Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Адамдын илими көбөйгөн сайын коркуусу да көбөйөт




Адамдын илими көбөйгөн сайын коркуусу да көбөйөт


Адамдын кадыры (аброю) илими жана адептүүлүгү менен өлчөнөт. Дүнүйө-мүлкү, мансабы же теги менен эмес. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам): «Адамдардын эң кадырлуусу – мусулмандардын аалымдары», - деп айткан.

Өзүн Аллаху таала ар убакта көрүп турганын билген адам күнөө кылуудан уялат, Анын азабы жана жазасынан катуу коркот. Кылган бардык нерселеринен Аллаху тааланын эсеп ала турганын билгени үчүн ар бир демин бошко кетирбейт. Хазрети Мавлана Жалаладдин Руминин аялы мындай баяндайт:

Кечире көр, йа, Раббим

«Бир күнү Хазрети Мавлана намазга турду. Ыкылас менен моюн сунган калыбында таазим жана урмат менен Курани карим окуп отурду, көздөрүнөн жаш агып турган эле. Үйдөгүлөр менен бирге анын бул абалына таң калып карап отурдук. Намаздан кийин адаттагыдай таспих тартып, узакка отуруп Аллаху таалага жалбарына дуба кылды. Анын бул абалы мага катуу таасир берди. Ыйлай баштадым. Ошондон кийин:

- Эй, мырзам, дүнүйө менен акыретте биз, күнөөкөрлөрдүн үмүтү - сизсиз. Көп ибадат кылсаңыз да ушунчалык коркуп, ыйлап жалбарынсаңыз, анда биз бул жагдайыбыз менен кыямат күнү эмне кылабыз? – деп сурадым. Ошондо ал:

- Аллаху тааланын мага берген ниматтарынын, сыйлыктарынын жанында менин ибадаттарым, жалбарынгандарым жана бардык амалым кемчиликтен башка

Адам напсин канчалык төмөндөтсө Аллах даргөйүндө кадыры ошончолук жогору көтөрүлөт. Өзүн кадырлуу, баалуу деп санаган адамдын Аллах даргөйүндө кадыры болбойт. Адамдын илими арткан сайын Аллаху тааладан коркуусу да артат. Күнөө кылууга батына албай турган болот. Ошондуктан, Пайгамбарлар карапайым болушчу. Аллаху тааладан катуу коркушчу эле. Аларда текеберлик, ужб (ибадаттары менен менменсинүү) сыяктуу жаман мүнөздөр болгон эмес. Фатр сүрөсүнүн 27-аятында: «Аллаху тааладан илим ээси гана коркот», -делинген.

Ким болсо да илими көбөйгөн сайын, олуялык даражасына жогорулаган сайын Аллаху тааладан коркуусу да көбөйөт. Хужурат сүрөсүнүн 13-аятында: «Аллаху тааланын даргөйүндө эң жогоруларыңар – Андан эң катуу коркконуңар», - деп айткан. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз "алейхиссалам” Аллаху тааланын сүйүктүүсү, Расулу жана кабыл кылынган кулу болсо да: «Аллаху тааланы эң жакшы тааныган жана Андан эң катуу корккон - менмин», - деген.

Пайгамбарыбыз асманда булут көрсө: «Йа, Раббим! Бул булут менен бизге азап жибере көрбө!», шамал жүрсө: «Йа Раббим! Бизге кайырлуу шамал жибере көр!», жана күн күркүрөсө: «Йа Раббим! Бизди ачууң менен өлтүрө көрбө, азабың менен курута көрбө жана мындан мурда бизге амандык бере көр!» - деп дуба кылуучу эле.

Пайгамбарыбыз намаз окуганында көкүрөгүнөн ыйлаган адамдын ичин тарткан сыяктуу добуш чыгчу эле. Кураны карим окуганында да ушундай абал болчу: «Менин көкүрөгүмдү көрсөңөр аз күлүп көп ыйлайт элеңер», - деп айтчу.

Дүнүйө – жөн гана көлөкө

Натыйжада адамдын акчасы көбөйгөн сайын душманы, ал эми илими көбөйгөн сайын Аллаху тааладан коркуусу көбөйөт. Багытын кабырга, акыретке бурган адам кандай кесип менен алектенсе да тынчтык табат. Ал эми багытын дүнүйөгө жана адамдарга бурган адам болсо иштебесе да дайыма кыйынчылык көрөт. Дүнүйөнүн харамдары менен макрухтарына берилбегендер, акырети үчүн кам көргөндөр акыреттеги өмүрүндө муктаждык көрбөйт. Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн кылынган кызматтарынын акысын, пайдасын дүнүйөдө да, акыретте да көрөт жана айланасындагылар аларды унутпайт.

Максаты, көздөгөнү дүнүйө болгон адамдын ибадатында да, дүнүйөсүндө да кайыры болбойт. Ар бир мүнөтү зыянда болот. Ээ болгусу келген дүнүйөсү, ар жолу эми ээ болдум дегенинде закымга окшоп алыстайт. Дүнүйө дегенибиз жөн гана көлөкө, бул көлөкөгө эч ким жете алган эмес, жетүү да мүмкүн эмес. Эгер дүнүйөдөн жүз бурсак, жарыкка карай бурулсак, көлөкө артыбызда калат. Биз качкан сайын ал кууп, бирок, бизге жете албайт. Хазрети Яхья бин Муаз Разид айткандай: "Аллаху тааланы канчалык жакшы көрсөң бардыгы сени ошончолук жакшы көрүшөт. Аллаху тааладан канчалык корксоң, бардыгы сенден ошончолук коркот. Аллаху таалага канчалык кулчулук кылсаң, бардыгы сага ошончолук жардам кылат.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш