Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Сабырдын түбү - сары алтын




Сабырдын түбү - сары алтын


Сабыр - Аллаху тааланын тагдырына ыраазы болуу, жазганына, бергенине каршы чыкпоо дегенди билдирет. Арыздануу ниетисиз башка түшкөн кыйынчылыктарды айтуу сабырсыздык болбойт.

Сабыр - бардык жакшылыктардын ачкычы. Дүнүйөгө келгенден баштап бардык ийгиликтерге сабыр менен гана жетүүгө болот. Баланын чоңойуусу, илим алуусу, жетилүүсү сабыр кылууга байланыштуу. Жакшы адам болуу, жакшы мусулман болуу сабыр менен ишке ашат. Динибиздин улуулары: «Сабыр - бүткүл жакшылыктардын, ал эми шүгүр - бүткүл берекелердин ачкычы. Кимде ушул касиеттер болсо эң бийик руханий даражаларга жетет», - деп айтышкан.

Хазрети Абдуллах ибни Аббас кызынын кайтыш болгонун укканда алгач: «Инна лиллах ва инна илайхи ражи-ун» деп, анын артынын «Ал махрам эле, Аллаху таала аны пардалады; жардамга муктаж эле, камкорлугуна алды; биз үчүн зыяпат эле, аны бизден мурда жиберди», - деди да эки рекет намаз окуду. Намаз окугандан кийин «Аллаху тааланын Бакара сүрөсүнүн кырк бешинчи аяти каримасындагы "Сабыр кылып жана намаз окуп жардам сурагыла” деген буйругун аткардык», - деген.

Сабыр - диндин жарымы. Намаз болсо - диндин тиреги. Бул экөөнө жармашкан адам көздөгөнүнө, максатына жетет. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Сабыр кылган адам жеңишке жетет», - деп айткан.

Хазрети Абдуллах Муртайиш: «Бүткүл иштердин натыйжасынын пайдалуу жана саламаттуу болуусу үчүн эки шарт бар. Алар - сабыр жана ыкылас», - деп билдирген.

Хазрети Исмаил Факируллах: «Тобокел кылуу, таслим болуу, сабыр кылуу жана ыраазылык билдирүү Аллаху таалага баруучу жолдун негиздери», - деп билдирген.

Ал эми Яхья бин Муаз хазреттери: «Кыямат күнү кедейлик жана байлыктын өзү өлчөнбөйт. Кедейликке канчалык сабыр кылганына жана байлыкка канчалык шүгүр кылганына карап адам эсепке тартылат. Маселе өтө кедей же бай болгонунда эмес, көп сабыр кылганында жана көп шүгүр кылганында,» - деген.

Абу Али Даккак хазреттеринен: «Сабыр деген эмне?» - деп суралганда, жообунда мындай дейт: «Сабыр – дары катары колдонулуучу ачуу бир дарактын аты. Сабырдуу адамдар дүнүйө менен акыреттин үстөмдүгүнө ээ болуп кутулат. Анткени алар "Аллаху таала менен бирге болуу” даражасына ээ болушкан. Ошондуктан, Аллаху таала Тур сүрөсүнүн төртүнчү аятында: «Аллах күмөнсүз сабыр кылуучулар менен бирге», - деп айтылган.

Сабырдын аныктамасы жана чек арасы – тагдырга каршы чыкпоо. Бир адамдын өз башына түшкөн бактысыздыктарын башкага айтуусу эгер арыздануу максаты менен болбосо, бул сабырсыздык болбойт. Аллаху таала Аййуб алейхиссалам кыссасында: «Биз анын сабырдуу экенин көрдүк, ал кандай гана керемет кул», - деп мактаган. Анткени менен, Анбия сүрөсүнүн 83-аятында Аййуб алейхиссаламдын кабар берүү максаты менен «Башыма бул дарт келди» дегенин да айткан. Бул үммөттүн алсыздары уруксат кылынган гана нерселер менен амал кылып кысылбасын деп жана өздөрүн эркин сезсин деп Аллаху таала Аййуб алейхиссаламдын «Башыма бул дарт келди» дегенин билдирип, мындай нерселерди кабар берүү максаты менен айтууну харам кылбады.»

Абдулкадир Гейлани мындай дейт: «Кулдун Аллаху таалага болгон сүйүүсү чыныгы же алдамчы экенендиги башына кыйынчылык келген кезде белгилүү болот. Башка кыйынчылык келгенде сабырдуулук көрсөтүп, тынчтыгын сактай билсе, ал кул Аллаху тааланы чындап сүйөт дегенди билдирет. Кыйынчылык менен кедейлик келгенде сабырдуулук көрсөтө билүү бул сүйүүнүн белгиси жана далили. Бир адам Пайгамбарыбызга "саллаллаху алейхи васаллам” келип: "Мен сени жакшы көрөмүн”, -дегенинде, Пайгамбарыбыз: «Анда кедейликке дайын бол», - деп айткан.

Абалыңарды арызданбагыла. Сабыр кылгыла, жалакайлык кылбагыла. Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн көрсөтүлгөн сабыр менен чыдамкайлык эч качан жоопсуз калбайт. Ошондуктан, бир жолу болсо да сабыр кылгыла, ошондо сөзсүз түрдө узак жылдар бул сабырдын жакшылыгын көрөсүңөр. Өмүр бою "баатыр” атанып, аты чыккан адамдар бул аттакка бир көз ирмемдик баатырдыгынын аркасында ээ болушкан.»

Ахмед Йакдест Журйани хазрети мындай деген: «Бул дүнүйөнүн негизи кыйынчылыктан куралган. Кыйынчылыктын сабыр кылуудан башка дабасы жок, чыдоодон башка кутулуу жолу жок. Сабырдын өзгөчө бул үч түрү өтө маанилүү: Хакка ибадат кылуудагы сабыр, күнөө кылбоого сабыр, балээ менен кыйынчылык учурундагы сабыр.»

«Адамдын күнүгө башына келүүчү бардык абалдары Аллаху тааланын каалоосу жана жаратуусу менен болууда. Ошондуктан, өз каалоолорубузду Анын каалоолору менен шайкеш келтирүүбүз керек. Туш болгон ар бир абалыбызды өзүбүз талап кылып, издеп тапкан нерсебиз деп билүүбүз керек жана буга жеткенибизге кубануубуз керек. Чыныгы кулчулук ушундай болмок. Эгерде кул болсок, ушундай болуубуз керек! Антпесе, кулдукка моюн сунбаган жана Жаратуучуга каршы чыккан болобуз. Аллаху таала хадиси кудсиде: «Менин белгилеген кырсык жана тагдырыма ыраазы болбогон, жактырбаган жана жиберген балээлериме сабыр кылбаган кул менден башка Кудай издесин. Жер бетинде кулум катары жүрбөсүн!» - деп буюрган


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш