Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бардык жамандыктардын башы




Бардык жамандыктардын башы


Бардык жамандыктардын башы, негизи арак экендиги аяти каримада жана хадиси шарифтерде билдирилген. Хак таала Курани каримде: «Эй, ыйман келтиргендер! Арак, кумар, сыйынууга коюлган таштар (буттар), төлгө ачуучу буюмдар шайтандын иши болуп саналган нажастар. Ошондуктан, кутулуу үчүн булардан сактангыла!» - деп буюрууда. (Маида 90)

Хадиси шарифтерде да спирт ичимдиктери катуу түрдө жамандалган. Ислам аалымдары спирт ичимдиктеринин зыяндуулугун мындай билдирген:

Арак ичкен адам жиндинин бир түрүнө айланат. Элдин шылдыңдоосуна себепчи болот. Айланасындагы адамдардын алдында кадыры болбойт. Адамдын уятын, ар-намысын жок кылат. Анткени, хадиси шарифте: «Арак ичкен адамдын уят пардасы жыртылат, шайтан ага жолдош болот, ар кандай жамандыктарга жол ачат жана жакшылыкка тоскоол болот», - деп айтылат.

Спирт ичимдиги адамдын акыл-эсине да, чөнтөгүнө да зыяндуу. Акчанын жаман жолдо короп, ысырап болушуна себеп болгонундай эле акыл-эстин кемүүсүнө да себеп болот. Пайгамбарыбыз: «Арак мал-мүлктү жок кылат, акылдан аздырат», -Арак достордун, ага-туугандардын арасында душмандыкка себеп болот. Анткени, Аллаху таала курани каримде: «Шайтан арак жана кумарда араңарда душмандык жана бузукулук салууну гана көздөйт», - деп айтылат.

Спирт ичимдиги адамды Аллахты эске алуудан жана намаз окуудан алыстатат. Аллаху таала: «Шайтан аракта жана кумарда силерди Аллахты эске алуудан жана намаз окуудан алыстатат»,- деп билдирет. 

Арак шахватты (кумарды) күчөтөт, адамды зинага алып барат. Хадиси шарифте «Арак зинадан да жаман», - деп айтылат.

Ошондой эле ичкиликке берилген никелүү эркек өзү да байкабай нике боосун үзүүчү сөздөрдү айтуусу мүмкүн.

Спирт ичимдиги - бардык жамандыктардын ачкычы. Анткени, мас адамдын туш келген күнөөнү кылуусу оңойго турат. Ичкен кишинин акылы кеткени үчүн харамды, халалды, туураны, жаңылышты ажырата албайт. Хадиси шарифте: «Арактан сактангыла! Дарактын бутак жайганы сыяктуу арак да жамандык жаят», - деп билдирилет.

Спирт ичимдигин ичкен адам пивоканага баруусу аркылуу жана үстүндө арак жыты чыгып жүрүүсү аркылуу ар убак жанында болуп, жакшылыктары менен жамандыктарын жазуучу Хафаза периштелерине жапа чектирген болот. Рахмат периштелери андан узак болот. Хадиси шарифте: «Рахмат периштелери мас адамдан узак болот», - деп айтылат.

Спирт ичимдик ичкен адам жакшылыктардан, дубадан өзүн жапкан болот. Анткени, спирт ичимдигин ичкен адамдын жакшылыктары жана дубасы кабыл болбойт. Ошондуктан, арак ичүү тургай арак ичилип жаткан жерден да узак туруу керек. Анткени, хадиси шарифте: «Аллахка жана акыретке ишенген адам арак ичпесин, арак ичилген дасторконго да отурбасын»,- деп айтылат.

Арак ичкен адамдын абалы кооптуу болот. Өлүм алдында анын бул абалы ыймансыз кетүүсүнө себеп болот. Анткени, өлүмдүн качан келээри белгисиз. Хадис шарифте: «Арак менен ыйман бир жерде болбойт, бири экинчисин алыстатат», - деп билдирилген.

Бул аталган зыяндар болгону дүнүйөдөгү жазалары. Ошондой эле, акыретте да жазалары бар. Булар айтып бүткүс көп. Дүнүйөдөгү зыяндары менен салыштырып болбойт жана өтө оор. Ошону менен катар бири убактылуу, бири чексиз. Акыл-эси бар адамдын бул дүнүйөнүн бир нече ырахатын акыреттин түбөлүк, чексиз ырахаты менен алмаштыруусу мүмкүн эмес.

Сахабалардан хазрети Абдуллах Ибни Масуд: «Өкүнүчтөрдүн эң чоңу жана эң зыяндуусу – кыямат күнүндөгү өкүнүч. Азыктардын эң жакшысы – такыбаа. Ичимдик - күнөөлөрдүн чакыруучусу. Жаштык - жиндиликтин тармагы, бөлүгү», - деген.

Бир жолу Хазрети Осман Исламды жаңыдан кабылдаган бир коомго мындай деп насыят айтат:

«Эй, адамдар! Арак ичүүдөн сак болгула. Эч күмөнсүз, арак бардык жамандыктардын атасы болуп саналат. Бир замандарда силерден мурдагы коомдордун биринде бир салих адам болот. Ар дайым ибадаттары менен алек болуучу. Бир күнү бир айылдан өтүп бара жатып жаман аялга кезигет. Аял бир шылтоо менен аны алдап үйүнө киргизет. Үй ичинде кичине бала жана бир идиште арак бар эле. Жаман ниеттүү аял эшикти жакшылап кулпулагандан кийин ниетин айтат: "Же мени менен кошуласың, же аракты ичесиң, же бул баланы өлтүрөсүң. Булардын бирин кылмайынча бул жерден чыга албайсың. Болбосо, ызы-чуу чыгарып, үйүмө кирип мени зордуктаганы жатат деймин. Андай эместигин эч кимге ишендире албайсың! Сени уятка калтырамын”, – дейт. Кара ниеттүү аялдын бул коркутуусунан кийин алиги адам ойлонуп, өз ичинен "Зина кыла албаймын. Баланы да өлтүрө албаймын. Жеңилирээк күнөөнү, аракты ичейин, кийин тообо кыламын”, - дейт да аракты аз-аздап ичет. Бир аздан кийин башы айлана баштайт. Аял дагы куюп берет. Көп өтпөй катуу мас болуп, арактын берген азгырыгынан аял менен зина кылат. Кийин, көргөндөрүн элге айтып коет деп баланы да өлтүрөт.

Эй адамдар! Көрүп түрганыбыздай, арак адамга эң жаман нерселерди жасатат. Ошондуктан, арактан өтө алыс болгула. Анткени, арак - бардык жамандыктардын негизи. Аллахка ант кылып айтамын, адамдын көңүлүндө арак менен ыймандын бирге болуусу кыйын. Арак ичип жүрүп убакыттын өтүүсү менен арак ичүү көнүмүш, калыптанган абалга айланат. Ошондуктан, биринин келүүсү менен экинчисинин ал жерден кетүүсүнөн коркуу керек!»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш