Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Кайгылуу адамдардын дубасы кабыл болот




Кайгылуу адамдардын дубасы кабыл болот


Даанышман заттар мындай дешкен:

Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Оору – Аллаху тааланын моюнга сала турчу арканы, ал эми кедейлик болсо – зынданы. Мунун экөөнү тең сүйүктүүлөрүнө берет”, - деген. Кээ бир олуялар оорунун ыздырабына чыдай албай, чарасыз калган кездеринде "Ирхам йа Рабби – Мага мээримдүүлүк кыл, йа Раббим” деп Аллаху таалага сыйынышчу. Мусулмандар ушундай кылуулары керек. "Мен кайгылуу, көңүлү ооруган адамдын жанындамын” деген хадиси кудси "Оорулуулардын, дарттуулардын, береселүү адамдардын дубаларын кабыл кыламын” деген сөз. Көңүлү ооруган адамдардан дуба алууга аракет кылуу керек.

Буйрук берген сыяктуу "Мага дуба кыл!” деп кыйнап дуба кылдыруу туура эмес. Бизге дуба кылуу ал адамдын көңүлүнөн каалап чыга тургандай бир аракет жасоо керек. Бирок, мындай дуба алуу оңой эмес. Негизинде кабыл боло турганы, туурасы дагы мына ушул.

Убайдуллах Ахрар хазреттери ар көрүшкөн адамынан дуба алчу эле. Бир күнү базардан керектүү нерселерин алып жатканда сатуучунун дубасын албастан айылына кайтып кетет. Ошентип, кайрадан ошол кишинин жанына барып, андан дуба суроону унуткандыгы үчүн кайтып келгендигин айтканда алиги киши колдорун ачып: "Йа Раббим, бул адамдын көңүл көзүн ач!” – деп дуба кылат. Убайдуллах Ахрар хазреттери ошол даражасына мына ушул дуба аркылуу жетти.

Көпчүлүктүн сүйүктүүсү, кадырлуусу болгон атактуу бир адам бир олуяны зыярат кылып келет. Сухбатташып отурганда ал адам: "Мырзам, бул кандай болгону? Мен атак-даңкы, мансабы жогору болсо да башкаларды мындай урматтабаймын, бирок, сиздин атыңыз аталар замат урматтаймын жана ичимен сизге деген мээримим келет”, - деп сурайт. Олуя киши эненин дубасын алуунун маңызын айтып берип, мындай дейт:

"Алты жашымда илим үйрөнө баштадым. Энем кайтыш болгон күнгө чейин бир да жолу колун сүйбөстөн үйдөн чыкпадым. Бир күнү автобуска кечигип жаткан элем. Шашылыш менен үйдөн чыгып кетип, жарты жолго жеткенде энемдин колун сүйбөгөндүгүм эсиме түштү. Дароо артка кайттым. Үйгө келгенимде энем: "Эмне болуп кетти, бир нерсе унуттуңбу?” – деп сурады. "Ооба, өтө маанилүү бир нерсени унуттум. Колуңузду сүйүүнү унутупмун”, - дедим. Буга энем: "Акылыңан адаштыңбы балам, автобус кетип калды да”, - деди. Мен: "Кетсе кете берсин, колуңузду сүйөйүн”, - дедим. Энем колундагы ачкычты жерге таштап, колун жайып, "Йа Раббим, мен баламан ыраазымын, сен да ыраазы бол!” – деп көзү жашылданып дуба кылды. Мына ушул дубанын аркасында көптөгөн ниматтарга жеттим.”

Бул өмүрдөн өткөн адамдарды дагы унутпоо керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Өлгөн адамдын мазардагы жагдайы "жардамга!” деп кыйкырган, деңизге кулап түшкөн адамдын жагдайына окшойт. Чөгөйүн деп турган адам өзүн куткара турган адамды күткөндүгү сыяктуу өлгөн адам дагы атасынан, энесинен, туугандарынан, досторунан келе турчу дубага үмүт кылат”, - деген. Жок дегенде Фатиха сүрөсүн окуу керек. Эгер биз өткөндөрүбүзгө окусак, бизден кийинкилер дагы биз үчүн окушат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш