Адамдар канчалык динден алыстаган сайын бири-бири
менен ошончолук мамилеси сууп, жокчулукка учурап, жабыр тартып, ар түрдүү
жамандыктардан кутула албай жатышат. Дүнүйөлүк илим-техникада таң каларлык
өнүгүүлөр ишке ашып жатса да, жер бетиндеги бактысыздыктын, кайгы-муңдун
азайбаганы, ал тургай көбөйүп жатканы да ачык көрүнүүдө.
Аллаху таала адамдардын бакытына себеп болуучу
нерселерди буйрук кылган. Балээге себеп болуучу нерселерге тыюу салган.
Ыймандуубу, ыймансызбы кимиси болсо да билип же билбей ушул буйруктар менен
тыюуларга ылайык жашаган сайын дүнүйөдө тынчтык жана бакытка толгон өмүр сүрөт.
Бул – өзүнө пайдалуу дарыны билип же билбей ичкен адамдын оорудан айыгып
кетүүсүнө окшойт. Динсиз адамдардын ошондой эле динсиз элдердин көп иштерде
ийгиликке жетип жатышканын көрүүдөбүз. Алар өздөрү билбесе да Курани каримдин
талаптарына ылайык эмгек кылып жаткандыктары үчүн ийгиликке жетишүүдө. Бирок,
акыретте да бакытка жете алуу үчүн Курани каримге ыйман келтирип, ниет кылып
ошого ылайык өмүр сүрүү керек.
Бакытка, жетиштүү жашоого жетип, бардык адамдар
менен жакшы карым-катнашта болгусу келген адам көздөрүн акыретке каратуусу
керек. Көзү дүнүйөдө болгон адамдын бактылуу болуусу, адамдар менен жакшы
мамиледе болуусу өтө кыйын. Анткени, жүзүн дүнүйөгө бурган адам өз напсин жакшы
көргөндүктөн өзүнөн башканы жакшы көрө албайт, башкалар менен жакшы мамиледе
боло албайт. Себеби, өз напсине ашык, напсинин ар айтканын дароо аткарган,
напси менен шайтандын артынан түшкөн адам өзүнөн башка эч кимди ойлобойт.
Мындай адамдар диний китептерден жана дин аалымдарынан пайдалана албайт. Ал эми
пайдаланган адам эч кимге жүк болбойт, тескерисинче, башкалардын келтирген
оорчулугуна сабыр кылат жана бардык адамдар менен жакшы мамиледе болот.
Өз напсин жек көргөн адамдын көңүл көзү
ачылат. Мындай адам харамдардан, көкүрөк көтөргөн текеберликтен жана бардык
жаман сапаттардан тыйылат. Жамандыктан тыйылган адамдын көңүлүнө (жүрөгүнө)
рахмат нуру тамчылай баштайт. Жүрөгүнө рахмат нуру кирген адам диний китептер
менен дин аалымдарынан азыгын ала баштайт. Пайда көрүп жаткандыгынын белгиси ал
адамдын эч кимге жүк болбой, башкалардын жүгүн көтөрө баштоосу жана ар бир адам
менен жакшы мамиледе болуусунан билинет. Мындай адамды достору жана
айланасындагылардын жакшы көрүүсү ушунчалык, суусап турган адам суу ичкенде
кандай суусуну кана турган болсо, бул адамды да дал ушундай даражада жакшы
көрүшөт.
Бардык адамдардын оюнда башчы болуу, башкаруу,
буйрук берүү деген каалоолор болот. Анткени, бул жагдай адамдын жаратылышында
бар. Бул абал жүзүн акыретке бургандарда гана болбойт. Исламдагы кулк-мүнөздүн
көптөгөн аныктамалары бар, бирок, дин аалымдарыбыздын эң көп берген аныктамасы
мындай: "Эч кимге жүк болбоо, тескерисинче, башкалардын жүгүн көтөрүү”
Ырахаттык менен бакыт Ислам дининин ичинде. Ислам
дининин сыртынан бакыт издөө чөлдөн суу издөө сыяктуу. Бир күнү бардык адамдар
мунун акыйкатын түшүнүшөт, бирок өтө кеч болот.
Адам Аллаху таалага ибадат кылса, Аллаху таала ал
адамдын бул дүнүйөдөгү иштерин жеңилдетет, кабырда мээрим көрсөтөт, акыретте,
махшар аянтында кечирет. Ошондуктан, дүнүйөдө жана акыретте Аллаху тааланын биз
менен кандай мамиледе болуусун кааласак, биз да анын кулдары менен, башкача
айтканда, адамдар менен ошондой мамиледе болуубуз керек.
Адамдын жүрөгүндө дүнүйөгө болгон махабат көбөйсө
аны жакшы көргөн адамдардын ага болгон жакшы көрүүсү ошончолук алсырайт.
Жүрөгүндө дүнүйөгө, акчага, башчы болууга болгон кумары бар адамдын жаны өрттөнөт.
Кимде бул кумар аз болсо, азыраак күйөт, көп болсо көп күйөт.
Уруш-талаштар ар дайым эки тирүү адамдын арасында
болуп келген. Тирүү менен өлүү арасында мындай уруш-талаш эч качан болгон эмес,
болуусу да мүмкүн эмес. Эки өлүктүн арасында да уруш-талаштын болуусу мүмкүн
эмес. Хазрети Раби бин Хайсам эч ким менен урушчу эмес, эч кимге катуу сөз
айтчу эмес эле. Бир күнү өзүнө катуу сөз айткан адамга: "Айткандарыңды
Аллаху таала угуп жатат. Эгер мен ортодогу өткөөлдөрдү өтүп Бейишке
кирсем сенин айткан сөздөрүңдүн мага зыяны жок. Сырат көпүрөсүнөн өтө албасам
сенин айткандарыңдан да жаман адам экенимди түшүнөм”, - дейт.
Хазрети Абдуллах Дахлави мындай дейт:
"Дин жолунда чындап илгерилегиси,
жогорулагысы келген чыныгы садык адам мурда кылган күнөөлөрүнөн уялып башын
көтөрө албайт, ар ишинде Аллахтан коркуп титирейт. Аллаху тааланын сүйүүсүнө
жеткирүүчү амалдарды аткарууга тырышат. Ар бир ишинде сабыр кылат. Адамдар
менен келише албай калганда, кыйналганда кемчиликти өзүнөн издейт. Ар деминде
Аллахты ойлойт. Гафлет менен өмүр сүрбөйт. Эч ким менен талашып-тартышпайт.”
Шайтан адамдын жанында гана эмес ичинде да болот.
Адамдын ичиндеги шайтаны – анын күч-кубатынын ашып-ташуусу. Кубаты көбөйгөндө
адамда текеберлик жана менменсинүү пайда болот. Жаман касиеттердин эң төмөнкүсү
– текеберлик. Текеберлик бардык жакшылыктарга кедерги болуу менен бирге бардык
кыйынчылыктардын да башы болуп саналат. Хазрети Имам Газали: "Жүрөк
периштелерге таандык мекен. Ал эми ачуулануу, шахват, хасад (көрө албоочулук),
текеберлик сыяктуу жаман мүнөздөр улуган итке окшойт. Ит болгон жерге
периштелер кирбейт. Хадиси шарифте: «Ит менен сүрөт болгон үйгө
периштелер кирбейт», - деп айтылат. Бул хадиси шарифтеги үйдүн жүрөк, иттин
жаман мүнөз экенин айтып жатканым жок. Ачык маанилерине ишенүү менен катар
жогорудагы маанилерин да кошуп жатам”, - деген.