- Тообонун акыйкаты – өткөн күнөөлөргө
өкүнүү, келе турчуларына истигфар кылуу жана кечиримин тилөө.
- Ар таңда жана кечте тообо кылбаган адам
өзүнө зулумдук кылган болот.
- Ыклас – бардык иштерди адамдарга жагынуу
үчүн эмес Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн орундоо.
- Аалымдын катасы капитандын катасына окшош.
Кеме чөксө аны менен бирге калган адамдар да чөгүшөт.
- Олуянын сухбатында болгон адам Аллаху
таалага жеткирген жолду табат.
- Үч күн өткөндө досуңузду издеңиз! Ооруп
калган болсо зыярат кылыңыз! Эгер бир иш менен алек болгон болсо жардам
кылыңыз!
- Сараңдык - бардык адамдар үчүн сүйкүмсүз
жана жийиркеничтүү сыпат.
- Оорулуу адамдын дары колдонуусу себеп
болуп саналат. Шифааны берет турчу Аллаху таала.
- Дүнүйө – фундаменти кыйынчылык үстүндө
курулган үй. Ал жерде кыйынчылык болбостон жашоо мүмкүн эмес.
- Орундуу сөз сүйлөгөн адам кечирим суроого
мажбур болбойт.
- Өзүн ашыкча мактаган адам башка адамды
дагы ошончолук жамандайт. Башка адамды ашыкча жамандаган адам өзүн дагы ашыкча
мактайт.
- Күнөө жана дүнүйөлүк сүйүү менен ооруган
көңүлдөрүңөрдү дүнүйөдөн сууп жана күнөөлөрдөн баш тартуу менен эмдегиле.
- Сабыр – бул Аллаху таалага таянып тынчтык
табуу жана башка түшкөн кыйынчылыкты көңүл кубанычы менен тосуу.
- Аллаху тааладан жана Анын досторунан бет
бурган көңүл ооруга чалдыккан.
- Мечиттер – Аллаху тааланын үйү. Зыярат
кылынгандын зыярат кылганга сый берүүсү улуу мартабасынан болуп эсептелет.
- Ким илим издесе үйрөнөт. Илим үйрөнгөн
адам күнөө кылуудан коркот.
- Ооздон чыккан жакшы-жаман ар бир сөздүн
эсеби бар.
- Жаханнамды билип турса дагы күнөө кылган
адамга таң калууга болот.
- Ким бидат ээлерин жактырса Аллаху таала анын
амалын жок кылат жана көңүлүнөн Ислам нурун чыгарат.
- Напсинин алдоосуна, дүнүйөнүн жалганчы
жана өткүнчү даамына берилген адам жакшылыктын даамын сезе албайт.
- Жакшы нерсе үйрөнсөңөр аны башка адамдарга
да үйрөткүлө! Ушундайча бул жакшылыктын жемиштеринен пайдаланасыңар.
- Сабак алына турчу окуялар абдан көп.
Бирок, булардан сабак алган адамдар өтө аз.
- Ким илимди издеп үйрөнсө күнөө иш кылуудан
качат. Күнөөдөн качкан адам болсо Кыямат күнү жазасынан кутулат.