерин жогору туткан адам – кадырлуу болот. Ар адам өз тандоосуна карата мамиле көрөт. Акыретте Аллаху таала чоң үмүт менен келген кээ бир кулдарын өкүнүчкө ороп, жазалайт, аларга мындай деп айтат:

«Эй кулум, кылган иштериңди Менин ыраазылыгым үчүн кылдыңбы же адамдардын сени мактоолору үчүн же акча табуу үчүн кылдыңбы? Сен адамдар үчүн кылдың, адамдар дагы сени макташты, акча да таптың,  максатыңа жеттиң. Бирок, Мен үчүн эмне кылдың? Досторумду Мен үчүн жакшы көрдүңбү? Душмандарыма мен үчүн душмандык кылдыңбы?»

Аллахтын душмандарына душмандык кылуу көңүл менен (жүрөк менен) болот, антпесе, алар менен уруш-талашка түшүп, аларга тил тийгизип, сөз талашылбайт. Бирок, Аллах душмандарына деген урмат, жакшы көрүү көңүлдө орун албоосу керек. Чыныгы сүйүү – Аллахка болгон сүйүү жана Аллах үчүн болгон сүйүү. Душмандык да напси үчүн эмес Аллах үчүн болуусу керек. Себеби, Аллахка күфур келтирген же Ал жиберген Ислам динине, Пайгамбарыбызга, Курани каримге ишенбеген адамдарга карата жүрөгүндө жакшы көрүү сезими болгон адам Тозокто ошол адамдар менен бирге болот.

Аллаху таала аткарган амалыбызга эмес ошол амалды кандай ниет менен аткарганыбызга карайт. Динибизде ниет аткарылган амалдан да маанилүү болуп саналат. Мисалы, чоң бир кеменин бардык жагы ишенимдүү, ыңгайлуу, сапаттуу болуп, бирок, компасы, багытты туура эмес көрсөтө турган болсо, ал кеменин капитаны кемедегилерди эч жакка алып бара албайт. Мындай учурда бул кеменин ишенимдүүлүгү, ыңгайлуулугу, сапаты эч нерсеге татыбайт. Бул жерде кичинекей бир куралга (компаска) зарылдык бар. Мына, жүрөктөгү ниет да ушул компас сыяктуу. Дене, акыл канчалык баалуу болсо да, аткарылган иштер канчалык баалуу болуп көрүнсө да, эгер ниет ката болсо, тактап айтканда, максат Аллах ыраазылыгы болбосо, адам өзүн же айланасындагыларын алдаган болот жана акыры зыянын тартат.

Пайгамбарыбыз "алейхиссалам”: «Амалдар ниетке байланыштуу. Мусулмандын ниети амалынан да кайырлуу. Аллаху таала силердин жүзүңөргө, ишиңерге эмес жүрөгүңөр менен ниетиңерге карайт», - деген.

Ар бир мусулман үйүнө бара жатканда үйүнүн, жумушка бара жатканда жумушунун багытына бет алганы сыяктуу акыретте бара турган жеринин багытына да азыртадан бет алуусу керек. Ал жакта Бейиш менен Тозоктон башка баруучу жер жок. Ошого карап жол азыгын дайындоосу керек. Үйгө бара жатканда эч качан адашпайбыз, жаңылып башка бирөөнүн үйүнө кирип кетпейбиз. Болгону акылы кемдер же эс-учу жок мас болгондор гана адашуусу мүмкүн. Акылы бар адам, акылын колдоно алган адам жашаган жерин, билген жерин адашпай таап бара алат. Мына ушул сыяктуу адам баласы бул дүнүйөдө да акылын колдонууга тийиш, дүнүйө-мүлк, атак-даңкка болгон сүйүүгө мас болбоосу керек. Жыйынтыктап айтканда, акыретке барчу жолдо максатыңдан адашпооң керек...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш